Президент Садыр Жапаров убада кылган маегин 25-апрелде мамлекеттик «Кабар» агенттигине курду. Анда ал өлкөдө кызуу талкууланып жаткан саясий, экономикалык көйгөй, демилгелерден тарта соңку мезгилде эмне себептен көз айнек тагынып калганына чейин түшүндүргөн.
Бишкектеги президенттин административдик имаратынын курулушу боюнча талкуудан кийин Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жакын арада маек берүүнү убада кылган. Бул убададан соң бир катар журналисттер президенттен маек алууну каалоосун билдирген эле. Бирок Жапаров мамлекеттик «Кабар» агенттигинин суроолоруна жооп берүүнү чечкен. Текст түрүндө жарыяланган кеңири интервьюда ал өлкөдө талкуу жараткан маселелер боюнча пикирин билдирип, жооп берүүгө аракет кылган.
«Курулган имараттар келечек үчүн»
Алгач президент Бишкектин түштүк тарабында курулушу башталган имараттын чоо-жайын түшүндүрүп, келечекте өкмөттүк мекемелердин көпчүлүгү жогору жакка көчүрүлөрүн айтты:
"Айрым ою бузук адамдар айтып жаткандай, менин отурган жерим укмуш болуш керек, жашаган жерим андан да укмуш болуш керек деп салып жатканым жок. Жөнөкөй жерде олтуруп алып деле иштей берем. Негизи ар бир кабыл алган чечимдерим, жасаган иштерим келечекке мурас болуп калса деп жасап жатам. Баарыбыз бул дүйнөдөн өтөбүз. Убакыт өткөндөн кийин унутулабыз. Ал эми жасап кеткен иштерибиз, салып кеткен имараттарыбызды келечек муун дайыма эстеп, атыбызды атап жүрүшөт. Имарат салып жатсам, мен аны көрүмө көтөрө кетпейм. Эл үчүн, келечек муун үчүн калат",- деди Жапаров.
Садыр Жапаров президенттик администрациянын имаратын куруу үчүн алмаштырылып жаткан 16 гектар жердин баасы 30 миллион доллардан жогору болорун белгилеп, имаратты салууга кеткен каражат курулуш бүткөндөн кийин толук эсептелип чыгарын кошумчалады. Ал "Манас айылы" жаңыланып, анын маңдайына "Манас" театры салынарын ачыктады.
Жапаров өзү бийликке келгенден тарта өлкө боюнча 3100 гектардан ашык жер тилкеси мамлекеттин эсебине кайтарылганын жана бюджеттин эсебинен 159 социалдык обьект курулганын жарыялады.
Соңку күндөрү бийликтин жаңы Ак үйдү куруу чечими коомчулукта катуу талкуу жараткан. Буга чейин президенттик аппарат мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасынын ордундагы 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген жаңы Ак үйдүн чыгымын инвесторлор көтөрө турганын, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер берилерин кабарлаган.
Бирок борбордук бийлик жаңы имаратты кайсы инвесторлор салып, жер аларга кандай шартта берилгенин айткан эмес. Ушундан кийин бир катар жарандык активисттер жана журналисттер инвестордун ысымын жана кандай шартта куруп берип жатканын жарыялоону талап кылган.
Дал ушул маселеден улам президенттин тегерегинде күмөндүү адамдар пайда болгону айтылган эле.
Садыр Жапаров соңку маегинде бул суроого жооп берип, жанындагы адамдардын буга чейинки басып өткөн жолу эмес, азыркы ишмердигине маани берерин белгиледи:
«Айланамда жүргөндөрдүн баарын көзөмөлдөп турам. Мурдагы ишмердиктери, репутациясы мени кызыктырбайт. Мен башында эле сүйлөшкөм. “Мурда кандай иштедиң, ким менен иштедиң – мени кызыктырбайт. Мындан ары таза иштейсиң, уурдабайсың, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей иштеп бересиң. Эгер кыйшайсаң, камаласың” деген талап менен иштетип келе жатам. Мамлекет башына келгенден кийин жоопкерчилик моюнуңда болот экен. Сарсанаа болот экенсиң. Мамлекеттин ишин тартып кете турган кадрларды издей баштайт экенсиң. Бирөөнү тапсаң, таза, бирок потенциалы төмөнүрөөк. Бирөөнү тапсаң, эл айткандай, репутациясы начар, бирок мамлекеттик ишти удургуткан бойдон тартып кетет. Анан аны менен ушинтип сүйлөшүп алып иштетишке туура келет экен. Жеке эле мага эмес, элге дагы мамлекеттин иштери дүркүрөп алдыга жылып турушу керек да акыры. Анан эле тиги жегич, бул жаман деп олтура берсек алдыга жай жылабыз. Мен азыр эч кимге жегизбейм»,- деди.
Президент коомдо талкуу болуп жаткан өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн ишмердиги боюнча пикирин билдирип, өз командасына толук ишенерин ишарат кылды:
«Эдил Байсаловдун өз көз карашы бар. Көп нерсени ачык айтат. Бирөөгө жагабы-жакпайбы, ага көңүл бурбайт. Демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник. Бизде демократия. Ар ким сунушун, өз көз карашын ортого таштайт. Аны талкуулайбыз. Жакса, кабыл алабыз. Жакпаса, четке кагабыз. Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев болсо сөзгө чоркок министр, бирок иштин көзүн билген жетекчи. Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду».
Дегеле президент өкмөттүн туруктуу иштешин жактай турганын утур-утур билдирип келет. Бир күн мурун Акылбек Жапаров жетектеген өкмөттүн отставкасы тууралуу соцтармактагы талкууларды четке каккан эле.
Жапаров буга чейин жарыя кылган Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Асман» шаарын, «Балыкчы-Кочкор» темир жолун куруу боюнча аракеттер уланаран шардана кылды.
Тышкы саясат: Украин-орус согушу
Президент Жапаров дүйнө назарындагы Орусиянын Украинадагы агрессиясы жана тышкы саясаттагы Кыргызстандын позициясы боюнча да суроого жооп берди. Ал бул маселеде Кыргызстан нейтралдуу позицияны карманарын дагы бир жолу кайталады:
«Албетте, эки тараптан тең адамдар кырылып кеткени жалпыбыз үчүн эле трагедия болуп жатат. Согуш болбосо жакшы болмок. Согушту болтурбай коюуга эки тарапта тең мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок ортодогу эки тарапка тең маалымат ташыгандар туура эмес маалыматтарды беришип, согуш башталып кетти. Эки тарап тең президенттерин адашууга алып барышты. Анын үстүнө ортого от жаккан тараптар дагы согушту токтотконго күч жумшагандын ордуна күчөтүп жатышпайбы. Тескерисинче, Минск келишимин аткаргыла деп катуу талапты коюшса, согуш болмок эмес. Минск келишимине Орусия, Украина эле эмес, Германия менен Франция дагы кол коюшкан экен. Биз кичинекей эле мамлекетпиз. Таасирибиз деле жок. Бир тарабын колдой койсок эле алар жеңип кетмек беле».
Мындан сырткары АКШ менен кол коюлчу кызматташтык келишимдин жагдайына токтолуп, Кыргызстан бир катар Кошмо Штаттар менен эле эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен экономикалык кызматташууга кызыкдарлыгын ачыкка чыгарды.
Расмий Бишкек Украинадагы окуялар боюнча бейтарап позицияда экенин айтып келет. Бирок бул теманын айланасындагы айрым жагдайлар бийликтин дарегине сын-пикирлерди жараткан. Алсак, коомчулукта Украинадагы согуштан улам эки ача пикир айтылып, эки тараптын позициясын колдогон акциялар өткөн. Бишкектеги Горький сейил багында өткөн дал ушул пикеттердин жүрүшүндө Орусияны жактагандарга чара көрүлбөй, Украинаны колдоп чыккандарды милиция кармап кеткени талкууга түшкөн.
Садыр Жапаров дал ушул маселеге кайрылып, борбор калаада Горький сейил багынан башка жайларга акция өткөрүүгө тыюу салган сот чечимин мыйзамга каршы келет деп эсептебей турганына токтолду:
"Эч ким чектөө койгон жок. Горький паркына барып, каалаган күнү каалашыңарча митинг кыла бергиле. Биз жөн гана элчиликтердин алдына барбагыла деп жатабыз. Маданият деген болуш керек да. “Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төрүнө илем” деп эле элчиликтердин алдына барып алып эшиктерин каккылап турган кантип жакшы болсун. Башка мамлекеттер менен сый мамиледе болушубуз керек. Мындан ары бир дагы элчиликтин алдына барып митинг кылганга жол бербейбиз. Кечээ жакында Тажикстандын элчилигинин алдына да он чакты киши чыгыптыр. Биз кеч билип калдык. Кийин баарына эскерттик. Мындан ары элчиликтердин алдына барып жатып алууну токтотуш керек. Горький паркына барып митинг өткөрө бергиле. Мага десең, түнөп жатып алып өткөр. Демократия керек бизге. Өмүр бою керек. Бирок ошол демократияны дагы пайдалуу, маданияттуу колдонолу да».
Президент утур-утур куралдуу жаңжал чыккан Тажикстан менен мамилеге токтолуп, бул коңшу менен жакын арада чек ара такталат деген ишенимин билдирди. Анын маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасынынын 600 чакырымы такталган. Дагы 300 чакырымын тактоо зарыл.
Сөз эркиндиги, оппозициянын орду
Ошондой эле Жапаров өлкөдөгү оппозициянын ролу жана соңку мезгилде түзүлгөн оппозициячыл бирикмелер боюнча пикирин билдирди. Ал өлкөгө оппозиция керектигин, бирок алар жеке кызыкчылык үчүн элди дүрбөтпөш керектигин белгилеген.
Президент Жапаров иликтөөчү журналист Болот Темировго карата кылмыш иши тууралуу соболго жооп берди. Өлкөнүн биринчи адамынын маалыматы боюнча, журналистке кылмыш иши үч ай мурда козголгон:
"Бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошол аскердик билеттин негизинде Өзгөндөн кыргыз паспортун алган экен. Өзү Орусиянын жараны болгон. Ал аскердик билеттин ээси дагы табылды. Болот Темиров кыргыз армиясында эч качан кызмат кылбаганын Коргоо министрлиги дагы тастыктады".
Садыр Жапаров бул иш Болот Темиров журналист болгон үчүн резонас жаратып жатканын, бирок мыйзам алдында баары бирдей жооп берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.
Президент белгилүү журналист Темировго үч ай башта козголгонун айтканы менен бул иш коомчулукка өткөн аптада гана дайын болгон. Анда Темиров Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документ жасалмалоо"), 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча айыпталып жатканы кабарланган.
Темировдун өзү кылмыш иштерин буга чейин бийликтин мыйзамсыз иштерин ашкерелеген иликтөөлөрү үчүн өч алуу катары сыпаттап жатат. Ал акыркы жолу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулдары түзгөн компаниялар мамлекеттик тендерлерге жеңүүчү болгону тууралуу иликтөө жарыялаган.
Президент Ташиевдин уулдары катышкан тендерди териштиргенин билдирип, анда мыйзам бузуу жок экенин кыйытты. Ал узак жылдардан берки досу, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен мамилеси жакшы экенин дагы бир жолу кайталады.
"Матраимов четтеги мүлкүн 2017-жылга чейин сатып жиберген"
Садыр Жапаров УКМК жана прокуратура коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүргүзүп жатканын билдирди. Анын маалыматы боюнча, соңку убакта эле 11 миллиард сомдон ашык каражат бюджетке өндүрүлгөн.
Өлкө башчысы коомчулукта резонанс жаратып, Жапаровдун бийликке келишин шарттаган 2020-жылдагы Октябрь окуяларынын себептеринин бири болгон Бажы системасындагы коррупция боюнча унуткан жок. Ал Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов чет өлкөдөгү мүлкүн 2017-жылга чейин сатып жибергенин шардана кылды:
"Матраимовду камап, 2 миллиард 150 миллион сом акча төктүрдүк. “Элдорадо” деген соода түйүнүн алдык. Кымбат баалуу 10 батирин алып, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу элге таратып бердик. Кошуна мамлекеттердин баарына жана Дубайга дагы өтүнүч каттарын жөнөттүк. “Силерде болгон кылмыштары же мүлктөрү болсо, тизмесин бергиле” деп. Бардык мамлекеттен “андай жок” деген жооптор келди. Болсо дагы 2017-жылы ызы-чуу башталганда, сатып жиберген экен деген маалыматтарды алдык".
Садыр Жапаров парламентте талкууланып жаткан айрым мыйзам долбоорлору тууралуу пикирин билдирди.
Ал учурда өзүн калктын 80% колдой турганын, президенттик мөөнөтү аяктаганча бул сан көбөйбөсө, азайбайт деген ишенимде экенин белгиледи. Жапаров калктын ишеним көрсөткүчү боюнча кайсы сурамжылоо же иликтөөгө таянып жатканын тактаган жок.
Садыр Жапаровдун бул маеги күндүн башкы темасына айланып, коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты.
Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев өлкө башчысы соңку маеги менен коомчулукта топтолгон маселелерге жооп берип, эл пикири менен эсептешерин көрсөттү деген ойдо:
«Жалпак тил менен бүйүрдү кызыткан дээрлик бардык суроолорго жооп берди. Бул абдан жакшы жышаан. Анткени, президенттин эч бир нерсени жашырбай, конкреттүү сандар менен жооп бергени жакшы болду. Азыркы президент карапайым элдин колдоосуна ээ экенин сезип жатат го. Ошондуктан, баарын ачык айтып, «мен уурдабайм жана башкаларга уурдатпайм» деп жоопкерчиликти өзүнө алууда».
Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев болсо президенттин коомчулукта бүйүр кызыткан маселелерге ачык жооп бергенин оңунан баалайт. Бирок ал президенттин журналисттер жана сөз эркиндиги боюнча пикирлери тынсыздануу жаратканын жашырбайт:
«Президенттин суроолорго ачык-айкын жооп бергени абдан жакшы көрүнүш. Бирок иликтөөчү журналисттердин аттарын атап, өз пикирин билдиргени мени кабатыр кылды. Президенттин пикиринен соң күч органдары, сот, прокуратура иликтөөчү журналисттерге каршы гана иштеп башташы мүмкүн. Ошондуктан, президент Баш мыйзамдын кепили катары өзү жакшы көргөндөргө да, жаман көргөндөргө да бирдей мамиле кылышы керек деп ойлойм».
Ал эми саясатчы Бектур Асанов президент оппозициянын пикирине кулак салып, сын-пикирлерге маани бериши керек деп эсептейт:
"Маекте баары сонун деген гана сөздөрдү айтыптыр. Чоң саясий ишмердин аракетинде мындай баа берилбейт. Маектен соң бул кишиде маалымат жок же тегерегиндегилерди гана угуп, реалдуулуктан алыспы деген пикир жаралууда. Президент сын айткандарды душман көрбөй, аларды уга билиши керек деп ойлойм".
Президент Садыр Жапаров 2020-жылдагы Октябрь окуясынан бийлик башына келген. 2021-жылы январдагы президенттик шайлоодо добуш берүүгө катышкандардын 79 пайыздан ашыгынын добушун алып, өлкөнүн биринчи кызмат адамына бекиген. Андан бери Кыргызстанда жаңы Конституция кабыл алынып, башкаруу системасы өзгөрдү.
Айтмакчы, анын улуттук «Кабар» агенттигине берген маеги президенттик башкарууну жактаган Конституция күчүнө киришинин бир жылдыгына туш келди.