Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Африн операциясынын алтынчы күнү


Африндин түндүгүндөгү Түркия колдогон "Эркин Сирия армиясынын" мүчөлөрү, 23-январь 2018-жыл.
Африндин түндүгүндөгү Түркия колдогон "Эркин Сирия армиясынын" мүчөлөрү, 23-январь 2018-жыл.

Түрк президенти Сириянын Африн аймагындагы күрт кошуундарына каршы аскерий операцияны улантууга убада берди. Укук коргоочулар түрк армиясы менен күрттөрдүн аткылашууларынан ондогон жайкын тургундар өлгөнүн айтып чыгышты.

Түрк күчтөрү Сириянын Түркия менен чектешкен Африн аймагындагы күрт кошуундарына алтынчы күн катары менен сокку уруп жатат. 24-январда АКШнын президенти Дональд Трамп түрк лидери менен телефондон сүйлөшүп, Түркиянын Сириядагы жаңы операциясы эки өлкөнүн орток максаттарына кедергисин тийгизет деп эскертти. Ал Түркияны Сириядагы түрк-америка күчтөрүнүн ыктымал кагылышууларын алдын алууга да чакырды.

Бирок Анкара өнөктөштөрүнүн мындай тынчсызданууларына карабай Сириядагы "Элдик коргонуу кошууну" сыяктуу күрт топторун бутага алган операциясын уланта беребиз деп убада кылып жатат.

"Мен миңдеген балдар менен аялдардын, бейкүнө адамдардын канына забын болгон бул уюмду колдогондордун, Түркияны баскынчы деп атагандардын күртчүл саясатынан гана эмес, адамгерчилигинен күмөн санайм",-деди 24-январда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Түркия Сириянын түндүк-батышындагы “Зайтун бутагы” деп аталган аскерий операциясын 20-январда баштаган. Түрк армиясы бул аймактан күрт кошуундарын сүрүп чыгып, 30 чакырымдык "коопсуз тилке" түзүүнү көздөп жатат.

Орусия түрктөрдүн жаңы операциясына жакындан көз салып жатканын, түрк жана Cирия өкмөттөрү менен байланышта экенин билдирди. Президент Башар Асаддын өкмөтү болсо бул операцияны "Түркиянын Африндеги баскынчылыгы" деп атады.

Түркияда жана бир катар мамлекеттерде соңку операцияны айыптаган нааразылык акциялары өтүп жатат. Алардын бири шаршембиде Кипрде да болду.

"Түрк армиясы Афринге сокку уруп жатат. Бул күрттөрдүн шаары. Аларды "Демократиялык союз партиясы" көзөмөлдөйт. Алар көптөгөн жайкын тургундардын өлтүрүштү",-деди Никосия шаарындагы акцияга катышкан күрт активисти Азад Бакер.

Кипрдеги нааразылык акциясына катышкан күрт кызы, 24-январь 2018-жыл.
Кипрдеги нааразылык акциясына катышкан күрт кызы, 24-январь 2018-жыл.

Айтмакчы, баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы да алты күн ичинде Африн аймагында ондогон бейкүнөө адамдар мерт болгонун билдирип чыкты. Уюмдун маалыматы боюнча, Түркиянын аба чабуулдары менен артиллериялык аткылоолорунан 28, күрттөрдүн аткылоолорунан Сириянын оппозиция көзөмөлдөгөн Азаз шаарында эки жайкын тургун каза тапты. Түрк өкмөтү операция башталгандан бери эки аскери шейит кеткенин кабарлады.

Сириядагы саны эки миллиондон ашуун деп эсептелген күрттөрдүн саясий жана аскерий бирикмелери азыр өлкө аймагынын 25%дан ашуунун көзөмөлдөйт. Алар Сириянын аймагында автономияга ээ болууну көздөшөт.

“Элдик коргонуу кошууну” (YPG) жана “Демократиялык союз партиясы” (PYD) сыяктуу күрт топтору “Ислам мамлекети” радикал тобун Сириядагы бир нече шаарлардан, анын ичинде согушкерлер баш калаа кылып алган Ракка шаарынан сүрүп чыгышкан.

Түрк бийлиги Сириядагы күрттөрдүн кошуундарын Түркияда 1984-жылдан бери автономия үчүн күрөшүп келе жаткан "Күрт жумушчулар партиясынын" (PKK) бир бөлүгү деп эсептейт.

Сирия менен 900 чакырымдай чек арасы бар Түркиянын буга чейинки Эфрат калканы операциясы сегиз айга созулган. Анда түрк армиясы “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүү жана күрт күчтөрүнүн жайылышын алдын алуу үчүн Сириядагы оппозициячыл күчтөргө, тактап айтканда “Эркин Сирия армиясына” көмөк көрсөткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG