Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Сочиде мелдештер кызыды


Орусиялык спортчу Ольга Граф аялдардын коньки боюнча 3000 метрлик жарышында. 9-февраль, 2014
Орусиялык спортчу Ольга Граф аялдардын коньки боюнча 3000 метрлик жарышында. 9-февраль, 2014

Жекшемби - жаңы башталган Сочи олимпиадасындагы мелдештер эң жыш өткөн күн болуп калды. Кышкы Олимпия оюндарынын экинчи күнүндө спорттун төрт түрү боюнча медалдар тапшырылды.

Жекшемби күнү Голландиядан Иреен Вуст аялдардын үч миң метрлик ылдамдыкта коньки тебүүсүндө чемпион Мартина Сабликованы утуп алды. Үчүнчү орунда калган Олга Граф Орусияга Сочидеги алгачкы медалын, колону алып берди.

Анын алтында Австриядан Маттиас Майер эркектердин лыжа менен тоодон түшкөн Алпы түрүндө алтын алса, Швецариядан келген Дарио Кологна түз жерден 30 чакырым лыжа тебүүдө биринчи болуп келди.

Алтын алгандан кийин Майер Ройтерс агенттигине мындай деди:

– Өзүмдү укмуш сезип жатам. Кубанганыман тилим байланып калды. Акыркы күндөрү жакшы машыккан элем. Бул жерде да баарынан ашып кетээримди билгем. Мына эми баарынан тез экенимди көрдүңөр. Өтө кубанып турам.

Америкалык Жеми Андерсон аялдардын слоупстайл сноуборд тебүүдө мекенине экинчи алтын медал тартуулады. Анын алдында ишемби күнү Сейж Коценбурд биринчи алтын алган эле.

Кыргызстандан Сочиде тоо лыжасынын устаты Дмитрий Трелевский жүрөт. Ал бир аз тумоолоп калып, азыр айыгып машыгып жатканын Улуттук Олимпия комитетинин баш катчысы Канат Аманкулов "Азаттыктын" Сочидеги кабарчысы Кабыл Макешке билдирди.

Кабыл Макештин айтымында, кечээ жекшембиде Трелевский менен Сочиде президент Алмазбек Атамбаев жолушту. Трелевскийдин тоо лыжасы боюнча мелдештери 16-февралда башталат.

Президент Атамбаев мындан тышкары Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, экөө башка маселелер менен катар, Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусуна даярдыктар тууралуу сөз кылышты.

Жекшемби күнү мындан тышкары Анастасия Кузьмина жети жарым чакырымдык спринт биатлонунда чемпиондун даражасын сактап калды. Орусияда төрөлүп, бирок Кышкы Олимпиадага Словакиянын атынан катышып жаткан Кузминанын бул экинчи олимпиадалык медалы. Орусияда Олга Вилухина күмүш, Украинадан Вита Семеренко коло медал тагынышы.
XS
SM
MD
LG