Учурда Кыргызстандагы тарых илими изденүү түйшүктөрүн улантууда. Эгерде совет доорунда ага өз аймагынын жана элинин гана тарыхын таразалоо жүгү гана артылган элеттик мүнөз таңууланса, азыркы тапта ал дүйнөлүк жана чөлкөмдүк тарыхты да өз алдынча иштеп чыгууга бет алган комплекстүү илимий тармакка айлануга тийиш. Көйгөй жаатындагы тарыхчынын блогу.
Алгы сөз
Эгемен Кыргызстандын тарых илимин тереңдетип изилдөөнү багыттоо маселеси кайсы бир чаканыраак мекеменин, – маселен, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) сыяктуу жогорку окуу жйларындагы тарых факультетинин же Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясындагы (КР УИА) тарых, археология жана этнография жаатындагы институттун, – гана эмес, жалпы эле өлкөдөгү тарых илими менен алектенген мкемелердин, уюмдардын, илимий долбоорлордун жана жекече тарыхчылардын жалпы милдети.
2012-жылы негизделген жана жакында кайрадан өз ишин баштаган Кыргыз Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жетекчилиги өз мүчөлөрүнө өлкөдөгү тарых илиминин илимий жоболорун (концепцияларын) таразалоо жаатында сунуштар киргизүүнү өтүндү.
Фейсбуктагы маалыматтан: 2024-жылы 20-мартта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү. Комиссиянын күн тартибинде тарых илимине тиешелүү маселелер жана көйгөйлөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын изилдөөнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо каралды.
Эске сала кетсек, Комиссиянын жаңы курамы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2024-жылдын 28-февралындагы № 47 Жарлыгы менен бекитилген.
Менимче, жаңы жоболорду иштеп чыгуу жаатындагы бул жүрүмгө аталган расмий комиссияга мүчө болбогон жалпы илимпоз жана агартуучу тарыхчыларды да камтуу зарыл. Алар да интернеттеги коомдук тармактар аркылуу өздөрүнүн омоктуу сунуштарын шардана кыла алышат.
Замананын жаңы талабы
Кыргызстандагы тарых илими бул өлкө мурдагы оторчулук аймагы болуп келген мурдагы падышалык Орусиянын дагы, оторчулуктун айырмалуу көрүнүшү болгон мурдагы Советтер Биримдигинин дагы жалпы дүйнө тарыхы боюнча үстөмдүк кылып келген орусиячыл көз караштарынан, анын ичинде мурдагы орусиячыл коммунисттик идеологиялык чидерден толук бошонгондугу 1991-жылы 31-августта Кыргыз Республикасы өзүн көз карандысыз мамлекет катары биротоло жарыялагандыгынан бери учугун улайт.
Арийне, арадан өткөн дээрлик 33 жыл эгемен Кыргызстандын тарых илими үчүн жаңыча шартта телчигүүнүн өткөөл доору болуп калгандыгын да моюнга алуу керек.
Айрым адистерде жана илимий мекемелерде Кыргызстандын жана кыргыз улутунун гана тарыхын иликтешибиз абзел, ал эми жалпы дүйнөлүк тарыхка тишибиз өтпөйт, деген сыяктуу бечелдик түшүнүк дагы эле кала берип жатканын, же дүйнө тарыхын калчоодо мурдагы советтик марксисттик көз караштардан арылбай жатышкандыгын тарыхчы илимпоздор Кыргызстандагы тарых илиминин методологиялык көйгөйлөрү талкуу кылынган 2001-жылдагы жана 2015-жылдагы Бишкектеги эл аралык методологиялык илимий жыйындарда ачык сындашкан.
Бирок көйгөйлөр дагы эле кала берүүдө. Кыргызстандагы эч бир илимий институтта жалпы дүйнө тарыхынын орток маселелерин изилдөөнү мерчем кылган атайын бөлүм жок. Айрым университеттерде жалпы тарыхтын Кыргызстандан тышкаркы аймактарынын тарыхы боюнча кафедралар ачылган, бирок аларда негизинен Кыргызстандын тарыхы боюнча жактаган адистер иштешет.
Албетте, курулай сын менен чектелбестен, бул жаатта дүйнө тарыхынын ар кыл континенттик жана жалпы көйгөйлөрүн изилдөө боюнча жаңы кадрларды даярдоону мүдөө кылган атайын мекемелерди түзүү (институтташтыруу) чараларын эске алышыбыз зарыл.
Учурда кыргызстандык тарыхчы жана башка коомдук илимий тармактардагы адистер түркология, алтай таануу нуктарында жана Борбордук Азия менен Ички Азиянын тарыхынын, археологиясынын, нумизматикасынын, этнографиясынын илимий маселелери боюнча иш алып барууда.
Өзгөчө белгилей турган жагдай бар: Кыргызстандын тарыхы – жалпы дүйнө тарыхынын ажырагыс бөлүгү.
Ошондуктан буга чейин Кыргызстандын өзүнүн гана тарыхынын көйгөйлөрүн иликтеп келе жаткан замандаштарыбызды жалпы дүйнө тарыхынын көйгөйлөрү боюнча ар кыл жңы темаларды аркалоого деле шыктандыруу абзел.
Бул – азыркы күрдөөлдүн жаңы талабы.
Уучубуз куру эмес
Айрым бир кызыктуу мисалдарды айта кетким келет.
КУУда бир кездери өзүмө Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы боюнча сабак берген мыкты оутуучуларымдын бири, ОшМУнун профессору Жумали Адилбаев агайым “Индиянын соңку тарыхы (1918–2005)” деген окуу куралын (Ош, 2006) жарыялаган. Андан соң ал кичүү кесиптеши А.Б.Дүйшөнбаева менен бирдикте “Дүйнө тарыхы: доорлор жана цивилизациялар, географиялык ачылыштар, согуштар жана революциялар, мыйзам ченемдүүлүктөр жана келечек” деген кызыктуу китебин жарыялады (Ош, 2021). – 102 бет.
Мурдагы студенттеримдин бири, Нарын мамлекеттик университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Айнагүл Бектемирова жаш окумуштуу Максат Жумабаев менен бирдикте “Азия өлкөлөрүнүн соңку тарыхы (1918–2010-жж.)” деген темада окуу китебин даярдоого белсенип жаткандыгын айтканда, дароо алардын демилгесин колдодум.
Бишкекте гана эмес, элеттик университеттерде дагы ушундай демилгелер чыгып жаткандыгы эки нерсени түшүндүрөт: биринчиден, орто зарылчылыкты тарыхчы адистер бирдей аңдашат жна көйгөйлөрдү чечүү үчүн жалпы аракет кылышат; экинчиден, азыркы санарип жана интетрнет доорунда көөдөндөгү “борбордук” жана “элеттик” деген аткаминерлик жасалма чийин болбоого тийиш. Баткенде, Бишкекте, Жалал-Абатта, Караколдо, Нарында, Ошто же Таласта байырлап жатабы, ага эч багыныңкы болбостон, окумуштуу эл аралык деңгээлдеги жогору сапатка татыктуу эмгек жарата алат жана ага милдеттүү.
Ал эми фолк-хистори (анын ичинде жайсаңчылык) деңгээлине түшүп калгандай жармач ойлор камтылган эмгекти жзган калемгер кайсы шаарда жашагандыгына жана кандай академиялык даражага ээ болгондугуна карабастан, калыс сынга кабылышы керек.
Буга чейин деле жалпы чөлкөмдүк тарыхты дүйнөнүн ири мамлекеттеринин оторчул саясатынын тарыхы менен байланыштырып изилдеген жергиликтүү адистерибиз бар болчу.
Алардын бири – маркум профессор Бектемир Миталип уулу Жумабаев (1960–2014) тарыхта “Чоң оюн”, “Улуу оюн” деп шарттуу аталып келе жаткан дипломатиялык жана оторчул таймаш жөнүндө изилдеген жергиликтүү адисибиз эле. (Караңыз: Жумабаев Б.М. Памир: Улуу державалардын ортосундагы геосаясий күрөш / Жооптуу ред. Э.Ж.Маанаев. – Бишкек: Учкун, 2009. – ISBN 978-9967-02-583-7).
Орто кылымдардагы Энесай кыргыз тарыхынын ар кыл өңүттөрүн изилдеп жаткан Муратбек Кожобеков, Динар Иманова, Өмүрбек Алымкожоев, кара кытай тарыхынын булактарын изилдеген Кубан Жусаев, парсы булактарын изилдеген Анварбек Мокеева, Таласбек Машрапов, Акылбек Кылычев, чагатай түрк булактары боюнча адис Тынчболот Жуманалиев, арап булактарын изилдеген Гүлниза Айнакулова, кытай этнографиялык маалыматтарын изилдеген адистер Муратбек Иманалиев, Таалайбек Бейшеналиев, осмон түрк ж.б. мусулман булактарын изилдеген Абдрасул Исаков, Роза Абдыкулова, Тимур Исмаилов, арап арибиндеги кыргыз дипломатиялык булактарын изилдеген Арслан Койчиев, ж.б. адистер ара-чолодо чөлкөмдөр аралык көйгөйлөрдү да изилдеп келишет.
Жалпы түркологиялык этнографиялык, ономастикалык жана башка көйгөйлөрдү изилдеген профессорлор Абылабек Асанканов, Сулайман Кайыпов, Айдарбек Көчкүнов, Олжобай Каратаев, Айнагүл Жоошбекова, жадиттик кыймыл, эгемендик күрөшү, басмачылык тарыхы аркылуу Эдил, Урал, Казакстан, Өзбекстан, Чыгыш Теңир-Тоо жана Кыргызстан байланыштарын изилдеп жаткан Аида Кубатова, Жумагул Байдилдеев, Жолдошбек Бөтөнөев, Гүлзада Абдалиева, Таалайбек Жаркынбаев, чөлкөмдүк тарых боюнча орусиялык оторчул доордогу архивдик маалыматтарды казган Дөөлөт Сапаралиев, Кыяс Молдокасымов, булак таануунун математикалык ыкмаларын изилдеген Шайыр Батырбаева, кыпчак тарыхын изилдеген Сынару Алымкулова, татар улутунун тарыхын жана этнографиясын изилдеген Аниса Бикбулатова, заманбап тарыхыбыздын ар кыл көйгөйлөрүн ар тараптуу иликтеген Аалыбек Акунов, Төлөбек Абдырахманов, Зайнидин Курманов, Болотбек Абдрахманов, Жеңишбек Дүйшеев, Сабыр Арстанов, Элмира Ногойбаева, Гүлзат Алагөз кызы сыяктуу баалуу адистерибиз бар.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) тарыхы боюнча доктордук ишин жактаган Жамыйкат Өмүрова, айрым Борбордук Европа (немис, мажар, словак, поляк жана чех) элдеринин Кыргызстандагы диаспорасынын тарыхын изилдеген Туратбек Сырдыбаев, кыргыз диаспорасынын тарыхынын жана этногрфиясынын көйгөйлөрүн изилдеген Азиза Турдуева, Чолпон Субакожоева, ордо жана башка чүкө оюндарын изилдеген Назгүл Рысмендеева сыяктуу илимпоздор да евразиялык тарыхтын жана этнографиянын айрым көйгөйлөрүн иликтеп келишет.
Орусиялык (анын ичинде петербургдук, новосибирскилик ж.б.) археологиялык мектептердин Бакыт Аманбаева, Кадича Ташбаева, Кубатбек Табалдыев, Темирлан Чаргынов, Аида Абдыканова, Ороз Солтобаев сыяктуу Кыргызстандагы бараандуу өкүлдөрү азыркы тапта ЮНЕСКО жана башка эл аралык уюмдар менен кызматташууда.
Жалпы чөлкөмдүк археологиялык, нумизматикалык, булак таануучулук, этнографиялык, ислам таануучулук, эл аралык саясат жана дипломатия ж.б. темаларда иштеп келе жаткан жаш адистерибиз да бар.
Буларды айтканым – уучубуз куру эмес.
Жалпы тарых жаатындагы шериктешүү долбоору
Тек гана жаңы милдет – даяр адистерибизди дагы, болочоктогу жаш кадрларды дагы жалпы тарыхтын тийешелүү маселелерин жигердүү чагылдырууга чакыруу зарыл.
Эми комплекстүү жана зарыл чөлкөм таануу темалары жаатындагы буга чейинки саамалыктарды улантып, жалпы дүйнө тарыхы боюнча орток темаларды изилдөө үчүн мамлекеттик тапшырыктарды сунуштоого мезгил жетти.
Жалпы дүйнө тарыхын изилдөө боюнча болочокто атайын илимий институт ачылат, деп үмүттөнөбүз. Балким, алгачкы баскычта Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык, өлкө бийликтери КР УИАсы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ), Кыргыз-Түрк Манас университети, Дипломатиялык академия сыяктуу институттардагы жана алардан тышкаркы мекемелердеги, ал түгүл чет мамлекеттерде да жашап жана илимий тармактарда иштеп жаткан кыргызстандык адистер да камтылган гибриддик илимий долбоорду негиздээр?
Жалпы тарых көйгөйлөрү менен иш алып барчу бул долбоор акыры өз алдынча академиялык институтка чейин өсүп чыгышы керек. Бул долбоорго жалпы тарых көйгөйлөрү жаатында докторлук (PhD) диссертацияларды даярдоо жана жактатуу укуктарын берүүгө болот.
Азыркы санарип жана интернет дорунда биргелешип иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү арбын.
Долбоорго эл аралык чөйрөдө илимий кызматташтык жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү абзел.
Долбоорго англис жана башка эл аралык тилдерди мыкты билген (баса айтсак, мамлекеттик тилибиз жана мурдагы Советтер Биримдигинде үстөмдүк кылып келген орус тили менен эле чектелбеген) полиглот адистерди башынан эле жетекчилик жана багыттоочу орунларга топтой алсак, анын мөмөсү тезирээк бышып жетилет.
Менимче, бул – кыял боюнча кала бере турган фантастика эмес, жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон эле илимий долбоор. Ал бара-бара Дүйнөлүк тарых институтуна өсүп чыгууга тийиш.
Балким, кесиптеш адистерибиз башка да омоктуу сунуштарын ортого салышаар.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.