Испаниянын полициясы Пабло Пикассонун 1919-жылы тартылган сүрөтү табылганын билдирди. “Гитара менен натюрморт” үстүбүздөгү айда өлкөнүн түштүгүндөгү Гранада шаарында көргөзмөдө жоголуп кеткен. Көргөзмөнүн уюштуруучулары полицияга 10-октябрда арыз менен кайрылышкан.
X социалдык тармагындагы постунда полиция миниатюра, балким, Мадридден жөнөчү машинага жүктөлбөй калган болушу мүмкүн деп жазды. Аны башкалаада таап алышты. Билдирүүдө айтылгандай, тарыхый мурасты коргоо бюросу иликтөө жүргүздү, бирок кылмыш жасалып-жасалбаганы белгисиз.
Полиция жеке коллекционерге таандык сүрөткө Интерпол аркылуу издөө салган.
Көргөзмөнү уюштурган CajaGranada фонду 58 эмгектин ордуна 57 эмгек алынып чыкканын көзөмөл камераларынан көрүүгө болот деп айтып келди.
Сөз болгон сүрөт 600 миң еврого камсыздандырылган.
Өткөн жуманын аягында Париждеги Лувр музейинен баалуу экспонаттар уурдалганы белгилүү болгон. 19-октябрда эртең менен белгисиз адамдар музейге кирип, тогуз буюмду, арасында француз императору Наполеондун коллекциясындагы кымбат баалуу сөйкө, колье, диадеманы алып чыгып кетишкен. Кийин прокуратура алардын баасы 100 миллион доллардан ашарын маалымдаган. Уурулар табыла элек.
Шерине