Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Ирак Талл-Афар шаарын жоочулардан бошотту


Талл-Афар шаарына жиреп кирип бараткан өкмөттүк күчтөр. 22.8.17.
Талл-Афар шаарына жиреп кирип бараткан өкмөттүк күчтөр. 22.8.17.

Ирак армиясы өлкөдөгү "Ислам мамлекети" радикал уюмунун стратегиялык базасы катары саналган Талл-Афар шаарын жоочулардан тазалашканы кабарланууда. Мосулдан 55 чакырым алыстыкта жайгашкан бул калаа үчүн айыгышкан уруш бир аптадан ашык жүрдү.

Талл-Афар шаарын өздөрүн "исламчы" деген жоочулардан бошотуу үчүн аскердик аракеттер 20-августта башталган. Жекшембиде (27-августта) Ирактын өкмөттүк күчтөрү калаанын чок ортосундагы имараттын үстүнө Ирактын туусун көтөрүштү. Азырынча жеңиш тууралуу расмий жарыялана элек.

Шаар ирактык армиянын карамагына өткөнүн премьер-министр Хайдар Жавад ал-Абади жарыялай тургандыгын өлкөнүн жаңы коргоо министри Урфан ибн Мухаммад ал-Хийали ишембиде айткан.

Министр эки күн мурда Талл-Афардагы тогузунчу дивизиянын штабына келип, аскерий жетекчилер менен жолугушкан.

- Душман биздин аскерлерге каршы тура албайт. "Ислам мамлекети" радикал уюмунун жоочулары алынан тайышты. Биздин жоокерлер алдыга гана баратышат. Кудайдын буйругу менен Талл-Афар жакын арада толук тазаланат. Шаардын куткарылышы тууралуу куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы, премьер-министр өзү жарыялайт, - деди министр ал-Хийали.

Ирактагы баш калаа Багдаддан кийинки эле экинчи чоң шаар Мосул "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жоочуларынан толук бошотулгандан кийин, калган жоочулар Сирия менен чек арага жакын жайгашкан Талл-Афар шаарына топтолушкан.

Бул калаа 2014-жылдан бери радикал топтун стратегиялык базасы катары эсептелет. Болжол менен ушул тапта аталган шаарда эки миңдей жихадчы жана 10 миңден 40 миңге чейин жайкын тургун бар.

Талл-Афарды бошотуу үчүн аскер амалдары 20-августта башталган.
Талл-Афарды бошотуу үчүн аскер амалдары 20-августта башталган.

Байкоочулардын айтымында, Талл-Афардын өкмөттүк күчтөрдүн карамагына өтүшү чоң мааниге ээ. Бул калааны 2004-2006 жылга чейин "ал-Кайида" террордук уюмунун жоочулары ээлеп турушкан. 2003-жылы Иракка америкалык аскерлер киргенден кийин Талл-Афарда суннилер менен шийилердин ортосунда бир нече жолу өз ара тирешүүлөр чыккан.

"Ислам мамлекети" деп аталган террорчу уюмдун жоочуларынын колуна өткүчө Тал-Аффар шаарынын калкынын негизги бөлүгүн ирактык түркмөндөр түзүп келген.

Ирактагы түркмөндөрдү коңшу Түркия колдоп келгендиктен, Анкара Мосул шаарына жакын жайгашкан аскерий базасын жабуудан баш тартып келет. Түрк бийлиги бул чечимин ирактык түркмөндөрдү жана өз чек арасын коргоо максаты менен түшүндүрүп келет.

Ал эми бир катар адистердин баамдашынча, түркиялык аскерлердин Ирактагы согушка аралашуусун көп күчтөр, анын ичинде расмий Багдад да каалабайт.

Талл-Афар Ирактын Түркия менен чек арасынан эки сааттай узак алыстыкта жайгашкан. Ошондой эле Мосулдан Сирияга кеткен негизги жол да дал ушул калаа аркылуу өтөт.

Шаардын мындай стратегиялык жолдо жайгашуусу да аймактагы бардык күчтөр үчүн маанилүүлүгүн арттырууда. Талл-Афарды террорчу жоочулардан тазалоого багытталган аскердик чараларга болжол менен 40 миңдей өкмөттүк жоокер катышууда.

Талл-Афардан качууга аргасыз болгон ирактык түркмөндөр.
Талл-Афардан качууга аргасыз болгон ирактык түркмөндөр.

Өкмөттүк күчтөр Талл-Афарды исламга жамынган террорчу топтун жоочуларынан бошоткон соң, дагы бир ири аскердик иш-чараны баштай тургандыгы күтүлүүдө.

Мосулдан 290 чакырым түштүк-батышта, Евфрат дарыясынын жээгиндеги ал-Кайм деген бир нече айыл курамына кирген аймак "Ислам мамлекети" радикал уюмунун жоочуларынын карамагында кала берүүдө.

Ар кандай эсептерге караганда, Евфрат дарыясынын боюнда исламга жамынган террордук уюмдун 15-20 миңдей жоочусу топтолгон. Аталган террордук уюм Ирактын бир катар шаарларын 2014-жылдын май айында басып алган, бирок алар каратып алган аймактар чет-четинен боштондукка чыгарылууда.

Маалыматтарга караганда, Ирак менен Сириядагы "Ислам мамлекети" деп аталган террорчу уюмдун жоочуларынын катарында Борбордук Азиядан (анын ичинде Кыргызстандан) ар кандай себеп менен баргандар, алардын ичинен жаңылганын түшүнүп, уруштун алааматтуу аймактарынан качып чыгып жаткандары да бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG