Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Сохко байланыштуу жашыруун протоколдун бетин ачкан журналист


Айданбек Акматов Бишкектин Биринчи май райондук сот залында, 24-октбярь, 2022-жыл.
Айданбек Акматов Бишкектин Биринчи май райондук сот залында, 24-октбярь, 2022-жыл.

“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камалган жыйырмадан ашык саясатчы, активисттердин арасында журналист жана саясий серепчи Айданбек Акматов да бар. Ал сот залында Кемпир-Абад маселеси талкууланган жыйынга журналист катары катышканын билдирди.

Айданбек Акматов 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 20-декабрга чейин борбордогу №1 тергөө абагына камалды. Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Айданбек Акматов бир катар саясатчы, активисттер менен жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген айып тагууда. Журналист өзү сотто коюлган айыпты четке какты.

“Бул саясий куугунтук. Себеби, биз 22-октябрда бир эле максат менен – Кемпир-Абад суу сактагычынын берилип кетишин токтотуп калуу аракети боюнча чогулганбыз. Бийликти басып алуу, башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгон эмес. Кемпир-Абадды алып калуу жолдорун гана талкуулап, “Кемпир-Абадды коргоо комитети” түзүлгөн. Андан тышкары парламентке таасир этүү үчүн депутаттар менен иштеп, ал суу сактагыч канчалык маанилүү экенин жеткирүү боюнча сунуш айтылган. Кээ бирөөлөр “Жогорку Кеңештин алдында митинг өткөрөлү” деди. Ал талкуу учурунда эле болгон сөз. Мен ал жыйынга журналист, активист катары катышкам”.

Журналист Аскер Сакыбаева эркин журналист кесиптик ишмердигине байланыштуу гана жыйынга барган деген көз карашта.

“Биз Айданбек Акматовду аналитик-журналист катары билебиз. Кыргызстанда андай журналисттер аз эле. Санасаң беш манжаң эле жабылат. Ошолордун эң көрүнүктүүсү - Айданбек. Ал мамлекеттин тагдырына таасирин тийгизе турган чоң-чоң көйгөйлөрдү козгоп келе жатат. Бюджет, Кумтөр, чек арага байланыштуу темаларды жазып жүрөт. Аны факты, аргумент менен берет. Айданбек Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча камакка алынганы туура эмес", - деди Сакыбаева.

Укук коргоо кызматкерлери журналистти кармоо үчүн барганда уулу Нурбек Айданбек уулу үйдө болгон.

“Милиция жекшемби күнү үйгө келип тинтүү жүргүздү. Алар бардыгын аңтарып чыгышты. Башында мага тинтүү жүрүп жаткан учурду телефонго видеого тартууга уруксат беришти. Анан бардык техниканы - компьютер, уюк телефон, ноутбукту алып кетишти. Үйдөн чыгардын алдында мен видеого тарткан телефонду да алып кетип калышты. Атам өзүнүн пикирин социалдык тармактарга жазып турат. Ал куру сөз менен эмес фактыларды чогултуп далилдер менен окурмандарга жеткирүүгө аракет кылат”.

Чек ара, саясат, экономика, шайлоо

Айданбек Акматов акыркы жылдары социалдык тармактар аркылуу саясий экономикалык темалар боюнча анализ жасап, бийликке альтернативдүү сунуштарын берип келатат. Кумтөр кени, валюта саясаты, шайлоо мыйзамдары тууралуу көз карашын байма-бай жарыялап турат. Чек ара көйгөйлөрүн терең талдап, ар кыл өңүттөрүн кылдат түшүндүргөн аналитик катары таанымал.

2020-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен 2021-жылкы парламенттик жарышка Кадамжай шайлоо округунан катышты.

Кыргыз коомчулугу Айданбек Акматовду Өзбекстандын Сох анклавы боюнча кыргыз жана өзбек бийликтери 2001-жылы түзгөн жашыруун келишимге байланыштуу жакшы тааныйт. 2001-жылы февраль айында адегенде коомчулуктан жашырылып, бирок ачыкка чыгып кеткен кыргыз-өзбек меморандумуна кол коюлган. Ага ылайык, Кыргызстан Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырууга коридор ачып берүүгө, өзбек тарап өзүнүн жеринен ага жараша жер бөлүп берүүгө макул болгон.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ошол кездеги президенттери Аскар Акаев менен Ислам Каримовдун макулдашуусунан кийин февраль айында, Бишкекке Өзбекстандын ал кездеги өкмөт башчысы Уткир Султанов келип, Кыргызстандын ошол туштагы премьер-министри Курманбек Бакиев менен Сох боюнча сүйлөшүү өткөргөн. Жыйынтыгында Сохко коридор берүү боюнча жашыруун протоколго кол коюлган.

Баткен, Лейлек райондорун, Сүлүктү шаарын анклавга айланта турган ал протоколдун чоо-жайын Айданбек Акматов “Азаттыктын” эфиринен маалымат каражаттарынын арасынан биринчилерден болуп алып чыккан. Кийин да бул темага байма-бай кайрылып турган.

Документ коомчулукта нааразылык жаратып, кыргыз өкмөтү аны чакыртып алып, протоколду жокко чыгарууга аргасыз болгон.

55 жаштагы Айданбек Акматов Кадамжай районундагы Чаувай айылында төрөлгөн. 1999-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Студент кезинде “Кыргыз Руху” гезитине кабарчы болуп ишке кирген.

1998-жылдан тарта “Азаттык” радиосу менен кызматташа баштаган. 2010-жылдан кийин “Азаттык” радиосунда редактор, 2017-жылга чейин журналист болуп иштеген. Aналитикалык макалаларды жазып, “Апта” берүүсүн даярдап турган.

"Азаттыктын" телепрограммаларына да активдүү катышкан. "Биз жана дүйнө" программасында глобалдык окуялардын Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга таасирин түшүндүргөн саясий аналитик, "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар берүүсүндө алып баруучу болгон. Учурдун талылуу маселелери боюнча актуалдуу интервьюларды, курч талкууларды уюштуруп турган.

Ооганстанда апийим, Казакстанда экстремизм көйгөйү
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:57 0:00

Кемпир-Абад соту: Кармалгандар 26 кишиге жетти

23-октябрда Ички иштер министрлиги “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде бир нече саясатчылар менен активисттерди кармап, үйлөрүн тинткен. Кийин соттун чечими менен алар эки айга камалды. Кылмыш ишин козгоого саясатчылар менен активисттердин Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон. ИИМ козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган жана далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Кармалгандар өздөрү күнөөсү жок экенин айтып жатышат.

20-23-декабрга чейин камалган жарандар:

  • 1.Азимбек Бекназаров (23-декабрга чейин камалды)
  • 2.Асия Сасыкбаева
  • 3.Али Шабдан
  • 4.Рита Карасартова
  • 5.Айданбек Акматов
  • 6.Равшан Жээнбеков
  • 7.Кубанычбек Кадыров
  • 8.Чыңгыз Капаров
  • 9.Перизат Суранова
  • 10.Кеңешбек Дүйшөбаев
  • 11.Нурлан Асанбеков
  • 12.Эрлан Бекчоро уулу
  • 13.Айбек Бусурманкулов
  • 14.Таалайбек Мадаминов
  • 15.Улукбек Маматаев
  • 16.Гүлнара Журабаева
  • 17.Клара Сооронкулова
  • 18.Бектур Асанов
  • 19.Жеңиш Молдокматов
  • 20.Атай Бейшенбек
  • 21.Акыл Айтбаев
  • 22.Мамбетжунус Абылов
  • 23. Илгиз Шаменов
  • 24. Орозайым Нарматова
  • 25. Марат Баязов
  • 26.Талант Эшалиев (үй камагында)

Жарандык активист, медиа эксперт Айбек Турдалиев бийликтин эркин медиа менен журналисттерге мамилеси тууралуу буларга токтолду:

“Садыр Жапаров башка президенттерге салыштырмалуу куугунтукту көрүп, бийликтин кысымына кабылган саясатчы. Өзүнүн ою, пикири үчүн камалып да чыккан. Ошондуктан бийликке келгенден кийин өч алуу, куугунтуктоодон алыс болуп, айкөлдүгүн, адилеттигин көрсөтөт деген үмүт бар болчу. Тилекке каршы акыркы окуялар биз диктатуранын жолуна баратканыбызды көрсөтүүдө”.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча коомчулукта маселе кызуу талкууланып жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, чек ара боюнча келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган. Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айткан. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болору кошумчалаган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоору 31-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде жабык каралды.

XS
SM
MD
LG