Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

Сирия: сүйлөшүү алдындагы кандуу чабуул


Гута аймагындагы аба чабуулдарынан кийинки жагдай, 26-ноябрь.
Гута аймагындагы аба чабуулдарынан кийинки жагдай, 26-ноябрь.

Женева сүйлөшүүлөрүнүн алдында Сириянын кеминде эки аймагындагы аба чабуулдарынан 70тен ашык жайкын тургундун өмүрү кыйылды.

Жекшембиде Дамасктын чет-жакасындагы Чыгыш Гута аймагындагы оорукана аба соккуларынан жараланган адамдарга толду.

Алардын арасында наристелер, өспүрүмдөр бар. Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы өкмөттүн аба чабуулдарынан баш-аягы 25 жайкын тургун мерт болгонун кабарлады.

Уюм ал күнү Дейр-эз-Зор провинциясындагы "Ислам мамлекети" террордук тобу көзөмөлдөгөн Ал-Шафак айылына да Орусиянын аскердик учактары сокку урганын, андан 50дөй жайкын тургун каза тапканын маалымдады. Мерт болгондордун 20дайы өспүрүмдөр болгон.

Азырынча бул маалыматты өз алдынча ырастоо мүмкүн боло элек. Сирия өкмөтү жана аны колдогон Орусия бул окуялар боюнча үн катпай турат. Бирок өткөн апта соңунда Орусиянын Коргоо министрлиги алты аскердик учагы Дейр-эз-Зордогу "террорчулардын чордонуна" сокку урганын, Сириянын аймагы согушкерлерден дээрлик бошотулуп калганын билдирген.

- Сирия аймагынын дээрлик 98 пайызы террорчулардан бошотулду. Сирия кризисин жөнгө салуунун кийинки кадамдары тууралуу сөз кылууга, анан албетте, кайра куруу жана гуманитардык жардам сыяктуу кеңири суроолорду талкуулоого мезгил жетти, - деп белгилеген Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

Гута аймагындагы аба соккуларынан жараланып, Дума ооруканасына жеткирилген өспүрүм.
Гута аймагындагы аба соккуларынан жараланып, Дума ооруканасына жеткирилген өспүрүм.

Талкуу демекчи, соңку аба чабуулдары Сириядагы согушту токтотууга багытталган Женева сүйлөшүүсүнүн сегизинчи айлампасы өтөөрдө коюлду.

Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен 28-ноябрда баштала турган сүйлөшүүлөргө Сирия оппозициясы бирдиктүү делегациясын жөнөтө турганын кабарлаган. Сириянын өкмөттүк делегациясы болсо Женевага сапарын кийинкиге калтырганын "Рейтер" агенттиги билдирди.

Өткөн аптада оппозициянын Эр-Рияддагы жыйынында айтылган билдирүүлөр Башар Асаддын өкмөтүнүн ачуусуна тийген болушу мүмкүн экенин "Ал-Ватан" гезити өз булактарына таянып жазды.

Ал жыйында Сирия оппозициясы президент Башар Асаддын режими бийликтен кетиши керек экенин кайталаган. Бул талапка Сириянын режими жана аны колдогон Орусия менен Ирандын бийлиги караманча каршы экени маалым.

Эгер Женева сүйлөшүүлөрү өтө турган болсо, анда Сириянын жаңы Конституциясы, башкаруу системасы, шайлоо жана террорчулукка каршы күрөш маселеси талкууланмакчы.

- Сүйлөшүүлөрдө төрт тема талкууланышы керек. Негизги көңүл шайлоого жана Баш мыйзамга байланыштуу экинчи жана үчүнчү темаларга бурулат, - деди БУУнун Сирия боюнча чабарманынын орун басары Рамзи Эзельдин Рамзи.

Орусия, Иран жана Түркиянын лидерлеринин Сочидеги жолугушуусу, 22-ноябрь 2017-жыл.
Орусия, Иран жана Түркиянын лидерлеринин Сочидеги жолугушуусу, 22-ноябрь 2017-жыл.

Сириядагы кырдаалды жөнгө салуунун жолдорун Орусия, Түркия жана Иран Астана сүйлөшүүлөрүндө өзүнчө талкуулап жатышат. Казакстандын борборунда утур-утур өткөрүлүп жаткан эл аралык жыйындарда Сирияда ок атышууну токтотуу, деэскалация аймактарын түзүү багытында макулдашуулар болгон.

Жогоруда сөз болгон үч өлкө Сирия өкмөтү менен ага каршы турган оппозициянын өкүлдөрүн өзүнө камтыган "улуттук конгресс" түзүү боюнча өткөн аптада Сочидеги жыйында демилге көтөрүшкөн.

Мындай сүйлөшүүлөр байма-бай өткөрүлгөнү менен Сириядагы жөн-жай тургундардын өмүрүн алган чабуулдар толук токтой элек. Бул өлкөдө жети жылга аяк баскан жарандык согушта 350 миңдей киши мерт болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG