Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Гадоев: Тажик бийлиги мени уурдап кеткен


Шарофиддин Гадоев, 5-март, 2019-жыл
Шарофиддин Гадоев, 5-март, 2019-жыл

Тажикстандык оппозиционер Шарофиддин Гадоев уурдалып, кыйноого кабылганын айтып чыкты.

Анын видео билдирүүсү 5-мартта "Youtube" каналына жарыяланды. Анда Гадоев тажик күч кызматкерлери аны "уурдап кетип кыйнаганын жана коё берүүдөн мурда бийликти даңазалаган видеого тартылууга мажбурлашканын" билдирген.

Быйыл февралда Тажикстанда күтүүсүз пайда болгон активист эл аралык коомчулуктун аракетинен кийин, марттын башында Нидерландга кайтып барган.

Тажикстандык белгилүү оппозициялык активист Шарофиддин Гадоевдин видеобилдирүүсүн 5-мартта "Тажикстандын улуттук оппозициялык альянсы" "Youtube" каналына жайгаштырды. Анда Гадоев тажик күч кызматкерлери өзүн уурдап, кыйнаганын, мажбурлоо менен бийликти жактаган видеого тартканын билдирди.

- Мени Москвадан уурдап кетишти. Тажик бийлигинин бул кылганы мыйзамсыз. Эгер силер болбосоңор мен бошотулмак эмесмин. Камакта жатмакмын, - деген Шарофиддин Гадоев Нидерландга журналисттер, укук коргоо уюмдары жана Батыш мамлекеттери, дипломаттардын көмөгү менен чыгып кеткенин кошумчалады.

Шарофудин Гадоев бозгундагы тажик оппозиционери Мухиддин Кабири менен Франкфурт аэропортунда. Германия, 2-март, 2019-жыл.
Шарофудин Гадоев бозгундагы тажик оппозиционери Мухиддин Кабири менен Франкфурт аэропортунда. Германия, 2-март, 2019-жыл.

​Гадоев Тажикстандан 2012-жылы чыгып кетип, акыркы жылдарда Нидерландда башпаанек алып жашап жүргөн. Быйыл февралда Орусияга сапарга баргандан кийин Тажикстанда табышмактуу жагдайда пайда болгону талкууга түшкөн.

"Хьюман Райтс Вотч" укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча эксперти Стив Свердлоу Гадоев Москванын аэропортунан кармалып, Тажикстанга күчтөп жеткирилгенин кабарлаган. Анын айтымында, Гадоев Москва аэропортунда элди жардамга чакырууга аракет кылганда тажикстандык күч кызматкерлери аны катуу сабап, оозун скотч менен чаптап коюшкан.

Свердлоу Гадоевдин февралда Тажикстанда экени ачыкка чыккандан кийин анын өз эрки менен барганына ишенүүгө болбой турганын айтып келген.

- Шарофиддин Гадоевди уурдап кетишти. Тажикстанда аны ойдон чыгарылган айыптар күтүп турат. Тажик бийлигин сындап жүргөндөрдүн Орусиядан кармалып, Тажикстанга мажбурланып жеткирилген учурлары мурда да болгон.

Шарофиддин Гадоев өзү 6-мартта Прагадагы "Ахбор" агенттигине маек берип, тажик бийлиги ага бир нече шарт койгонун айтып берди.

- Тажикстандын Коопсуздук кызматы үч сунуш айтты. Биринчиси - алар мени өлтүрүшмөк же 25 жылга түрмөгө отургузмак. Мындай болушун каалабасам, өздөрү менен иштешүүм керектигин талап кылышты. Өмүрүмдү сактап калуу үчүн мен үчүнчү сунушту тандадым.

15-февралда Европада бозгунда жүргөн Гадоевдин Дүйшөмбүдө күтүүсүз пайда болгону таңдануу жараткан. Тажик бийлиги ал «өз эрки менен кайтып келгенин» билдирген.

Гадоев энеси жана эжелери менен, Дүйшөмбү, 2-март, 2019-жыл.
Гадоев энеси жана эжелери менен, Дүйшөмбү, 2-март, 2019-жыл.

Тажик оппозициясы менен укук коргоочулардын тынчсыздануусунан улам Шарофиддин Гадоевдин Дүйшөмбүгө кайтып келиши боюнча Нидерланддын бийлиги да иликтөө баштаган.

Көп өтпөй, 2-мартта тажик оппозиционери Дүйшөмбүдөн Франкфурт шаарынын аэропортуна учуп келгенин «Фейсбук» аркылуу өзү жарыялады. Азырынча тажик тарап оппозиционер кайра мекенинен кантип чыгып кеткени тууралуу эч кандай маалымат бере элек. Гадоев мүчө болгон "Группа 24" оппозициялык тобу Тажикстанда 1992-жылдан бери бийлик тизгинин кармап турган президент Эмомали Рахмонду сындап келген.

33 жаштагы Шарофиддин Гадоев аталган кыймылды 2015-2016-жылдары жакын тууганы Умарали Кувватов Стамбулда киши колдуу болгон соң жетектей баштаган. Кийинчерээк уюмдун ичинде жик кетип, “Тажикстандагы реформа жана өнүгүү” деген кыймыл түзгөн. Ал уюм өлкөдө тыюу салынган Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири жетектеген "Тажикстан улуттук альянсына" кошулган. “Группа 24” тобу 2014-жылы элди бийликке каршы нааразылыкка чакыргандан кийин коңшу өлкөдө “экстремисттик кыймыл” деп таанылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG