Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Саудия баштаган коалиция Иранды айыптады


Саудияга баллистикалдык ракета атылды делген учурду хуситтерге жан тарткан “ал-Мусира” телеканалы көргөздү.
Саудияга баллистикалдык ракета атылды делген учурду хуситтерге жан тарткан “ал-Мусира” телеканалы көргөздү.

Коалиция “чектен чыккан аскерий агрессия”, “согуш актысы катары саноого” болот деп аташкан окуя боюнча расмий билдирүү Йемен өлкөсүндөгү шиит согушкерлери Эр-Риядды карай баллистикалык ракета аткандан кийин жасалды.

Эр-Риядды карай баллистикалык ракета атылгандан кийин Саудия баштаган коалиция Йемендин борбору Санадагы аскерий турумдарга абадан бир нече жолу сокку урду.

Санага жасалган соңку аба соккуларын комментарийлеп жатып, Саудия баштаган коалициянын расмий өкүлү Турки ал-Малики Эр-Рияддан буларга токтолду:

- Коалицияда хуситтердин куралдуу тобун курал менен Иран жабдып жатканы боюнча далил жетиштүү. Алардын мындай колдоосу-Йемендеги жарандык согушту, йемен элинин азап тартуусун улантуу, башаламандык жаратуу максатын көздөйт.

Сана шаарында аба соккуларынан жабыркаган жай. 5-ноябрь, 2017-жыл.
Сана шаарында аба соккуларынан жабыркаган жай. 5-ноябрь, 2017-жыл.

Курамына Сауд Аравиядан тышкары Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Кувейт, Египет, Иордания, Марокко, Судан, Сенегал өлкөлөрү кирген коалициянын Йеменден атылган ракета үчүн Иранды күнөөлөп жатканы - Тегеран ал жердеги шиит козголоңчулары-хуситтерге колдоо көргөзүп келгенинде.

Сауд Аравиянын ырастоосунда, Йемендеги хуситтерди баллистикалык ракета менен Иран да камсыздаган.

Эр-Рияддагы эл аралык аэропортту көздөй 4-ноябрдын түнүндө багытталган ракетаны Саудия бутага жеткирбей атып түшүрө алганын билдирүүдө.

Баллистикалык ракета Йеменден Саудияны карай атылды делген учурду хуситтерге жан тарткан “ал-Мусира” телеканалы обого чыгарды.

Хусит козголоңчулары акыркы жылдары чек арада ракетаны буга чейин да бир нече жолу атышкан. Бирок соңкусу Саудиянын аймагына карай мурдагыдан терең багытталган сыяктуу.

Сегиз өлкөнүн расмий билдирүүсүндө бул окуя “аймактагы тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтирүүчү”, “Иран режиминин чектен чыккан аскерий агрессиясы” катары бааланып, муну “Сауд Аравияга каршы согуш актысы катары” да кароого болот деп көргөзүлгөн.

6-ноябрдан тарта Саудия баштаган коалиция Йеменге байланышты жерден, деңизден, абадан да убактылуу жаап салды.

Иран болсо коалициянын айыптоосун четке кагып, козголоңчулардын ракета атуусун Сауд Аравиянын Йемендеги "аскерий кылмыштарына" каршы жооп чара катары чечмеледи.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бахрам Гассеминин айтымында, ракеталык чабуул хусит козголоңчуларынын "агрессияга каршы көз карандысыз аракети болду, Ирандын буга эч тиешеси жок".

Гассеми Тегерандын дарегине айтылган айыптоолорду "адилетсиз, жоопкерчиликсиз жана чагымчыл" деп мүнөздөдү.

Иран колдойт деген хусит согушкерлери Йемен борбору Сана шаарын 2014-жылдан бери ээлеп турушат жана учурда өлкөнүн басымдуу бөлүгүн да көзөмөлдөшөт. Сауд Аравия баштаган коалиция 2015-жылдан тарта аларга каршы миңдеген аба соккуларын жасады. Алар аба соккуларда аскерий турумдар гана бутага алынып жатат деп ырасташат.

Сада шаарында аба соккусу жасалган жер. 1-ноябрь, 2017.
Сада шаарында аба соккусу жасалган жер. 1-ноябрь, 2017.

Бирок 1-ноябрда Сауд Аравияга чектеш провинциянын аймагына жасалган аба соккудан 26 кишинин өмүрү кыйылып, күбөлөр менен дарыгерлер бомба мейманканага жана ага канатташ базарга тийгенин маалымдашкан.

Йемендин эл аралык коомчулук тааныган өкмөтүнүн бийлигин калыбына келтирүү боюнча өнөктүк азырынча натыйжа бере элек, бирок өлкө гумнитардык кризиске кабылып, кагылыштардан кеминде 10 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG