Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:39

Мигрант өмүрү, өнбөгөн кенемте


Москвадагы мигранттар (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)
Москвадагы мигранттар (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Орусияда эмгектенген мигранттар иш маалында кырсыкка кабылган учурда жумуш берүүчүдөн тийиштүү көмөк ала албай, же жергиликтүү ооруканада дарылана албай кыйынчылыктарга учурап келишет.

Таалайкүлдүн жолдошу былтыр Москвада курулушта иштеп жатканда жетинчи кабаттан кулап каза тапкан. Азыр жесир калган аял иш берүүчүлөрдөн жетим калган төрт баласына кенемте өндүрө албай жүргөн кези.

- Күйөөм декабрь айында Москвада курулушта иштеп жатып 7-кабаттан кулап кеткен. Жумуш берүүчүлөр сөөгүн жөнөтүштү. Башында жол чыгымдарын төлөп, биртике акча да беришкен. Кийин “Бизде коопсуздук эрежелери сакталган, эч ким аны түрткөн эмес, өзү эле кулап кеткен” деп коюшту. Балдарым менен эмне кылам деп башым катып отурам. Сотко барыш керек экен, адвокат жалдоо дагы арзан эмес.

Мигрант өмүрү кылдын учунда...

Мигранттын өмүрү кылдын учунда...

15-февралда Анарбек Жукушев аттуу 31 жаштагы жигит бычак жеп каза тапкан. Боорунан алган жарааттан улам ал ооруканага жетпей эле үзүлүп кеткен.

Москвадагы элчиликтин юристи Мырзапаяс Карагулов мигранттар өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген залал үчүн материалдык компенсация алуу үчүн сөзсүз түрдө адвокат жалдоо керектигин белгиледи:

- Айына өндүрүштүк жараат боюнча бир-эки жолу жарандар кайрылат. Эгерде жарандын карамагында кичине балдары же карыган ата-энеси болсо, сотко жарандык доо менен кайрылуу керек. Сот ишти карап моралдык же материалдык компенсациянын көлөмү боюнча чечим чыгарат. Жараат алып ооруканага түшкөн мигранттар жумуш берүүчүнүн айтуусу боюнча жараат иш маалында болгонун жашырып койгон учурлар болот. Аны деле кийин жокко чыгарса болот. Эмгек келишими жок иштеген болсо юридикалык жактан иштегенин аныктоого мүмкүн. Баары факт боюнча чечилет.

Карагуловдун белгилешинче, бул маселе боюнча кайрылгандардын арасында жол кырсыгына кабылган мигранттар көбүрөөк. Мындай учурда айыптуу айдоочу аныкталгандан кийин андан материалдык компенсация өндүрүүгө болот.

Февралда Санкт-Петербург шаарында айдоочу болуп иштеген кыргызстандык Назиров К. аттуу жаран иш маалында автокырсыкка учураган. Ден соолугу жабыркаган мигрантка жумуш берүүчүлөр жоопкерчилик алуудан качышкан. Тез жардам алып кеткени менен көп өтпөй аны ооруканадан дагы чыгарып коюшкан.

Москвадагы кыргыз жамаатынын өкүлү Кочкорбай Кутунаев азыр тийиштүү документтерди чогултуп, жумуш берүүчүлөрдү жоопко тартуунун аракети жүрүп жатканын айтууда:

- Бул бала автокырсык болгондон кийин “мен рулда болгон эмесмин” деп кагаздарга кол коюп берип койгон. Эми болсо кайра мен отургам, видеолорум да бар" деп жатат. Түрктөрдүн колунда иштеген, документтеринин баары мыйзамдуу. Алар “акча беребиз, дарылатабыз, мекениңе жөнөтөбүз” деп документтерге кол коюлганча алдап коюшкан экен.

Иш маалында жараат алып же кырсыкка учураган мигранттар өздөрүнүн укугун сотто коргоо үчүн Орусияда лицензиясы бар адвокат жалдашы керек. Мыйзамдуу эмгек келишими жок болсо, алгач мигранттын ишканада иштегенин, андан кийин ден соолугуна же өмүрүнө келтирилген залалдарды расмий документтер менен ырастоо талап кылынат. Бул иштер сотко жеткен маалда деле мигранттардын укугу корголбой калган учурлар жок эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG