Украинанын Херсон аймагында 24-октябрда эртең мененки аткылоодон эки аял набыт болгонун, 19 киши, арасында бир өспүрүм жабыркаганын жергиликтүү бийлик кабарлады. Бир нече жер там жана көп кабаттуу үйлөр зыян тартты. Кировоград облусунда энергетикалык инфраструктурага урулган соккудан кийин 19 айыл-кыштак жарыксыз калганы маалымдалды.
Андан тышкары Кировоград, Харьков жана Сумы облустарында темир жол инфраструктурасы жабыркады.
Жума күнү эртең менен Харьков шаарына да башкарылган авиабомбалар менен чабуул коюлган. Шаар мэри үч кишинин жарадар болгонун кабарлаган.
Ал эми Украина кошуна өлкөсүнүн агрессиясына жооп иретинде пилотсуз учак менен сокку урганда, анын бири Москва облусундагы Красногорск шаарында турак жайга тийип, беш киши жараат алды. Облустун губернатору Андрей Воробьевдун айтымында, дрон 14-кабаттагы батирге учуп кирген, жарадарлардын арасында бир бала бар.
Маалыматта үч батирге зыян келтирилгени, 70 киши эвакуацияланганы айтылат. Красногорск Москванын батыш тарабында жайгашкан. Буга чейин анын үстүнөн дрондор атып түшүрүлгөнү кабарланып келген.
Орусия далилдерге карабай Украинанан тынч шаарларын, карапайым кишилерди бутага алганын мойнуна албайт.
Шерине