Кылмыш иши козголгон Next TV каналы боюнча атайын кызматка суракка барган саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшанга Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды.
Саясатчы атайын кызматтын чечими ага карата саясий куугунтуктун уландысы экенин айтууда. Ушул тапта саясатчынын өзү, карындашы, жардамчысы, ал ээлик кылган телеканал жана анын директору кылмыш иши боюнча айыпталууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшандын өлкөдөн чыгышына тыюу салганы айтылды.
УКМК бул тууралуу үн каткан жок.
Бул саясатчынын жакындарына карата колдонулган биринчи мыйзамдык чара эмес. Ага чейин Равшан Жээнбеков өзүнө таандык экени айтылган "Некст ТВ" каналына байланышкан иштерди да саясий куугунтук катары баалады.
“Бир топ жылдан бери АКШда эмгектенген уулума өлкөдөн чыгууга тыюу салышты. Телеканалдын социалдык медиасын кимге илерин билбей баштары адашып жатат. Анткени телеканалдын директорунун социалдык медиага тиешеси жок. Мен бардык президенттерге оппозиция болгом. Биздин саясатта саясатчылар бири-бирибизди куугунтуктаганга көнгөнбүз. Мен эмне үчүн маданияты, деңгээли төмөн бийликти биринчи жолу көрүп жатам деп атам? Булардай болуп үй-бүлөнү кагыштырып, үй-бүлө мүчөлөрүн аңдып, бири-бирине маалымат ташып, бала-чака, бир тууган, жардамчыларга чейин өткөн атайын кызматтын зөөкүрлүгүн биринчи жолу көрдүм. Мен ойлойм бул алардын мүнөзү. Жашырып дагы койбойт, маңдайга келип, үйүңдүн астына туруп алып тартышат. Мунусун жазып алдык, мунусун билебиз деп айттырып ийет. Жаман жери бул көрүнүш эртең өз баштарына келет”.
Жээнбековдун туугандарын байлаган кылмыш иштери
Учурда Равшан Жээнбековдун өзүнөн тышкары уулу Азат Равшанга, карындашына жана жардамчысына өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.
Жээнбеков 2019-жылы болгон Кой-Таш окуясы боюнча башаламандык уюштуруу, адамды барымтага алуу, тергөөчүгө каршылык көрсөтүү сыяктуу тогуз берене менен айыпталууда.
Саясатчынын карындашы, Биринчи май райондук сотунун мурдагы судьясы Мира Жээнбековага 2021-жылы апрелде “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кызматтан алынган.
Кийин бул берене “Мыйзамсыз кирешени адалдаштырууга” өзгөртүлүп, ушул жылы февралда “Коррупция” беренесине алмаштырылган.
Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиевага дагы кылмыш иши козголгон. УКМК аны "2019-жылы кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап, суракка чакырган. Ушул жылы февралда анын иши сотко өткөн.
Быйыл 3-мартта Жээнбеков ээлик кылган Next TV телеканалына “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” деген берененин негизинде иш козголгон.
Телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев эки айга камакка алынган.
4-мартта Next TV телеканалына козголгон кылмыш ишине байланыштуу атайын кызматка суракка барган Жээнбековдун уулу Азат Равшанга өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы белгилүү болду.
Саясатчы бул кылмыш иштерин түздөн-түз саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Ал жакында дагы чагым уюштурулушу мүмкүн деп күмөн саноодо.
“Мунун бардыгы айланып келип эле мага болгон басым. Менин көз карашымды өзгөртүү. Мени башка саясатчылардай коркутуп өз короосуна киргизип, кошоматчы кылып саясаттан кетирүү. Мага куугунтуктун эки-үч себеби бар деп божомолдоп жатам. Биринчиси - менин көз карашым булардыкына тап-такыр дал келбейт. Мен түзгөн эркин маалымат каражаттары мүмкүн болушунча элге объективдүү, ар кандай маалыматтарды жеткирип жатат. Биздин бийликтин кылып жаткан туура эмес иштерин системалуу түрдө чагылдырып турат”.
Атайын кызмат жана жогорку бийлик жетекчилери саясатчынын айыптоосуна жооп берише элек. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жээнбековдун айыптоосу тууралуу комментарий берген жок.
Болгону буга чейин президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Next TV телеканалына козголгон кылмыш иши тууралуу пикирин билдирген.
"Жалган маалыматтарды "интернеттен алдык" деп жеке менчик телеберүүдөн таратып, мамлекеттер аралык кастыкты козутуудан алыс болсоңуздар. Мыйзам чегинде териштире баштаса, "сөз эркиндигин ооздуктап жатат" деп айтып чыгасыздар. Сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет. Эч ким сөз эркиндигин чектеген жок. Ошол эле маалда сөз эркиндигине жамынып алып жалган маалыматтарды жеке телеберүү жана башка маалымат булактарынан таратууга жол берилбесин эстен чыгарбоо маанилүү. Кыргызстан жөнүндө кандайдыр бир күмөн жараткан маалымат таратаардан мурда расмий булактарга кайрылсаңыздар, ал жактан жооп ала аласыздар".
Равшан Жээнбеков акыркы эки жарым жылдын бир жылын тергөө абагында өткөрдү. Ал алгач мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2020-жылы декабрда камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган.
"Үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде 2021-жылы 5-августта кайра №1 тергөө абагына киргизилген. 2021-жылы 27-декабрда күчүнө кирген Жазык-процессуалдык кодексине ылайык камактан бошотулган.
Суракка чакыртылып жаткан Next TV телеканалынын 11 журналистинин укугун коргоп жаткан “Адилет” клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова эгер Жээнбековго жана жакындарына козголгон кылмыш иши телеканалдын ишиндей болсо, анда куугунтук деп айтууга негиз бар деп эсептейт.
“Биз алып барып жаткан иш боюнча укук коргоо органдары мыйзамдуу иштебей жатканын айта алам. Кылмыш иши ойлонуп табылган. Башка кылмыш иштери дагы Next TV телеканалына козголгон иштей каралып жатса бир жөн. Жээнбековдун саясий куугунтук жүрүп жатат деп айтууга негизи бар. Бизде үч жолу революция болду. Тилекке каршы сот, укук коргоо системасы мурдагыдай эле иштеп жатат”.
Ал эми саясий ишмер, окумуштуу Каныбек Осмоналиев саясий куугунтук деп “айгай” салуудан мурда укуктук негизде ак экенин далилдөө керек деп эсептейт.
“Ар кандай соттук иштерде тергөөнүн же прокуратуранын конкреттүү дооматы болот. Демек айыпталуучу өз позициясын билдирет. Бул эки жактын тең мыйзамдуу укугу. Менимче минтип атат деп айгай салуудан мурда күчтүү адвокаттарды жалдап акталып алса болот. Мен өзүм эки жолу ошондой ишке кабылган киши катары айттым. Мен укуктук негизде күрөшүп акталып чыккам. Равшан мырзага кеңешим, иштин жагдайын айтса, эл өзү ылгап алат”.
Саясатчы Равшан Жээнбеков 2020-жылы президенттик шайлоого ат салышып, учурдагы президент Садыр Жапаровго оппонент болгон. 2021-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Жээнбеков камакта жатып Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округунан ат салышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкер катары каттап, бирок сот үгүт өнөктүгүн жүргүзүү үчүн эркиндикке чыгаруудан баш тарткан.
Жээнбековдун карьерасы 90-жылдардын акырында, туңгуч президент Аскар Акаевдин тушунда башталып, 30 жашында Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетин башкарган. 2005-жылы февралда бийлик колдогон талапкер уткан шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, толук оппозицияга өтүп, жоогазын ыңкылабына активдүү катышкан.
2005-жылы бийликке Курманбек Бакиев келгенден кийин эки жыл Малайзияда элчи болуп иштеген. Кийин оппозицияга өтүп АКШга чыгып кеткен. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Кыргызстанга кайтып келип, “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.