Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:01

Сочи: Норвегия кайрадан лидер


Норвегиялык спортчу Марит Бьорген.
Норвегиялык спортчу Марит Бьорген.

Сочи олимпиадасы күн өткөн сайын кызып баратат. Алгачкы күндөрү жеңип алган медалдардын саны жана сапаты боюнча Норвегия өлкөсү алдыда болсо, мурда күнү алардан Канада өлкөсү озуп чыккан.

Бүгүн болсо норвегиялыктар кайрадан лидерликти колго алышты. Кышкы спортко өзгөчө маани берген бул чакан мамлекеттин аракетин мактабаска арга жок. Себеби, 20-21-кылымдардагы кышкы олимпиадалардын бардыгын кошуп санаганда бүгүнкү күнгө чейин Норвегия өлкөсү эң көп медал алып, биринчи катарда рекордчу болуп турат. Алардын бардык олимпиада оюндарында уткан байгелерин санаганда 307 медалдын ээси болушту. Бул медалдар дагы көбөйөрүн, Сочиден эле бир нече байгелүү болушарын адистер айтышууда.

Күйөрмандар үчүн өзүнчө паспорт

Мурдагы 5 жайкы жана 2 кышкы олимпиадага барган учурумда күйөрмандардын атайын кошумча паспорт көтөрүп жүргөнүн көргөн да, уккан да эмес элем. Сочи олимпиадасында күйөрмандардын атайын паспорту болбосо мелдештерге кире албай жүргөнүн көрүп, оозум ачылды. Кошумча паспорт бекер эмес, 200 рубль турат. Аны алыш үчүн жаныңда жарандык паспорт жана мелдештерге кирүүчү билет да болушу шарт. Уюштуруучулардын айтымында, Сочи олимпиадасын көрүү үчүн баш-аягы 920 миң кошумча паспорт сатылган. Эми ушул сумманы 200 рублга көбөйтүп көрүңүз... Бир караган кишиге кошумча акча табуунун эле амалындай сезилет.

Коопсуздук бардык жерде сакталбайт

Олимпиадалык паркта, спорт имараттарына кирчү жерде катуу текшерүүгө кабыласың. Басма сөз борборуна кире бериште дагы текшерүү күч. Бирок Сочиде ыктыярчыларды, спортчуларды жана журналисттерди ташыган атайын автобустун айдоочулары аккредитацияны үңүлө текшергени деле байкалбайт. Коомдук транспорттордо күйөрмандар, меймандар шыкалган, арасында алагүү мастар да жүрөт. Аларды тескөөчү полиция кызматкерлери олимпиаданын кызыгына батып, коопсуздук маселесине «ат үстүнөн» мамиле кылганы байкалып турат.

Эң жаш олимпиада чемпиону- Юлия Липницкая

Кышкы спорт тарыхында эң жаш олимпиада чемпиону орусиялык көркөм муз тебүү чебери Юлия Липницкая болду. 15 жашта Юлия 1998-жылы 5-июнда Екатеринбург шаарында туулган. Жакында эле Европа чемпиону аталган. Жаштар арасында дүйнө чемпиону. Гран-при мелдештеринде жеңүүчү болгон. Орусияга эмгек сиңирген спорт чебери деген ардак наамга да ээ. 4 жашынан бери көркөм муз тебүү спорту менен машыгат. Алгачкы устаттары- Елена Левковец менен Марина Войцеховская. Учурдагы табына келтире таптаган машыктыруучулары Этери Тутберидзе менен Сергей Дудаков, хореографы олимпиада чемпиону Илья Авербух. Юлия учурда Москвада жашайт. Сочиде дагы жеке таймашка чыгууга камынууда. Ал Сочиде дагы бир алтын медал утуп алышы мүмкүн дешет серепчилер. Бура бастырбаган күйөрмандарынан тажадыбы, айтор кечээ Юлия Москвага учуп кетти. Юлиянын айтымында, өзү Москвадагы залда машыгып, кайра Сочиге келип, көркөм муз тебүүнүн кыз-келиндер арасындагы жеке таймашына да катышат.

Максатына жеткен Мартен Фуркад

10-февралда Красная полянадагы «Лаура» тоо лыжа комплексинде биатлон боюнча эркектер 12,5 км. аралыкка лыжа менен жарышып, 4 ирет мылтыктан таамай атып, таймаш курч мүнөздө өттү. Мында 60 атаандашынан франциялык Мартен Фуркад марага биринчи келип, акыры «олимпиада чемпиону болом» деген тилегине жетти. Ал Ванкувер олимпиадасында күмүш байге уткан. Дүйнөнүн беш жолку чемпиону, дүйнө кубогун 15 ирет уткан. Даңазалуу спортчу биатлондон сырткары велоспорт, дзюдо, сууда сүзүү жана хоккей оюндарына кызыгат. Ал Франциянын куралдуу күчтөрүнүн сержанты болуп саналат.

Кышкы театрдагы фестивалы жана маданий иш-чаралар

Сочиде спорттук таймашуулардан сырткары маданий иш-чаралар өтүүдө.
Олимпиада учурунда баш-аягы 500 сааттан ашуун маданий иш-чара өткөрүлөт. Меймандардын көңүлүн бурган Кышкы театрда Эл аралык искусствонун кышкы фестивалы өтүүдө. Бул иш-чаранын демилгечиси белгилүү музыкант жана дирижер, «Сочи-2014» олимпиадасынын атайын элчиси Юрий Башмет жана таанымал пианист Денис Мацуев болууда.

Дүйнөлүк опера жылдыздары Барбара Фриттоли, Эрвин Шротт, Йена Бострижа, скрипач, СССРдин эл артисти Виктор Третьяков, флейтист Массимо Мерчелли, виолончелист Энрико Диндо жана немистердин кыл аспаптар «Кюсс-квартети», британиялык Stopgap, аргентиналык «Рохотанго» ансамблдери, «Солисты Москвы» камералык хору жана башка белгилүү музыканттар Сочиде өнөрүн көрсөтүүдө. Маданий иш-чаралар Сочидеги Кышкы театрда, Филармонияда, Красная полянадагы «Галактика» залында, олимпиадалык айылдарда жана башка жерлерде өтүүдө.

4 жыл аралыгында «Сочи-2014» олимпиадасынын уюштуруу комитети тарабынан 3 миңден ашуун маданий иш-чара өтүп, ага 100 миң артист, өнөрпоз катышкан. Алардын 500дөн ашууну майып маданий кызматкерлердин катышуусунда өткөн. Бул маданий программаны 3 миллиондон ашуун калк көргөн дешүүдө уюштуруучулар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG