Мындай чакта айтылчу кеп-сөздүн баары бул ирет ылайыксыздай сезилет. Рамис Рыскулов табият өзү акын баласына өнтөлөп өлчөп берчү жаштын болбоду дегенде экөөнү жашады. Болгондо да нукура акындык жашоону кечирди.
Тентектик кылды, тармал узун чачтарын жайылтып он миңдеген адамдар чогулган стадиондордо ырын окуду, жалаң кыргыз эмес, жаамы совет адабиятынын бир топ дөө-шаалары менен катар басып, ыр окуп, социализм, аны ээрчий келген базар мамилеси шартында деле дуулдап-шуулдап эркин жашап, эркин жазды.
Тээ 60-жылдары чыккан “Ыр чыны” жыйнагында “Жаштык поезди” деген ырында ал минтип жазган:
Өтүп барат жаштык поезди,
Мына калдым андан секирип.
Мына менин тоскон өзөнүм,
Бала күнүм койгон кечирип.
Мен турмушка али жетпедим,
Сүйгөнүмдүн бетин өппөдүм.
Бир максаттын жүрүп соңунан,
Билбептирмин мезгил өткөнүн.
Анан төрт куплеттен турган ырдын соңунда “Токто менин элпек жаштыгым, Кана элекмин сенин ойнуңа” деп жыйынтыкталат.
Акын токсонго чамалап калган чагында деле жаштык дем, жаштык жигер, анан да жаштык сезимден ажырабай, түмөн түйшүгү көп тирүүлүктү ыр, бий, соңунда сүрөт тартуу менен өткөрдү.
Аалам өзгөрүлүп атканы, макталган социализм ордун башка коомго бошотуп бергени, дүйнөгө устун болчудай бийик дымагы менен келаткан коммунисттик бийлик демократтар чапанын жамынып, мурдагы “белгисиз республика” деген каймана атка көчкөн өлкө өз алдынча болгону Рамис Рыскуловго андай деле таасир этпеди.
Поэзия, чыгармачылык менен алпурушуп, ак ырдын, жайдары поэзиянын, а негизи салттуу формада ырларын жазып, алары китеп болуп чыкпаса кагаз түрүндө эле ышкыбоздорго таратып, мамлекеттик колдоодон ажырап, чөнтөк толо калам акы алчу акындар мүңкүрөп калганда деле Ыр аке мурдагысындай шатыра-шатман жайдары жүрдү.
Акчасы жок болсо анысын жашырбай айтып, көңүлү шат кезинде космостук сүрөттөрүн пулдап, өзү гана билчү өзү гана туйчу башка дүйнөдөн бул жакка адашып түшүп калгандай токпейил жашоо кечирди.
Ал өзү да “Бүгүн бизге керек поэзия чуркап чыккан үп бөлмөдөн” деген поэтикалык манифестин алдыга жайып, жөн баспай “марш таштап басып”, чабал акын уктай албай уйкаш издеп керебетте жатканда баатыр акын адырлардан, мейкиндерден, деңиздеги толкундардан шык аларын жазды. Акын дүйнөсүн ачык кармап, ыр чынысын талааларга, сууларга, тоолорго, заманга, мезгилге сунууда. Мынчалык эркиндик, элеп-желеп түшкөн эргүү болорбу?
Рамис Рыскуловдун кыргыз поэзиясына келиши формалык өзгөрүүлөрдүн, поэтикалык изденүүлөрдүн арааны жүрүп турган кызык учурга туш болду. Ал өзү каламдаш иниси Олжобай Шакир белгилегендей, кыргыз поэзиясында жаңылануу ышкысы күчөп турган чакта чыгармачылыгын баштаган.
«Ал киши апендидей көрүнгөнү менен өтө сергек ой жүгүртчү. “Чыгыш – 5” кичирайонундагы артисттердин жатаканасында жашаган кезде менин бөлмөмө келип шахмат ойночубуз, чыгармачылык алакабыз жакшы болчу. Баладай таза киши эле. Эң таң калычтуусу, бирөөдөн карызга акча-тыйын алса, анысын эч качан унутчу эмес. Акчасы болгондо кайтарып алып барып берчү. Кээ бирөөлөр унутуп коёт деп ойлойт. Бул жагынан ал аябай так эле. Чалды-куйду сүрөттөрдү тартканы менен, аларды чечмелеп берсе таң калып эле калчубуз».
Арийне, салттуу формага биротоло көнүп алган аттуу-баштуу акындардын жаңылыкты кабыл алышы кыйын болду, айрымдары аны “чоочун короого туш адашып кирген эчкиге” салыштырып, болочогу жок деп божурап отургандардын божомолун жокко чыгарып, бир топ акындар, алардын чок ортосунда, албетте, Рамис Рыскулов турган, көркөм чыгармачылыгы аркылуу поэзия көп түрдүү, көп түстүү болорун иш жүзүндө ырастады.
Рамис Рыскулов чыгармачыл адамдын кыйла убакты-саатын алчу адабий талаш-тартыштарга катышпай, чыгармачылык дүйнөсүндө мурда кандай жазып келсе ошол ыраатында улантып, поэзияны жаратыш үчүн анда жашоо керек экенин, акын үчүн ириде көркөм дүйнөнүн көк жайык ириминде коркпой сүзгөн, толкундардан чочулабаган, ыр менен дем алып, ырга өмүрүн арнап койгон инсан болушу керек экенин жалпы чыгармачылыгы аркылуу ырастап берди.
Ырлар анын жан шериги, болгон дүйнөсүн, ички сырын сырт дүйнөгө ачып таштаган сырдашы болчу. Ошон үчүн бөлмө ичинде жазылган ырларын шаардыктар таң эрте иттерин бак ичине жетелешип чыккандай сыртка алып чыгып шамалдатып, жылуу үйдө жазган ырларын шамалга, күнгө, асманга сынатып, алардын “редакциясынан” өткөрүп, анан үйдө, талаада ойлончу ойлорго кезек берчү. Акын үчүн “жаштык деген жашыл поэма” толук жазылып бүтүшү кыйын, анын ар бир деми тамга болуп басылып калышы керек эле.
87 жаш курагында дүйнө салган акындын улуттук көркөм сөздөгү орду барандуу экенин белгилүү адабиятчы Садык Алахан белгилеп өттү.
«Рамис Рыскулов, биринчиден, кыргыз салттуу поэзиясын түп-тамырынан жаңылаган акын болчу. Бул биринчиси. Экинчиден, Рамис Рыскуловдун поэзиясында мезгилдин духу, мезгилдин көйгөйү, мезгилдин салтанаты, ушул сөздү өзгөчө белгилегим келет, мезгилдин салтанаты өтө терең чагылдырылып турчу».
Өмүр болсо өлбөс, сүйүү деген тунук поэма. Акындын учкул кыялы муну менен эле токтолбойт, анткени акын алты жүз асманды төбөсүнө көтөрүп, жети жүз асманды тебелеп басып жүрбөйбү.
Рамис Рыскуловдун ырын окуган адамдын ой дүйнөсү кеңейип, учкул кыялынын кемеси толкун жиреп, канаттуу ойлору алыскы мейкиндерге чабагандап кетчү.
Бекеринен акын өзү жашаган доордун “Космостук манифестин” жазыптырбы! Жүз жылдарды карытып зымырап кетип бараткан ылдамдык деген эмне, макталган күлүктөрдүн баары артта калып, кайда баратат?
Алыс учтук аркырап
Аймактарды тарытып.
Күн заманга чү койдук
Ай заманын карытып.
Күлүк күчтөн аздыбы,
Күндүк жолун бастыбы?
Аргымак ат аздыбы,
Айлык жолун бастыбы?, – мына учкул кыялдын ылдамдыгы.
Адамзатын космостук мейкинге алып кетип бараткан буудандын бугу чыкпай, бурулуп ээсин жыкпай, арыбас-талыбас күлүктүн күүсү чыкпай, күүлөнүп алгандан кийин ээсин жыкпай, антип-минтип эсин жыйгыча жылдыз доорго алып кирип, таптаза нурга чайынган таң жолунда агылып баратат. Ракетанын арышы – замандардын жарышы.
Учурунда мына ушул “Космостук манифест” поэмасы жаамы советтик адабияттын мыкты чыгармаларынын бири катары таанылып, дүйнөнүн көп тилдерине которулган, атүгүл кадырлуу сыйлыкка көрсөтүлүп, белгисиз бир себептердин айынан анысы токтоп калган.
Поэманын жыйынтык бөлүгүндө акын өзүнүн чыгармачылык кредосун минтип аныктаган:
Менин колум күнгө чейин сунулган!
Мен таш жаргычмын кең далылуу.
Курулуштар дүйнөсүмүн
Жайык төштүү планеттеги.
Жаңы доормун чолпон таккан маңдайга!
Кайнатам рухун адамзаттын.
Жылдыздуу жаштыгымын планеттин.
Мотор байлап Жер шарына
Алып учам башка ааламды
Көздөрүмө толтуруп!
Өкүнүчкө, кылымда бир жаралчу улуу акын башка ааламга учуп кетти. Эми анын жер үстүндөгү өмүрүн каламынан чыккан чыгармалары улантат. Жубата турган нерсе ушул.