Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Жоголгон активист Европада табылды


Шарофиддин Гадоев. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Шарофиддин Гадоев. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Эки аптадан бери кайда экени так белгисиз тажик оппозиционери ишембиде күтүүсүз жерден Германияга келгени белгилүү болду. Бир нече жылдан бери мекенинен сыртта жүргөн Шарофиддин Гадоев 14-февралда табышмактуу жагдайда Дүйшөмбүдө табылган эле.

Тажик оппозициясынын бозгунда жүргөн активисттеринин бири Шарофиддин Гадоев күтүлбөгөн жерден Европада пайда болду.

Ал 2-мартта Дүйшөмбүдөн Франкфурт шаарынын аэропортуна учуп келгенин “Фейсбук” аркылуу өзү жарыялады. Анын жанында Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын лидери Мухиддин Кабири турду.

Шарофудин Гадоев Мухиддин Кабири менен Франкфурт аэропортунда, 2-март, 2019-жыл.
Шарофудин Гадоев Мухиддин Кабири менен Франкфурт аэропортунда, 2-март, 2019-жыл.

"Менин тагдырыма кайдыгер карабаган бардык адамдарга ыраазымын" - деди оппозиционер. - Менин таламымды талашкан уюмдарга жана өлкөлөргө ыраазычылык билдирем" - деген Гадоев чукул арада иштин жагдайын чечмелеп берерин кошумчалады.

“Тажикстандагы реформа жана өнүгүү” кыймылынын башчысы Алишер Абдурахманов Гадоевди Франкфурттун аэропортунан өз көзү менен көргөнүн “Азаттыктын” тажик кызматына ишембиде ырастады.

Гадоевдин тарапташтарынын бири Сулаймон Давлатов 2-мартта оппозициялык активистти аэропортто Нидерланддын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү тосуп алганын кабарлады.

Андан мурда Тажикстанда тыюу салынган “Группа 24” кыймылынын мүчөлөрү Голландияда саясий качкын макамын алган активист Германияга учуп кеткенин далилдеген сүрөттөрдү жана видео жарыялашкан.

Гадоев энеси жана эжелери менен, Дүйшөмбү, 2-март, 2019-жыл.
Гадоев энеси жана эжелери менен, Дүйшөмбү, 2-март, 2019-жыл.

Саясий кыймылдын мурдагы мүчөсү Файзулложон Сафаров “Азаттыктын” тажик кызматы менен болгон маегинде оппозиционерди ишембинин таңында Франкфуртка кеткен учакка салышканын айтып берген. Ал тажик бийлиги Гадоевге “мунапыс берген соң Европага кайтууга жол ачылды” деп боолголойт.

Азырынча тажик бийлиги бозгунда жүрүп, кайдан-жайдан пайда болгон оппозиционер кайра мекенинен кантип чыгып кеткени тууралуу эч кандай маалымат бере элек. Гадоевге мунапыс берүү маселесин караган Башкы прокуратура да азырынча үн ката элек.

“Азаттыктын” тажик кызматынын өлкөнүн күч органдарындагы булагы “Шарофиддин Гадоев эркиндикте эле жүргөнүн” айтты.

21-февралда Нидерланд бийлиги Дүйшөмбү Амстердамга Шарофиддин Гадоев кармалганы тууралуу маалымат бергенин билдирген.

"Хьюман Райтс Уотч", Хельсинки комитети, Борбор Азиялык мигранттар ассоциациясы жана Борбор Азиядагы адам укуктары биримдиги тажик бийлигинен Гадоевди бошотууну талап кылып, ал тезинен качкын макамын берген өлкөгө кайтышы керектигин эскерткен.

Чет өлкөдөгү тажик оппозициясы Гадоев Европага келмейинче анын эркиндикте экенине эч ким ишенбейт деп көшөрүп турду. Алар оппозициянын жана эл аралык укук коргоочу уюмдардын “басымы менен гана тажик бийлиги Гадоевди бошотту” деп санашат. Ошондой эле анын камалбай чыгып кетишине бир катар Батыш өлкөлөрүнүн элчиликтери катуу киришкенин да белгилешет.

Интернетке тараган видеодо Гадоевди Душанбе аэропортунан энеси менен эжеси узатып жатканы көрүнөт.

Дүйшөмбүгө карай сырдуу сапар

Бозгундагы активисттин 15-февралда күтүүсүздөн Дүйшөмбүдө пайда болуп калышы - ал өз каалоосу менен келдиби же мажбурлап алып келиштиби деген карама-каршы пикирлерди жараткан.

Коңшу өлкөнүн бийлиги чет өлкөдө узактан бери жүргөн активист Тажикстанга 15-февралда өз ыктыяры менен келип, баш калаанын аэропортунда милицияга багынып бергенин билдирген. Ошондой эле "күнөөсүн мойнуна алганы үчүн ага мунапыс бериле турганы" да айтылган.

Бирок тажик оппозициясы жана “Хьюман Райтс Уотч” укук коргоо уюму 14-февралда Гадоевди Москвада атайын кызматтын адамдары кармап, Дүйшөмбүгө кеткен учакка күчтөп салып беришкенин маалымдаган.

"Тажикстандын улуттук альянсы" оппозициялык кыймылы 19-февралда Гадоев Орусияга жөнөгөнгө чейин жаздырылган делген видеону жарыялаган. Анда активист өз эрки менен эч убакта Тажикстанга барбай турганын айтат.

- Бул сапарым учурунда тажик атайын кызматтары мени өлтүрүп же уурдап кетиши мүмкүн. Ошондуктан тажик телеканалында же кайсы бир YouTube каналда мен тууралуу видео жарыяланып калса, ага ишенбеңиз. Анткени ал кыйноо жана басым аркылуу жасалышы мүмкүн. Мен өз каалоом менен Тажикстанга эч качан кайтып барбайм.

14-февралдан бери Гадоевдин кайда экени тууралуу эки ача маалымат чыгып жатты. 21-февралда Интернетке жарыяланган видеодо оппозиционер коңшү өлкөнүн Фархор районундагы жакындары менен коштошуп жатканы гана тартылган.

Ошентип бүгүнкүгө чейин Гадоевдин табышмактуу сапарынын сыры белгисиз. Анын Дүйшөмбүгө барганынан да кайра кантип Европага жеткени бүйүр кызыткан суроолорду пайда кылууда.

33 жаштагы Шарофиддин Гадоев "Группа 24" кыймылын 2015-2016-жылдары жакын тууганы Умарали Кувватов Стамбулда киши колдуу болгон соң жетектей баштаган.

Кийинчерээк уюмдун ичинде жик кетип, “Тажикстандагы реформа жана өнүгүү” деген кыймыл түзгөн. Ал уюм өлкөдө тыюу салынган Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири жетектеген "Тажикстан улуттук альянсына" кошулган. “Группа 24” тобу 2014-жылы элди бийликке каршы нааразылыкка чакыргандан кийин коңшу өлкөдө “экстремисттик кыймыл” деп таанылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG