Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:34

Шайлоодогу "шайтан технология"


Интернеттеги троллдор (иллюстративдик сүрөт)
Интернеттеги троллдор (иллюстративдик сүрөт)

Кыргызстанда парламенттик шайлоого саналуу күн калганда айрым партия лидерлерин каралаган чуулгандуу маалыматтар чыга баштады.

Социалдык тармактарда "Бүтүн Кыргызстандын" жетекчиси Адахан Мадумаров өлкөдөн качып кетти" деген жалган кабарга "Азаттыктын" жана башка маалымат булактарынын эн белгиси чапталып, бейтааныш булактардан жарыяланды.

Ага удаа шайлоодо "Ата Мекен" партиясын баштап бараткан Өмүрбек Текебаевдин аты аталган чуулгандуу аудио чыкты. Айрым серепчилер айрыкча добуш берүүгө жакын саясий атаандаштарын каралоо көбөйөрүн белгилешет.

Адахан Мадумаров тууралуу жалган кабар "Фейсбуктагы" айрым баракчаларда "Азаттыктын" эн белгиси (лого) менен кошо жарыяланган. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын өкүлү Мирбек Мунарбек уулу "Мадумаров качып кетти" деген маалыматтарды жокко чыгарып, партия лидери ушул күндөрү Орусияда жүргөнүн, Москва жана Санкт-Петербург шаарларында шайлоочулар менен жолугуп жатканын маалымдады. Саясатчы 26-ноябрда Кыргызстанга кайтып келерин белгиледи.

Буга удаа эле "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин аты аталган, жашыруун жаздырылган делген аудио тарады. Партиянын жетекчилиги буга байланыштуу комментарий бере элек.

Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын "Акипресс" маалымат агенттигине каршы жазган арызын жарым-жартылай канааттандырды.

Бул партия БШКга 19-ноябрда жарыяланган маалымат агенттигинин сайтына "Президент Жапаров талапкерди чыккынчылык үчүн камоону убада кылып жатат" деген аталыштагы макалага байланыштуу кайрылган. Анда "Акипресс" Адахан Мадумаровдун атын атаган.

Партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү Артур Бакиров аны каралоо катары сыпаттап, агенттик бул макаланы төгүндөшүн талап кылып, мыйзам чегинде жоопко тартууну өтүнүп арыз жазган.

"Биринчиден, милдеттүү түрдө "Акипресстен" төгүндөтүп, андан сырткары мыйзам чегинде чара көрүп берсеңиздер. "Акипресстин" өкүлү "президент маалымат жыйында Баткен боюнча Мадумаровду айткан, ошого биз шилтеме кылып, ушундай тыянакка келдик" деп жатат. 19-ноябрда президент биздин талапкер же дагы башка талапкер жөнүндө айткан эмес. Ошол эле 23-октябрдагы маалымат жыйында Садыр Нургожоевич "Мадумаров чыккынчы, мен аны камайм" деп дагы айткан эмес. Мындайча айтканда, шайлоонун алдында атайын үгүт иштерине тоскоолдук кылуу максатындабы, ушундай аракети болду деп эсептейбиз".

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова "Акипресстин" юристи макаланы төгүндөө тууралуу сунушка көнгөнүн, "Бүтүн Кыргызстандын" арызы жарым-жартылай канааттандырылганын билдирди.

Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

" Төгүндөөгө "Акипресс" маалымат агенттиги макул экен. Жумушчу топ "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын талаптарын канааттандырууну жана "Акипресске" төгүндөгөн маалыматты жайгаштырууну сунуштады".

10-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев айрым талапкерлерди "үгүт маалында бийликти каралоого өтүп алды" деп катуу сындаган. Анда кимдир бирөөнүн атын атабаганы менен социалдык тармактарда "бул сөз негизинен Адахан Мадумаровго карата айтылды" дегендер болгон.

"Сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартат. Алар ар бир сөзүнө жооп берет. Мамлекет аларга эл менен жолугушуп, программаларын тааныштыруусуна шарт түзүп берип жатса, алар мамлекет башчыны жана башка кызматкерлерди каралаган жалган маалыматтарды таратууда".

Анын алдында президент Садыр Жапаров Кеминге барганда башкы чекисттин сөзүнө үндөш билдирүү жасаган. Ал бийлик "болуп көрбөгөндөй таза шайлоо" өткөрөт деп убада кылып келет.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Шайлоого ким кааласа катышып жатат. Оппозициясы, позициясы бар. “30 жылдан бери келаткан эски жүздөр, сайраган сагызган” деп айтып атасыңар. Эч кимисине бут тоскон жокпуз. Мурда бийликтин гана партиясына иштешчү. Оппозиция көчөдө калып аларга свет, залды, керек болсо көчөнү да берчү эмес. Анын баарын жок кылдык. Биз демократиялуу өлкөбүз”.

Шайлоонун шайтан оюну

Айрым талдоочулар добуш берүүгө чукул шайлоодогу саясий атаандаштардын каралоосу көбөйөрүн белгилешет. "Борбор Азиядагы өнүктүрүү жана тынчтык институту" коомдук фондунун жетекчиси Бакыт Жумагулов бул көнүмүш адатка айланганына токтолду.

"Кара пиар технологиясы шайлоого төрт-беш күн калганда катуу колдонула баштайт. Саясий атаандаштар бири-бирине каршы компроматтарды чыгарып жатканын байкап жатабыз. Экинчиден, Кыргызстанда шайлоого жакын добуш сатып алуу деген көйгөй кайра күчөшү мүмкүн. 2015-2016-жылдары автоматташтырылган жана идентификациядан өткөн система киргизилгенден кийин ал жакта шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого бөгөт коюлган. Баары жабылгандан кийин бийликке, парламентке келебиз дегендерге добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу дегендей гана мүмкүнчүлүктөр калды".

Жарандык активист Нурсултан Акылбектин пикиринде, жапырт добуш сатып алуу көрүнүшү азайганы менен айрыкча социалдык тармактарда каралоо, тролль фабрикаларды колдонуу башталды.

"Азыр эми салыштырмалуу шайлоонун нугу башкача болуп жатат. Былтыркыдай акчаны миллиарддап сарптаган адамдар аз. Бирок абакта жаткан, шайлоого толук катыша албаган талапкерлер бар. Андан сырткары мен Аксы, Ош, Жалал-Абадга барып келдим, региондордо ачык эле миң сомдон 3 миң сомго чейин добуштар сатылат, мурдагыдай эле көрүнүш деп жатышат. Деген менен салыштырмалуу былтыркыга караганда добуш сатып алуу азыраак. Бирок караламай, "тролль фермаларды" колдонуу деген ыкмалар ошол бойдон эле калды".


Жарандык активист Адил Турдукулов добуш сатып алууда инновациялык технологиялар кандай колдонуларын айтып берди. "Адатта добуш сатып алуу шайлоого 1-2 күн калганда активдеше баштайт", - дейт Турдукулов.

"Добуш сатып алуунун инновациялык технологиялары чыкты, ошол эле терминал, POS-терминал деген сыяктуу нерселер бар. Мыйзам добуш сатып алган жана саткандарды да катуу жазага тартабыз дегендиктен мындай окуялар көмүскө болуп жатат".

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Бир мандаттуу округдардан 321 талапкер катталып, 23-ноябрга карата 290дой талапкер калды.

Былтыркы талаштуу шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.

XS
SM
MD
LG