Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Йемендин экс-президентин өнөктөштөрү өлтүрдү


Али Абдулла Салех, 2011-жылдын 25-майында тартылган сүрөт
Али Абдулла Салех, 2011-жылдын 25-майында тартылган сүрөт

Йемендеги хуситтер өлкөнүн мурдагы президентин, өнөктөшүн өлтүрүштү. Андан эки күн мурда Салех Саудияга колдоо билдирип чыккан эле. Азиянын түштүк-батышындагы бул өлкөдө үч жылдан бери жарандык согуш басылбай келет. Акыркы күндөрү ал күчөп да кетти.

Йемендин мурдагы президенти Али Абдулла Салех өлтүрүлгөнүн анын саясий партиясы – Элдик конгресстеги булактар Рейтерге ырасташты. Ушул эле сайтка куралчан адамдар Салехтин канга боёлгон денесин жүк унаасына салып жатканы тартылган тасма жайгаштырылды.

Дүйшөмбүдө Йемендеги хусит козголоңчулары мурдагы президенттин Санадагы үйүн жардырып жиберишкен. Ошол эле учурда айрым жергиликтүү маалымат каражаттары экс-президенттин унаа кербени көзөмөл пунктунан өтүп баратканда аткыланып, ал ошол жерден өлгөнүн маалымдашууда.

2012-жылы кызматынан кеткен Али Салех 2-декабрда турумун кескин өзгөрткөн. Хуситтерди колдоодон баш тартып, мындан ары Сауд Арабия менен бирге болууга даярдыгын билдирип чыккан эле.

- Биз алар менен кызматташтыктын жаңы барагын ачып, жылуу мамиле түзөбүз. Анткени Йеменде болуп жаткан окуялар көкөйгө тийди. Агайындарыбызга жана коңшуларыбызга айтар элем, аэропорттор ачылып, блокада алынса парламент тандаган мыйзамдуу, келечекке жоопкер өкмөт катары - биз тынчтык сүйлөшүүлөрүн токтоосуз баштайбыз.

Сана шаарындагы карапайым тургундар
Сана шаарындагы карапайым тургундар

Йемендин 25 миллион калкынын 8 миллионго жакыны блокададан улам ачарчылык чегинде жашап жатканы, жардам жеткирилбесе жапырт ажал табышы ыктымалдыгын Улуттар Уюму эскерткен.

Козголоңчуларга каршы кармашта коалиция өлкөдөгү аэропортторду, портторду бууганда аларга азык-түлүк жетпей калган эле.

Салехтин Элдик конгресс партиясы азыр парламентте көпчүлүк. Ал ишембиде ушуну эске алуу менен сүйлөшүү жүргүзө ала турган легитимдүү орган катары ошол парламент кураган өкмөттү көрсөтүп жаткан. Бирок билдирүүгө Саудия бийлиги жооп бере элек болчу.

Ал эми Салехтин душманына айланган мурдагы өнөктөштөрү өткөн дем алыштан тарта чабуулдарын күчөткөн.

Эл аралык Кызыл чырым уюму Санада акыркы алты күндөгү уруштарда 125 киши өлүп, 240тай адам жаракат алганын билдирүүдө.

33 жылдык бийлик

75 жашында ажал тапкан Али Абдулла Салех 1978-жылы Түндүк Йемендин президенттигине келген. 1990-жылы түндүгү менен түштүгү бириккен Йеменди жетектей баштаган.

Орусия президенти Владимир Путин менен Али Салехтин Москвадагы жолугушуусу. 2010-жыл, 30-июнь
Орусия президенти Владимир Путин менен Али Салехтин Москвадагы жолугушуусу. 2010-жыл, 30-июнь

1994-жылы президенттикке шайланып, 2011-жылкы “Араб жазы” учурундагы элдик толкундоолордон улам кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Бийлик Абд-Раббу Мансур Хадиге өткөн. Ал эми шиит бутагындагы хуситтердин Салехке каршылыгы 2004-жылы эле башталып, 2011-жылы толкугандардын да катарында болгон.

Ошол толкундоолор учурунда резиденциясына кол салынып, оор жаракат алган президент Сауд Арабияга барып дарыланып келген. Бирок 2014-жылы Сананы басып алган хуситтерге Салех күтүүсүздөн биригип кеткен. Алар 2015-жылы президент Абд-Раббу Мансур Хадини адегенде Аден, кийин Саудияга качууга аргасыз кылышкан.

Качкын президентти колдогондор

Сауд Арабия баштаган чөлкөмдөгү он чакты суннит өлкөлөр Хадини мыйзамдуу президент катары таанышат. Анын бийлигин калыбына келтирүү үчүн коалиция курап, 2015-жылдын мартынан тарта хуситтер менен согушуп келет.

Ошол эле учурда коалиция козголоңчуларга көмөк көрсөтүп келет деп Иранды айыптайт. Хуситтер да, Тегеран да бул айыптоолорду четке кагат.

Айрым талдоочулар Йемен бири-бирине каршы чыккан Сауд Арабия менен Ирандын кызыкчылары кагышкан кан майдан болууда деген ойдо.

Үч жылга созулган жарандык согуштан, ага коңшулардын кийлигишүүсүнөн Йеменде 10 миңдей адам өмүрү кыйылды. 50 миңдей адам майып болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG