Сириядагы химиялык чабуулдар боюнча иликтөөнү улантуу маселеси Улуттар Уюмунда, Коопсуздук кеңешинин олтурумунда, 22-ноябрда жабык эшик артында каралган.
Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя бул жабык жыйындан кийин "биргелешкен иликтөө механизми “өлдү”, бирок Москва Батыш өлкөлөрүнүн “жаңы механизмди” жаратуу боюнча аракеттери үчүн ачык" деген билдирүү жасады.
Москванын пикиринде, буга чейинки иликтөө механизми “өзүн толугу менен дискредитациялаган”. Андыктан, Небензянын айтымында, Орусия “чындап объективдүү жана бейтарап” иштей турган жаңы механизмди жаратуу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр.
Коопсуздук кеңешинин курамындагы мамлекеттердин басымдуу бөлүгү колдогон, бирок Орусия каршы чыккан иликтөө тобу "Сириядагы химиялык чабуулдардын баарына Башар Асаддын режими жооптуу" деген бүтүмгө келген эле.
Асадды колдогон Орусия болсо өткөн аптада Коопсуздук кеңешинде бул топтун быйыл 16-ноябрда бүткөн мандатын узартууну караган, алгач АКШ, кийин Жапония даярдаган резолюция долбооруна катары менен вето коюп, ал эми бул аптада Швеция менен Уругвайдын мунаса сунушуна добушка коюлганча эле каршы чыккан.
- Орусиянын жыйырма төрт саат ичиндеги экинчи ветосу ал бул кеңештин калган бөлүгү менен биргелешкен иликтөө механизмин сактап калыш үчүн орток пикир табууга кызыкчылыгы жок экенин көргөзүп турат. Орусия анын союздашы Сирия режими химиялык курал колдонгонун ачыкка чыгаруучу бир да механизмге көнбөйт, - деп сынга алган АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли Москванын акыркы ветосунан кийин.
БУУнун иликтөө тобунун "Сириянын Хан- Шейхун шаарчасында, быйыл 4-апрелде болгон химиялык чабуулга Башар Асаддын аба күчтөрү жооптуу" деген бүтүмү Орусияны өзгөчө нааразы кылган.
Курамына зарин газы кирген бомба Хан-Шейхунга ташталганда 100дөй киши курман болгон.
АКШ Хан-Шейхундагы чабуулга жооп кылып, Сириянын аба базасына да ракеталык сокку урган.
Сириядагы химиялык чабуулдарды иликтөөнү улантуу боюнча талаш- тартыштар бул өлкөдөгү жарандык согушту токтотуучу тынчтык жараяны башталаарына үмүт артылып жаткан учурга туш келди.
Алты жылдан ашуун созулган жарандык согушта Асаддын өнөктөшү болгон Орусия менен Ирандын жана тескерисинче Асадды кулатууну көздөгөн козголоңчул топторду колдогон Түркиянын президенттери 22-ноябрда Сочидеги жолугушуп, Сириянын өкмөттүк жана оппозиция күчтөрү кирген конгрессин уюштурууну макулдашты.
- Тышкы иштер министрликтерине, атайын кызматтардын, коргонуу мекемелеринин өкүлдөрүнө бул жерде Сочиде өтүүчү конгресстин курамына, мөөнөтүнө байланышкан маселелер боюнча кошумча иштөөнү тапшырдык. Жалпысынан сүйлөшүү столуна түрдүү саясий партиялардын, ички жана тышкы оппозициянын, улуттук жана диний топтордун делегаттарын чогултуу жагы эске алынып жатат. Конгресс Сириянын жалпы элдик күн тартибиндеги негизги, биринчи кезекте мамлекеттик түзүлүштүн болочогуна, жаңы Конституцияны кабыл алууга, анын негизинде Улуттар Уюмунун көзөмөлү астында шайлоо өткөрүүгө байланышкан маселелерди карайт, - дейт Орусия президенти Владимир Путин алар сунуш кылган конгресстин максаттары тууралуу.
28-ноябрда болсо Женевада Сирия боюнча Бириккен Улуттар Уюму демөөрчүлүк кылган тынчтык сүйлөшүүлөрдүн кезектеги сегизинчи айлампасы да башталышы керек. Ал жыйынга бирдиктүү делегация кураш үчүн Сириянын оппозиячыл топтору 22-ноябрь күнү Сауд Аравиянын борбору Эр-Риядга чогулушту.
Оппозиция өкүлдөрү азырынча Сочидеги конгресс боюнча демилге тууралуу азырынча комментарий бере элек. Апта башында Сочиге Сириянын президенти Башар Асад да келип кеткен.
Батыш өлкөлөрү согуш тутанган 2011-жылдан тартып Асадды бийликтен кетүүгө чакырып келген. Анын тагдыры тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн башында анын эң түйүндүү маселеси да болгон.
Сириядагы жарандык согушта азыркыга чейин 330 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылып, алты миллиондой адам өлкөнүн сыртына качып чыгып, 5 миллиондой киши өлкө ичиндеги качкынга айланды.
Жарандык согуш президент Башар Асаддын режими 2011-жылдын жазында демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылып чыккан демонстранттарды күч менен басууга аракет кылгандан тартып башталган.