Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Сирия: сентябрда курмандыктар көбөйдү


Идлиб. 25-сентябрь, 2017-жыл.
Идлиб. 25-сентябрь, 2017-жыл.

Сентябрь Сирия үчүн жыл башынан берки эң кандуу ай болду. Балдар, аялдар баш болгон карапайым адамдарды жана жоочуларды кошкондо отуз күндө 3055 адам өлгөн.

Сириянын түндүк батышындагы Арманаз шаарында (Идлиб провинциясы) 30-сентябрга оогон түнкү чабуул 28 кишинин өмүрүн алды. Өлгөндөр жана жарадарлар арасында балдар да бар.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына караганда, жалпысынан сентябрь айында өлгөндөрдүн 207си балдар. Башкеңсеси Британияда жайгашкан бул уюм Сириядагы курмандыктарды, аскердик кылмыштарды жана башка маалыматтарды топтоп, документтештирет.

Уюмдун дагы бир эсебине ылайык, сентябрда Сирия өкмөтү жана аларды колдогон Орусиянын чабуулдарынан 395 карапайым адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми АКШ баштаган эл аралык коалициянын соккулары учурунда 282 тургун мерт болушкан.

Обсерватория жетекчиси Рами Абдел Рахман кыргынды "эки тараптын тең жоочуларга каршы операциясынын, ошондой эле орусиялык жана Сирия өкмөттүк күчтөрүнүн козголоңчулар жашаган аймактарга чабуулунун күчөшүнөн улам" деди.

Бул маалыматтарга карабай, Орусия тынчтык үчүн шарттар түзүлүп калды деп ынандырууда:

- Сириядагы жарандык согушту токтотуу, террорчуларды биротоло жоготуу жана сириялыктардын мекениндеги тынч турмушуна кайтышы үчүн чынында зарыл шарттар түзүлүп калды. Бул сириялыктар же чөлкөмдөгүлөр үчүн эле эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн маанилүү болгон принципиалдуу маселе, - деди өткөн бейшембиде Анкарага барган учурунда орус президенти Владимир Путин.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

Бирок ошол эле өткөн жумада өкмөттүк күчтөр жана Орусиянын аба чабуулдарынан улам бир апта ичинде 150 чамалуу киши өлгөнүн Сирия оппозициясы айтып чыккан. Ал чабуулдар учурунда гуманитардык миссия аткарып жаткан кеңселер да жабыркаганын Кошмо Штаттардын Сириядагы өкүлү Ян Эгеланд билдирди:

- Өткөн жумада Идлибде кеминде беш оорукана, эки гуманитардык кампа жана кеңсеге чабуул болгон. Алардагы кызматкерлер жарым миллион адамды тейлечү.

Деген менен Орусия Коргоо министрлиги карапайым адамдарды бутага албаганын, жоочулар менен гана күрөшүп жатканын белгилөөдө. Өткөн жуманын башында жоочулар өкмөт көзөмөлүндөгү Хама провинциясына чабуул коюшкан. Ошондон соң өкмөттүк күчтөр менен Орусия алты айдан бери басаңдап турган аба операцияларын кайра күчөткөн.

Сириядагы орусиялык аскерлердин автокербени.
Сириядагы орусиялык аскерлердин автокербени.

Бирок Бириккен Улуттар Уюму каратаман адамдардын өмүрүн кыйган ал операцияларды сынга алды. Мындан тышкары согушкан тараптар байкоостон жарандарды жана медициналык мекемелерди атып албашы үчүн аларды коргой турган система түзүүгө чакырды. АКШ өкүлү да ошондой система азыр эң зарыл болуп турганын белгилөөдө.

Эң ириде гуманитардык кызмат көрсөткөндөрдү жана аймактагы жарандарды коргоо зарылчылыгы жаралып жатканда, ал чөлкөмгө качкындарды кайра кайтаруу мүмкүнчүлүгү жаралды деген Орусиянын билдирүүсүн ошентип Батыш менен БУУ ырастай элек.

Алты жылга созулган Сириядагы жарандык согушта 330 000дей адам өлдү. Жүз миңдегени жарадар болушту. 5 миллиондон ашууну тынч жай издеп качкынга айланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG