Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

Сауна окуясы: төрт кызды ооруканага жеткирген жагдай


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Балта шаарында өз өмүрүнө кол салууга аракеттенген төрт кыздын бири тилкат жазып, анда сойкулукка айыптаган адамдарды күнөөлөгөн. Өткөн айда Кара-Балта шаарында активисттер сауналарды жабуу талабы менен бийликке кайрылган.

Дары ичип, жанынан кечүүгө аракеттенишкен

19-январда болжол менен саат 19:22 чамасында Жайыл райондук милициясына Кара-Балта шаарынын төрт тургуну - кыздар дарыга ууланганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алар Кара-Балта шаардык ооруканасына "Тез жардам" менен жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Тилек Оторовдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бул фактыны милиция иликтөөдө.

Тилек Оторов.
Тилек Оторов.

"19-январдагы Кара-Балта шаарында төрт кыздын өз өмүрүнө кол салуу фактысы Жайыл райондук милициясында катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат".

Кара-Балта шаардык ооруканасынын башкы врачы Айнура Имашева 19-январда төрт кыз өмүрүн кыюу максатында дары ичип, "Тез жардамга" кайрылганын, алардын экөөнүн ашказаны жуулганын журналисттерге ырастады.

Башкы дарыгердин айтуусунда, калган эки кыз ашказанын жуудургандан баш тарткан.

"Процедура бүтөрү менен алар үйүнө кетти, абалдары канааттандырарлык болчу", - деди башкы дарыгер.

"Бийлик чара көрбөсө, өзүбүз чара көрөбүз"

Өмүрүнө кол салууга аракеттенген кыздардын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Кыздардын биринин "бул кадамга сойкулукка айыптаган адамдардын жалган жалаасы түрттү" деп жазган каты социалдык тармактарга тарады.

Атын атагысы келбеген карабалталык тургундун айтуусунда, өткөн айда бир нече адам шаардагы сауналардын бирине барып, ал жерде иштебеген кыздарды кол телефонуна тартып алган жана сойкулукка айыптаган.

Микрофонго сүйлөп берүүнү каалабаган маектешибиз кыздардын өз өмүрүнө кол салуусуна ошол видео себепкер болушу ыктымал экенин айтты.

19-декабрда "Кара-Балта шаарынын активисттерибиз" деген жаштар шаардык мэриянын жана айрым сауналардын алдына барып, бийликке кайрылуу жасаган. Алар "Кара-Балта шаарындагы сауналардын жабылышын" талап кылышкан.

"Кара-Балта жаштар комитетинин атынан кайрылабыз. Кара-Балта шаарындагы үч-төрт саунанын жабылышын талап кылабыз. Ал жерде сойкулук өнүгүп жатыптыр. Биз кыздарыбыздын жана карындаштарыбыздын келечеги үчүн арам иштерди токтотолу деп чыгып атабыз. Сиздер чара көрбөсөңүздөр биз өзүбүз чара көрөбүз!", - деп президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге, Ички иштер министрлигине кайрылышкан.

"Адептүү болобуз деп адепсиздик кылбайлы"

Активисттердин бул кайрылуусунан көп өтпөй өз жанын кыюуга аракеттенген кыздардын окуясы катталды. Укук коргоочулар бул эки окуянын байланышы бар деп сыпатташууда.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова коомчулук кыздардын укугун сактап калууга тийиш экенин белгиледи:

"Ар бир адамдын жеке жашоосу бар. Ага сырттан башкалардын кийлигишип, коркутуп-үркүтүүгө укугу жок. Бул жерде да кыздардын жеке жашоосуна кийлигишүү болуп, аларды суицидге жеткирүү фактысы турат. Кыздардын укугунун тебеленишине жол бербөө үчүн алар милицияга жана биздей укук коргоочуларга кайрылса болот".

Коркутуунун айынан жан кыюуга аракет кылган кыздардын маселесин Акыйкатчы институту да иликтейт. Акыйкатчынын орун басары Альберт Көлөпов бул ишти өз көзөмөлүнө алганын "Азаттыкка" билдирди.

"Окуя тууралуу маалыматты бүгүн алдык. Эртең биздин кызматкерлерибиз иликтөө ишин баштайт. Аларды жан кыюуга түрткөн жагдайлар сөзсүз иликтенет жана биздин көзөмөлүбүздө болот".

Кыргызстанда адам укугу Баш мыйзам менен корголгон. Мыйзамдан тыш аракеттер болсо аны тиешелүү органдар карап, баа берет. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо ушундай пикирде.

Мирлан Самыйкожо
Мирлан Самыйкожо

"Кара-Балтада сауналар жабылсын деген талап менен жергиликтүү активисттер чыгып жатканын уккам. Ал кайрылуусун бийликке жана башка тиешелүү тараптарга беришсе керек. Эми ошого жараша тиешелүү тараптар иликтеп, мыйзамсыз иштер болсо чара көрөт. Бул жерден "өзүбүз чара көрөбүз" деп коркутуу ашыкча. Ал эми кандай иш менен кантип алектенет, ал ар бир адамдын абийириндеги иш".

Кыздардын жүрүм-турумун тескөө максатында мыйзамсыз аракеттерге барган адамдардын окуялары буга чейин да катталган. Өздөрүн “патриот” деп атаган топтун Орусиядагы кыргызстандык мигрант кыздарды жылаңачтап алып суракка алган тасмалары интернетте 2012-жылдын жаз айларында пайда болгон. Андан бери бир канча тасма интернетке жарыяланып кетти, бирок алардын ичинен эки кыз гана укук коргоо органдарына кайрылган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG