Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

Сабалган футбол судьясы, "Аалам сулуусунан" корккон президент


"Аалам сулуусу" сынагынын финалы. Салвадор, 18-ноябрь, 2023-жыл
"Аалам сулуусу" сынагынын финалы. Салвадор, 18-ноябрь, 2023-жыл

Тажикстан талибдер менен жакындашкысы келбейт

Тажикстан “Талибандын” Борбор Азиядагы жападан-жалгыз сынчысы жана Ооганстандагы бардык катмарларды камтыган диалог жүргүзүү аракетин көрүүдө. Мындай ой-пикири менен The Diplomat басылмасына 11-декабрда чыккан макаласында изилдөөчү Шанти Мариет Д`Суза бөлүштү. Оболу ал тажик президенти Эмомали Рахмондун быйыл сентябрда кошуна өлкө менен чек аралардагы базарларды бизнес үчүн ачуу буйругун бергенин, бул кадам тараптардын алака-катышынын нормалдашуусу катары бааланганын баяндаган. Бирок үч айдан кийин да көп өзгөрүүлөр байкалган жок, Тажикстан-Ооганстан мамилелери салкын бойдон кала берүүдө.

Автор талибдер бийликке кайтып келгенден кийин Рахмон аларды тааныбоого чакырганын, этностук тажиктердин дискриминациясын сындаганын, инклюзивдүү өкмөт түзүүнү колдогонун эске салат.

“Талибан” өз кезегинде Дүйшөмбүдөн өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөнү талап кылган.

Тажик-ооган чек арасы, 7-июль, 2021-жыл
Тажик-ооган чек арасы, 7-июль, 2021-жыл

Мындан тышкары Тажикстандын бийлиги Ооганстан менен чек арадагы маңзат аткезчилигине, качкындарга нааразылыгын билдирип келишет.

“Эзелтен эле куугунтуктан, экономикалык каатчылыктан, бейстабилдүүлүктөн качкан оогандыктар тажик жергесинде убактылуу башкалка таап келген”, - деп түшүндүргөн изилдөөчү талибдер бийликке келер алдында жана андан кийинки бир нече айда кошуна өлкө менен чек арадан миндеген киши өтүп келгенин жазган.

Бул сөздөрүн ал БУУнун Качкындар агенттигинин статистикасы менен бышыктайт. Ага ылайык, Тажикстандагы ооган качкындарынын саны 10 минге жетет. Көбү Европага, АКШга жана Канадага эмиграцияны күтүүдө.

Бирок Д`Сузанын көз карашында “Талибанды” оогандык мурдагы аткаминерлердин, оппозиция лидерлеринин Тажикстанда башпаанек тапканы иренжитет. Анын үстүнө 2021-жылдын августунан бери Дүйшөмбү эки жолу Коопсуздук боюнча Герат диалогун өткөрдү. Акыркысында, быйылкы жылдын ноябрында Ооганстандын мурдагы саясий жетекчилигинин мүчөлөрү жана ар кыл этностук топтордон турган “каршылык көргөзүү” кыймылынын лидерлери талибдер менен күрөштүн планын иштеп чыгууга чакырышкан.

Изилдөөчү баяндагандай, Тажикстандын мындай аракеттери жоопсуз калган жок, ар кыл экстремисттик топтордун жардамы менен кошуналардын аймагында кол салууларды ишке ашырууну көздөгөн учурлар белгилүү.

Макалада Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнүн көбү “Талибан” менен кызматташууга ыктаганы, соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен таанышып чыкканы да кеп болот.

Аягында автор Дүйшөмбүнүн талибдер менен мамилелери жакынкы арада сыягы олуттуу өзгөрбөйт, бирок орток чек араларды, маданиятты жана этностук жакындыкты эске алганда, Тажикстан Ооганстандагы стабилдүүлүккө таасир эте берет деген оюн айтат.

Түрк футболунун бетине көө жапкан жаңжал

Дүйнөлүк басма сөздө Түркиянын спортундагы жагымсыз окуяга кайрылгандар көп болду. Футбол клубунун президенти судьяны сабагандан кийин жергиликтүү лиганын оюндары убактылуу токтоп, эмки шейшембиде жанданары кабарланды.

Al Jazeera ал жосунсуз жорукту түрк футболуна көө жапкан окуя деп сыпаттап, эң популярдуу спорттун кризисине алып келгенин, зомбулук маселесин козгогонун жазды. 11-декабрда "Анкарагүжү"- "Чайкур Ризеспор" беттешинин аягында коноктор кошумча убакытта гол киргизүүгө үлгүрүп, матч 1-1 эсеби менен аяктаган. "Анкарагүжү" клубунун президенти Фарук Кожа бир нече киши менен талаага чуркап чыгып, калыс Халил Умут Мелерди токмоктоп, тепкилеген.

Бети шишип чыккан 37 жаштагы реферини полициянын коштоосунда оюн талаасынан алып кетишкен. Кийин Мелер Кожа аны өлтүрөрүн айтып коркутканын билдирди. Калыс шаршембиде Анкарадагы ооруканадан чыкты. Маалыматка караганда, ага Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган телефон чалып, ал-абалын сурады.

Футбол клубунун президенти референи токмоктогондон кийинки кадр. Анкара, 11-декабрь, 2023-жыл
Футбол клубунун президенти референи токмоктогондон кийинки кадр. Анкара, 11-декабрь, 2023-жыл

Al Jazeera Мелерди тажрыйбалуу, эл аралык оюндарда калыстык кылуу аккредитациясынан өткөн адис катары сүрөттөп, эмки жылы Европа биринчилигине катышарын жазат.

Ал эми аны сабаган Кожа Эрдогандын АК партиясынын мүчөсү, саясатчы, мурдагы депутат, Анкара шаарынын мэрлигине талапкер болгон. Бийликтеги партия аны өз катарынан чыгаруу жараянын баштады. Андан тышкары Кожа клубдун президенттигинен кеткени менен рефери ката кетирген деген оюнан тайган жок. Окуядан кийин ал түрк элинен кечирим сурады.

Юстиция министри тергөө жүрүп жатканын, Кожа жана эки киши камакка алынганын билдирди.

“Спортто зомбулукка орун жок, мындайга жол бербейбиз”, - деп Х социалдык тармагына жазды президент Эрдоган.

Макалада ФИФАнын, УЕФАнын реакциясы да чагылдырылган. Дүйнөлүк ассоциациянын төрагасы Жанни Инфантино андай окуялар кабыл алынгыс экенин белгиледи. Европалык футболдун жетекчилиги судьяга зомбулук көрсөткөндөргө каршы чечкиндүү чара көрүүгө үндөдү.

Al Jazeera ошондой эле Түркияда бул өңдүү окуялар маал-маалы менен болгонун айтат. Бирок мындай жогорку деңгээлдеги калыска кол көтөрүү учуру биринчи жолу катталып отурат. Түрк Футбол федерациясынын жетекчиси Мехмет Бүйүкекси калыстарды айыптоо маданияты жайылганын, мындай кол салууга клубдардын президенттери, менежерлер, машыктыруучулар жана телекомментаторлордун жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү өбөлгө түзөрүн билдирди.

"Аалам сулуусу" эмнеге куугунтукка кабылды?

Бир эле түндө улуттук сыймыктан саясий диссидентке кантип айланса болот? Corriere della sera гезити Никарагуанын президенти быйыл “Аалам сулуусу” сынагын жеңген Шейннис Паласиостун артынан кантип сая түшкөнүн баяндады.

23 жаштагы Шейнниске 18-ноябрда "эң сулуу кыз" деген титул ыйгарылып, канчалаган кыздар кыялданган таажыны кийген. Никарагуанын өкүлү буга чейин мындай наамды жеңип көргөн эмес. Бирок көп узабай, социалдык түйүндөрдө анын 2018-жылы тынч демонстрацияларга катышкан сүрөттөрү байма-бай жарыялана баштады. Пенсия реформасына, начар экономикалык шарттарга, коррупцияга, башкаруу ыкмасына каршы акцияларды Даниэл Ортеганын авторитардык өкмөтү “мамлекеттик төңкөрүш аракети” деп сыпаттап келет. Ошондо бери дегенде 355 киши каза тапкан, 700 миңдей киши репрессиялардан чет жактарга, негизинен АКШ менен Коста-Рикага качкан.

Басылма жазгандай, “Никарагуа сулуусу” жарышынын директору Карен Челеберетти “террордук уюмдар менен кутумга” айыпталып, кызматынан кетүүгө аргасыз болду.

Эл аралык сынакты Никарагуанын өкүлү жеңгенден кийин баш калаа Манагуанын көчөлөрүнө улуттук желекти көтөргөн эл агылганы менен, Паласиос жана Челеберетти мекенине кайткан жок.

“Никарагуа сулуусу” жарышынын директоруна кызы менен кошо өлкөгө кайтып келүүгө тыюу салынды. Анын үйүндө тинтүү жүрүп, күйөөсү менен уулу “чыккынчылык” айыбы менен камакка алынганын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Паласиостун жеңишин өкмөт адегенде кубануу жана сыймык менен кабыл алган. Кийин бийликке каршы акциялардан сүрөттөрү тарап баштаганда, аны учакка отургузбоо буйругу берилди. Маалыматтарга караганда, "Аалам сулуусу" ушу тапта Индонезияда жүрөт.

Паласиос саясатка эч качан аралашпаганын айтып келатат. Ага социалдык тармактарда колдоо билдирген бир нече киши кармалды.

"Байкуш өлкө, жадакалса “Аалам перисинин” таажысы полицай мамлекетин ушунчалык титиретти", - деп жыйынтыктаган Corriere della sera.

XS
SM
MD
LG