Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

АКШнын күчтөрү Сирияда кала берет


АКШ армиясынын офицери Сириянын күрттөр байырлаган Дерик шаарында. 25-апрель, 2017-жыл.
АКШ армиясынын офицери Сириянын күрттөр байырлаган Дерик шаарында. 25-апрель, 2017-жыл.

Америкалык аскерлер Сирияда чектелбеген убакытка кала берет. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон шаршембиде билдирди. Ал арада Түркия Вашингтондун Сирияда 30 миң кишиден турган коопсуздук кошуундарын түзүү планына каршы чара көрүүгө камынып жатканы белгилүү болду.

Кошмо Штаттардын башкы дипломаты 17-январда Стэнфорд университетинде сүйлөгөн сөзүндө Сириядагы америкалык аскерлердин максаты тууралуу ачык маалымат берди. Рекс Тиллерсон АКШнын күчтөрү дээрлик жети жылдан бери жарандык согуш жүрүп жаткан Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөдө чектелбеген убакытка кала берерин, алар биринчи кезекте "Ислам мамлекети" радикал тобунун тамырын кыркууну жана согушкерлердин кайра баш көтөрүшүнүн алдын алууну көздөөрүн айтты.

- Биздин Сириядагы вазийпабыз аймактагы кырдаалга байланыштуу болот. Биз 2011-жылдагы каталарды кайталай албайбыз. Биздин Ирактан эрте чыгып кеткенибиз бул өлкөдө "Ал-Каиданын" гүлдөп өсүшүнө, акыры анын "Ислам мамлекети" тобуна айланышына шарт түзгөн. Аймактагы боштук террорчул уюмдаргө өлкөгө будуң-чаң салууга мүмкүнчүлүк берген.

Тиллерсон Сириянын президенти Башар Асадды "киши өлтүргөн адам" деп мүнөздөп, АКШнын күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кетсе, Асаддын ырайымсыздыгы улана берерин айтты. Ушундан улам ал АКШ Асаддын ордуна жаңы лидерлер келишин камсыз кылууну, Сириядагы Ирандын таасирин азайтууну көздөп жатканын кошумчалады.

Рекс Тиллерсон.
Рекс Тиллерсон.

​- Ирандын зыяндуу таасирин азайтуу маселеси Сириядагы демократияга көз каранды. Башар Асад башкарган Сирия узак жылдардан бери Ирандын кардары болуп калган. Асад көзөмөлдөбөгөн өкмөт түзүлсө, андай өкмөттүн өлкө аймагында жаңы мыйзамдуу ыйгарым укуктары болот.

Кошмо Штаттар Сирияга 2 миң жөө аскерин жана аскердик учактарын жөнөткөн. Американын колдоосу менен басымдуу бөлүгүн күрттөр түзгөн "Сириянын демократиялык күчтөрү" кезинде "Ислам мамлекети" радикал тобу өзүнүн баш калаасы деп жарыялаган Сириядагы Ракка шаарын согушкерлерден бошоткон.

Учурда Вашингтон Сириядагы күрттөргө өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарды коргош үчүн 30 миң кишиден турган "коопсуздук кошуундарын" түзүүгө жардам берип жатат. Бул аймактар Сириянын Түркия жана Ирак менен чек арасына жакын жайгашкан.

АКШнын мындай планына Түркия, Орусия, Иран жана Сирия өкмөтү каршы чыккан. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган жуманын башында Анкарадагы митингде сүйлөгөн сөзүндө Кошмо Штаттардын демилгеси менен уюштурулуп жаткан кошуундар “жарала электе эле жок кылынат” деп эскерткен.

"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" жоокери.
"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" жоокери.

Президенттин бул сөзүн улай Түркия Сирия менен чек арасына аскердик күчтөрүн топтоп жатканы белгилүү болду. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Анкара Сириянын чек арага жакын жайгашкан Африн жана Манбиж аймактарына кирип барууга камынып жатканын 18-январда ишарат кылды.

Африн Сирияда 2011-жылы жарандык согуш тутангандан бери күрт кошуундарынын көзөмөлүндө турат.

Бекир Боздаг.
Бекир Боздаг.

​- Азыр Түркиянын сабыры түгөнүп баратат. Мындан кийин эч ким Түркиядан сабырдуулукту талап кыла албайт. Түрк өкмөтү бул маселеде бардык керектүү чараларды көрүүгө белсенип турат, - деп билдирген Түркиянын өкмөт башчысынын орун басары Бекир Боздаг 17-январда.

Сириядагы согушта Орусия менен Иран президент Башар Асадга жардам берип жатышат. Түркия АКШ менен кошо Асаддын кетишин талап кылган оппозициячыл күчтөрдү колдогон. Соңку жылдары түрк бийлиги Орусиянын жана Ирандын демилгеси менен өтүп келе жаткан Сириядагы жаңжалды жөнгө салууну көздөгөн Астана сүйлөшүүлөрүнө катышып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG