Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Орус жарандыгын алуу татаалдашууда


Орусиянын жарандыгына тапшыргандардын документтери массалык түрдө кайтарылып берилип, бул мигранттардын арасында айрым түшүнбөстүктү жаратты.

24-октябрдан тарта орус жарандыгын эл аралык келишимдер боюнча алып келгендер үчүн жаңы эрежелер киргизилди. Бул Кыргызстан, Казакстан жана Беларустан келгендерге эми эч кандай жеңилдиктер берилбейт дегенди түшүндүрөт. Мурда бул үч өлкөнүн атуулдары орус жарандыгын оңой жол менен алышчу.

Учурда Орусиядагы мигранттардын арасында “жарандыкты оңой жол менен берүү чын эле токтодубу, толугураак маалымат керек” дегендер көп.

Кыргызстандын Орусиядагы башкы консулу Айжигит Буранов:

- Жаны эрежелерге ылайык, орус жарандыгын алам дегендер эми Орусияда бир жыл жашашы керек. Бир жыл өткөндөн кийин гана Орусияда жашоого уруксат кагазына (вид на жительство) тапшыра алышат. Аталган уруксатты алуу үчүн да Орусияда утурумдук турууга мүмкүнчүлүк ача турган документке ээ болуш керек, ансыз вид на жительство берилбейт. Ошентип Орусияда бир жыл жашаган соң вид на жительство алып, андан кийин гана жарандыкка тапшыруу мүмкүн.

Азыр негизги көйгөй орус жарандыгына документтерин тапшырып, анан жаңы токтомдун айынан жарандыкты ала албай калгандарга байланыштуу болууда.

Москвадагы “Элдик чындык” укуктук жардам борборунун башкы директору Бектур Исраилов же кыргыз жараны эмес, же орус жараны болбой, ортодо калгандардын көбөйгөнүн белгилейт:

- Кыргызстандан учеттон чыгып келип алгандар бар. Эми алар кайра Кыргызстанга каттоого туруш үчүн бул жактан жарандыкты албады деген маалымдама алыш керек. Азыр документтердин баарын кайтарып беришүүдө. Көптөрү болгон акчасын жумшап, жарандыкты алсам эле иштей баштайм деп жүрүшкөн, алардын шагы сынды.

Жарандык жок, акча да жок

Бир топ адамдар элчиликке "жарандык үчүн тапшырган акчабызды кайтарып беришкен жок" деген дооматтарды артышууда.

Бектур Исраилов акчанын кайтарылып берилбей жаткан себебин мындайча чечмеледи:

- Жеңилдиктер Москванын өзүндө берилген эмес, башка облустарда болчу. Документтерди котортушкан, жол киреси кеткен, акысын төлөшкөн, бардык чыгымдар акталбай калды, документтерди кайтарып, акча кайтарылган жок.

Белгилей кетчү нерсе, Москвада жарандык жасап берем деген бейрасмий уюмдар да көп иштечү. Жаны токтомдун иштеши менен алардын мыйзамсыз ишине да бөгөт коюлгандай. Себеби жарнамалар боюнча чалсак, алардын көбү жарандык жасоо менен алектенбей калганын билдиришти.

- Жасаса болот, бирок азыр башкача болуп калган. Вид на жительство керек.

- Жок, жарандык жасай албайбыз.

- Жок, каттоо менен гана алектенебиз.


Ошентсе да азыркы учурда жарандык жасап берем деген адамдарга чоң суммадагы акчаны алдатып жибербеш үчүн жалаң гана элчиликке кайрылуу зарыл экендиги кабарланууда.

Мурда кыргыз атуулдарына орус жарандыгы жеңил жол менен берилгендиктен бир топ өзбек эмгек мигранттары адегенде кыргыз жарандыгын алып, андан соң аны орус жарандыгына алмаштырышчу. Буларга көптөгөн жарнамалар күбө.

Жылчык бар

Бирок учурда жарандык алуунун дагы бир оңой жолу сакталган. Бул үчүн адамдын ата-энеси, үй-бүлөнүн ичинде күйөөсү же аялы Орусиянын жараны болушу керек.

"Жарандык токтоду дегенди баары эле укту. Күйөөсү алган, аялы ала электер бар, ошолор аракет кылып атышат. Орус жарандыгын алам деген кыргыздар дагы деле көп", - дейт Бектур Исраилов.

Орусиядагы кыргызстандыктар менен иштешкен “Кыргыз биримдиги” коомдук уюмунун төрагасы Абдыганы Шакиров өз эсептөөлөрүнө таянып, соңку маалыматтар боюнча 400 миңге жакын кыргызстандык орус жарандыгын алганын айтат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG