Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:43

Орус юристи «акылдуу камераларга» каршы


Москвадагы көзөмөл камералары.
Москвадагы көзөмөл камералары.

Орусиялык юрист Алена Попова адамды кебетесинен тааный алган технологиянын Москвада колдонулушуна каршы сотко кайрылды. Ал «акылдуу камералар» сынчыл көз караштагы адамдарды куугунтуктоого көмөкчү болуп жатканын айтууда. Бирок орус бийлиги мындай системанын пайдасы көп экенин баса белгилеп жатат.

Юрист жана укук коргоочу Алена Попова адамды жүзүнөн тааный алган системага Москвада гана эмес, Орусиянын бардык аймактарында тыюу салынышы керек деп эсептейт. Ал мындай өтүнүч менен сотко кайрылганын 7-октябрда «Фейсбуктагы» барагы аркылуу жарыялады.

Юрист Москвадагы саясий митингдердин катышуучулары «акылдуу камералардын» жардамы менен аныкталып, куугунтукталып жатканын, мындай система жарандардын конституциялык укугуна каршы келерин айтты:

Алена Попова.
Алена Попова.

- Адамды жүзүнөн тааный алган камералар мыйзамга туура келбейт. Бул Конституциянын жарандардын жеке кол тийбестигине кепилдик берген 23-24-беренелерин бузуп жатат. Ошондой эле адамдардын жеке маалыматы тууралуу мыйзамга толугу менен каршы келет. Себеби бул мыйзамга ылайык, эгер соттун чечими болбосо же жаран өзүнүн макулдугун бербесе, анын биометрикалык маалыматын колдонууга тыюу салынат, - деп билдирди Попова «Говорит Москва» радиосуна.

Москвада июль айынан сентябрга чейин таза шайлоо өткөрүүнү талап кылгандар ири митингдерди уюштуруп, андан бери мындай акцияларга катышкан кеминде жети киши камакка алынды. Ондогон адамдарга айып пул салынды.

Бир айга камалгандардын арасында Сергей Абаничев да бар. Ал 27-июлдагы митингде жоон топ адам полиция менен тирешип турган учурда күч кызматкерлерине кагаз стакан ыргытканы үчүн айыпталган. Полиция аны үйүнө чейин келип, кармап кеткен. Анын атасы Вячеслав Абаничев тартип коргоочуларга «акылдуу камералар» жардам берген деп ишенет.

- Себеби ал видеодон стаканды ыргыткан киши ким экенин таап чыгуу мүмкүн эмес болчу. Менимче, тиешелүү органдар башка камералардын кадрларын да талдап чыгышкан окшойт, - деди Абаничев.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир канча жылдан бери Орусия адамдын тек-жайын кебетеси аркылуу аныктоочу системаны өнүктүрүүгө аракет кылып келет. 2017-жылы Москва мэриясы шаарда мындай технология менен жабдылган үч миң камера иштей баштаганын жарыялаган.

2018-жылдагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта бул система сыноодон өткөн. Москванын жетекчилиги 2019-жылдын соңун утурлай шаардагы жалпы саны 162 миңден ашкан камералардын 40 пайызы жаңыланарын билдирген.

Юрист Попова мындай системага мараторий жарыялоо сунушу менен онлайн петиция да баштады. Бирок азырынча ага кол койгондордун саны 500 кишиден бир аз гана ашты.

Укук коргоочунун бул кадамы боюнча Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков үн катып, мындай технология дүйнөдө кеңири колдонулуп жатканын эске салды.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

- Бул система коопсуздукту камсыз кылуу, кылмышкерлерди издөө, теракттардын алдын алуу маселесинде өзүн жакшы жагынан көрсөтө алган, - деди Песков.

Бийликтин мындай позициясын Мамлекеттик Думанын депутаттары да колдошот.

- Эгер адамды кебетесинен тааныган система жабык режимде компетенттүү органдардын көзөмөлүндө турса, мыйзамды сыйлаган жарандар эч нерседен коркпой деле койсо болот. Коомдук тартипти бузгусу келгендер гана мындай системага каршы чыгышы мүмкүн, - деп билдирди депутат Сергей Боярский.

Канткен менен москвалык юрист Попованын арызы боюнча баштапкы териштирүү 21-октябрга белгиленди.

Деги эле адамдын тек-жайын аныктай алган технологиялардын күңгөй-тескейи дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да түрдүү талкууларга жем таштап келет. Жакында Кыргызстан да Кытайдын CEIEC аттуу мамлекеттик компаниясынын жардамы менен мындай системаны киргизгени жатканы белгилүү болду.

Америкалык «Ачык технологиялар» фондунун маалыматы боюнча, Орусия менен Кытай маалыматтын агымын жана адамдардын кыймыл-аракетин көзөмөлдөөгө жол берген технологияларын учурда дүйнөнүн 110 өлкөсүнө экспорттоп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG