Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Сирия сүйлөшүүлөрүнүн “акыркы үмүтү”


Сирия сүйлөшүүлөрүнүн башталышы. Вена, 25-январь, 2018-жыл.
Сирия сүйлөшүүлөрүнүн башталышы. Вена, 25-январь, 2018-жыл.

Венада Бириккен Улуттар Уюму ортомчулук кылган Сирия сүйлөшүүлөрүнүн тогузунчу айлампасы өтүп жатат. Франция бул сүйлөшүүлөрдү саясий мунаса табуунун “акыркы үмүтү” деп мүнөздөдү. Орусия болсо Сочи шаарында Сирия маселесин талкуулаган өзүнчө жыйын уюштурганы турат.

Венадагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын чабарманы Стефан де Мистура алгач Сириянын өкмөттүк делегациясы менен, андан соң Сириянын оппозициясы менен жолукту.

Бул жолку жыйында жети жылдан бери жарандык согуш жүрүп жаткан Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөнүн болочок Конституциясы талкууланат деп кабарланган.

Бейшембидеги сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Башар Асаддын өкмөтүнүн делегациясын жетектеп келген Башар ал-Жафари "жолугушуу жакшы болду" деп айтуу менен гана чектелди. Сириянын оппозициясы болсо талаптарынан кайтпай турганын ишара кылгандай болду.

"Улуттар Уюмунун атайын чабарманы айткандай, бул абдан маанилүү сүйлөшүү. Биз Сириянын эркин, демократиялуу жана качкындардын кайтышы үчүн коопсуз өлкө болушу үчүн аракетибизди уланта беребиз",-деди Сирия оппозициясынын өкүлү Яхя ал-Ариди.

Сириянын Хомс шаары
Сириянын Хомс шаары

Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн сегизинчи айлампасы өткөн айда Женевада өтүп, анда тараптар эч кандай макулдашууга жетише алышкан эмес. БУУнун чабарманы жыйындардын жыйынтыксыз аяктап жатканын Сириянын өкмөттүк делегациясы оппозиция кабыл алгыс талаптарды коюп жатканы менен түшүндүрүп келет. Себеби өкмөттүк делегация Сириядагы болочоктогу саясий макулдашууларда президент Башар Асаддын ролу сөзсүз белгилениши керек деген талабынан кайтпай турат. Оппозиция болсо Асад бийликтен кетиши керек деп эсептейт.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Венадагы сүйлөшүүлөрдү Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн “акыркы үмүт” деп мүнөздөдү.

Венадагы сүйлөшүү Түркия Сириянын күрттөр көзөмөлдөгөн Африн аймагында бир жумадан бери аскерий операциясын жүргүзүп жаткан учурга туш келди.

Бириккен Улуттар Уюму ортомчулук кылган бул сүйлөшүүлөрдөн үч күн өткөндөн кийин - 29-30-январда Орусия Сочиде өзүнчө жыйын уюштурганы жатат.

Сириянын оппозициясы бул жыйынга катышарын же катышпасын азырынча чече элек. Орусиянын мындай сүйлөшүүлөрүн Түркия менен Иран колдоп жатат. Ошентсе да Батыш өлкөлөрүндө Москва БУУнун Сирия боюнча сүйлөшүүлөрүн тоготпой жатат деген сындар да байма-бай айтылып келет. Бирок Орусия Сочидеги сүйлөшүүлөр БУУнун жыйындарын тескерисинче конкреттүү жыйынтыктар менен бекемдей турганын айтып жатат.

"Сочидеги "Сириянын улуттук диалог конгресси” Женева сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна шарт түзөт. Ар дайым алдын ала талаптарды, анын ичинде режимдин өзгөрүшү сыяктуу талаптарды коё берген Сириядагы радикалуу оппозицияны аны көзөмөлдөгөндөр тартипке салат деп ойлойбуз",-деп билдирген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган.

Орусия, Иран жана Түркия буга чейин Казакстандын борбору Астанада бир нече жолу Сирия маселесин талкуулап, Сирияда деэскалация зоналарын түзүүнү макулдашышкан.

Жети жылга созулган жарандык согушта Иран менен Орусия президент Башар Асаддын өкмөтүн, Түркия менен АКШ эки башка көтөрүлүшчү топторду колдошкон.

2014-жылы согуш күчөп турган учурда "Ислам мамлекети" радикал тобу Сириянын бир катар аймактарын ээлеп алган. Бирок Асаддын өкмөтү жана АКШдан колдоо алган күрт-араб күчтөрү согушкерлерди өлкөнүн негизги очокторунан сүрүп чыгарышты.

Сирияда жарандык согуш 2011-жылдын жазында демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылып чыккан демонстранттарды президент Башар Асаддын режими күч менен басууга аракет кылгандан тартып башталган. Согушта азыркыга чейин 330 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылып, алты миллиондой адам өлкөнүн сыртына качып чыгып, 5 миллиондой киши өлкө ичиндеги качкынга айланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG