Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

"Базарда эсеп-фактурасы берилбейт". Ишкерлерди коркуткан салык


Ош базары. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош базары. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте орто жана чакан ишкердик менен алектенген бир нече киши "товардын электрондук эсеп-фактурасы жок" деген себеп менен жүз миң сомдон ашуун төлөөгө милдеттендирген билдирүүлөр келгенин айтып, президентке жана Министрлер кабинетине кайрылуу жолдоду.

Салык кызматы мыйзам талаптары менен рыноктун эрежелери так сакталышы кажет деп эсептейт.

"Дүкөнүм жабылып калса, балдарымды кантип багам?"

Ишкер Алтынай Абасова - балдардын кийим-кечесин саткан чакан дүкөндүн ээси. Ал товарларын "Дордой" базарынан алып келип, бир аз үстөк кошуп сатат. Сентябрда салыкчылар текшерүү жүргүзүп, "электрондук эсеп-фактура жок экен" деген негизде 150 миң сом төлөөнү милдеттендирген.

"Менин марттан июлга чейинки айландырган акчам 1,3 млн сом болуптур. Бул ККМ аркылуу аныкталган. Эми Салык кызматы ушул сумманын 10 пайызына "электрондук эсеп- фактура" жоктугуна шилтеп, мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирүүдө. Макул, жарым жыл үчүн төлөдүм дейин, бирок жыл аягында дагы келет ушунча акча төлө деп. Мен анда эсеп-фактурам жок болгону үчүн 100-150 миңдеп төлөй албайм. Мен балдарымды багышым керек. Айландырып жаткан 1,3 млн сом акча менин кирешем эмес, ал менин соодамдагы товарга салынган акча. Аны четинен мамлекетке берип отурсам, аягында кантем? Дүкөндү жаап коюуга мажбур болом. Анда биздин үй-бүлөбүз кантип жашайт? Дүкөндө иштеген жардамчыларым жумушсуз калат. Баарыбыз чет өлкөгө миграцияга кетишибиз керекпи?" - дейт Алтынай.

Алтынай Абасова жана Ирина Листовенко.
Алтынай Абасова жана Ирина Листовенко.

Бишкектик дагы бир соодагер Ирина Листовенко 2023-жылдан тартып салыкты ККМ аркылуу төлөп, ал тууралуу Салык кызматына ай сайын отчет берип келе жатышканын, салыкка карыз болбогонун билдирүүдө:

"Мага дагы Салык кызматынан камералдык текшерүү жүргүзүлүп, 128 миң сомду мамлекетке төгүү милдеттендирилди. Бул менин чакан дүкөнүм үчүн өтө чоң акча. Мен дагы товарды "Дордой" базарынан алам. Алар бизге электрондук эсеп-фактурасын бербейт. Анткени алар жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипке өткөрүлгөн, эсеп-фактурасы менен иши жок. Анан кайдан алабыз биз аны?".

Ирина учурда товар сатып алууну токтотуп, дүкөнүндөгү акыркы калдыктарын сатып жатканын айтты.

Ишкерлер өкмөттөн электрондук эсеп фактурасы тууралуу салык системасын жөнөкөйлөштүрүп берүүнү өтүнүүдө.

"Ишкерлер мыйзамды аткарышы шарт"

Ал эми Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактура талабы Салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүп жатканын белгилеп, базарлар мыйзамга ылайык иштөөгө тийиштигин билдирип келет.

Бул жолу да ишкерлердин кайрылуусунан соң, Салык кызматы билдирүү таратып, ишкерлерди ЭТТК (электрондук товар-ташуу коштомосу) жана ЭЭФ (электрондук эсеп-фактура) колдонуу боюнча салык мыйзамдарынын талаптарын сактоого чакырды.

"Бул талаптар салык мамилесинин ачык-айкындыгын жогорулатууга, көмүскө экономиканы кыскартууга жана соодагерлердин кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Электрондук коштомо жана электрондук эсеп-фактура товарларды легалдаштыруу жана салык милдеттенмелерин туура эсепке алуу үчүн керек. Учурда ишкерлер үчүн бизнести жеңилдетүү, экономикалык климатты жакшыртуу жана салык жүгүн азайтуу үчүн көптөгөн салык жеңилдиктери бар.

Буларды колдонуу үчүн жогорудагы талапты сактоо негизги шарт. Товарларды жеткирүүдө бул милдеттерди аткарбоо салык мыйзамдарын бузууга жатат. Мындай учурларда сатып алуучулар текшерүүлөрдү жүргүзүү жана эреже бузууларды четтетүү үчүн салык органдарына токтоосуз билдирүүгө тийиш", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын Салык кызматынын башкы имараты.
Кыргызстандын Салык кызматынын башкы имараты.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, карголор аркылуу алып келинген товардын келип чыгышынын мыйзамдуулугун тастыктаган негизги документ - бажы декларациясы.

Эгерде карго компанияда бул документ босо, ал товардын менчик ээси болуп эсептелет жана аны ички базарда сатуу жоопкерчилигин алат. Карго компания товарды сатканда ага ЭТТК жана ЭЭФти тариздеп берүүгө милдеттүү.

2024-жылы Кыргызстанда салык системасына өзгөртүү киргизилип, 1-июлдан баштап соодадагы патент жоюлган. Соодагерлер ККМ колдонууга милдеттендирилген. “Дордой” жана “Тураталы эл базарында” (ред.: “Кара-Суу” базарында) иштеген 17 миңден ашуун соодагер өзгөчө салык режимине өткөнү кабарланган.

Юрист Индира Саутова ушундан улам учурда жаралган абалды мындайча мүнөздөдү:

Индира Саутова
Индира Саутова

"Жаңы система кирип атканда Салык кызматы айткан: "Айландырган акчаңыз сегиз миллионго жетпесе, нөл пайыз менен катталыңыз. ККМ иштеткиле, жеңилдетилген система менен киреше салыгын төлөбөйсүңөр", - деген. Бирок азыр Салык кызматы электрондук эсеп-фактураны - товарыңардын кайдан чыгышын көрсөтө албаганыңар үчүн мамлекет силерге салык кошуп жатат деп жатат. Бул соодагерлерди адаштыруу болуп саналат. Бүгүнкү күнү бул массалык жасалып жатат. Система толугу менен чакан ишкерлердин укугун коргой албаса, алардын ишеничинен кетет. Мурда ишкерлер "каралардан" корксо, азыр "дагы кандай кошумча салык салат" деп Мамлекеттик салык кызматынан коркуп отурушат".

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстанда 82 миң 886 ишкер патент системасынан башка салык режимдерине өткөнүн, бул соода-сатык менен алектенгендердин 98% ашыгын түзөрүн билдирген.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG