Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

"Дрон жок, бирок абал кооптуу". Согуштан чочулаган журтташтар


Дрон сокку урган имарат. Ростов-на-Дону. Авсгуст, 2023-жыл
Дрон сокку урган имарат. Ростов-на-Дону. Авсгуст, 2023-жыл

Орусиянын Украина менен чектешкен аймактары байма-бай дрон чабуулдарына кабылууда. Бул аймактарда жашап, эмгектенген кыргызстандык мигранттардын айрымдары коопсуздугунан чочулай баштаганын айтууда.

"Азаттык" баарлашкан айрым кыргызстандыктар орус-украин чек арасындагы аймактарда жашап-иштөө кооптуу болуп калганын билдиришти.

"Түштүк аскер округу бутага алынат деген коркунуч бар"

Алардын бири, ысымын атагысы келбеген Ростов-На-Донуда жашаган кыргыз мигранты жакында үй-бүлөсүн алып, Орусиянын башка аймагына көчүп кетүүнү же Кыргызстанга кайтууну көздөп жатканын "Азаттыкка" билдирди:

"Сиздер жакшы билесиздер, Ростов-на-Дону шаарында Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Түштүк аскер базасынын штабы жайгашкан. Ошондуктан бул штаб качандыр бир кезде украин армиясынын бутасына алынышы толук ыктымал. Кырдаал тынч эмес. Мурда көп кабатыр болчу эмес элек, быйыл августтан баштап биз тарапка да ракетадан, дрондон чабуулдар көп жасалып жатканын орус бийлиги өзү көп айта баштады. Ушундан улам коопсуз жакка кетсекпи деп турабыз".

"Дрон, ракета чабуулун интернеттен эле угуп жатабыз"

Анткен менен бул аймакта жашаган көпчүлүк кыргызстандыктар соңку чабуулдарды кооптуу деп санабайт.

Ростов-на-Дону шаарындагы "Теменник" деп аталган ири базарда иштеген Куштарбектин айтымында, жашоо орус-украин согушуна чейин кандай өтүп келген болсо, азыр деле ошондой.

"Ростов-на-Дону менен азыркы мезгилде согуш жүрүп жаткан жерлерге чейин Донецк, Луганск облустары бар. Булар азырынча биздин шаарга калканч болуп турат десек да болот. Донецк менен Луганскиде деле акыбал тынч, согуш болгон жок. Ошондуктан бизге да эч кандай коркунуч жок. Бул жак Украинага жакын болгону менен, "дрон түшүп атат, ракета менен чабуул жасалып жатыптыр" деген кабарларды азырынча интернеттен эле угуп атабыз".

Ростов-на-Дону шаарындагы кыргызстандыктардын диаспора башчысы Курманбек Абдылдаев да кырдаал тынч экенин айтып, диаспора жакында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярданып жатканын кошумчалады.

Курманбек Абдылдаев, Ростов-на-Донудагы кыргыз диаспорасынын башчысы.
Курманбек Абдылдаев, Ростов-на-Донудагы кыргыз диаспорасынын башчысы.

"Бул жактагы кыргызстандыктар баарыбыз тынчпыз. Дрондор учуп аткан күндө да, биз жакка келбейт. 2014-жылдан бери эле тынч жашап келебиз. Эч кандай коркунуч жок. Ростов-на-Дону шаарында жалпы 5 миңге чамалуу кыргызстандык бар. Дээрлик 90% базарда иштейт. Базарда Кыргызстанда тигилген кийим-кечелерди сатышат. Курулушта иштегендер бар. Медициналык мекемелерде эмгектенген мекендештерибиз көп".

Орусиянын Түштүк Аскер округу 2010-жылы түзүлүп, штабы Ростов-на-Дону шаарынын борбордук бөлүгүнө жайгашкан. Түштүк аскер округунун курамына быйыл февралдан тартып Орусия басып алган Луганск, Донецк аймактары, Херсон жана Запорожье облустары киргизилгени маалымдалган.

Ростов-на-Дону шаары быйыл 24-июнда "Вагнер" менчик аскер компаниясынын козголоңу учурунда да бир күн алардын көзөмөлүндө калган.

Орусия Украинага 2022-жылы февралда кол салган. Согуш башталгандан бери коопсуздуктан улам Орусиядан чыгып кеткен кыргызстандыктардын саны өскөн. Орус жарандыгын алгандардын айрымдары АКШга жана Европа өлкөлөрүнө кетсе, мекенине кайтып келгендер да бар.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда ушул тушта 1 миллиондон ашуун кыргызстандык жаран иштеп, окуп, жашап жүрөт. Айрым булактарга караганда, алардын теңине жакыны бул өлкөнүн жарандыгын алган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG