Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:41

Орус оппозициясынын шайлоого камы


"Парнас" партиясынын лидери Михаил Касянов
"Парнас" партиясынын лидери Михаил Касянов

Орусиядагы парламенттик шайлоого катышууга ниеттенген партиялар курултайларын өткөрүп, талапкерлерин тактоодо. Алардын арасында оппозициядагы “Яблоко” менен ПАРНАС да бар. Бул либерал-демократтардын Мамдумага өтүүгө шаасы кандай?

Июлдун башында оппозициячыл ПАРНАСтын (Элдик эркиндик партиясы) курултайы талаштуу өттү.

Буга партия лидери, мурдагы премьер-министр Михаил Касьяновдун талапкерлерди иргөө жараяны же праймеризге катышпастан эле тизмеде биринчи туруп алышы себеп болду.

Ага мурдатан пикирлеш болуп келген белгилүү орусиялык саясатчы Алексей Навальныйдын орто жолдон айнып калышы себеп болду. Кийин лидердин орун басары, дагы бир белгилүү саясатчы Илья Яшин да ПАРНАС менен шайлоого барбасын билдирди.

Дагы бир себеп - улутчул-популист, еврейлерге карата жек көрүүчүлүк пикири менен белгилүү саясатчы Вячеслав Мальцевдин тизмеде экинчи болушу. Шайлоого барбаганы менен партияда кала берген Яшин муну катуу сынга алды:

"Яблоко" партиясынын лидери Григорий Явлинский
"Яблоко" партиясынын лидери Григорий Явлинский

- ПАРНАС же "Яблоко" деп тургандар “масондук кутум, жөөттөр мафиясы” дегенди угуп, албетте "Яблокого" оойт. Анда биз кайсы добуштарды алабыз? Билбейм... Статистика боюнча миллионго жакын адам психиатриялык клиниканын пациенттери. Бирок алар да биздики эмес. Алар Жириновскийдики.

Баары бир Мальцев праймеризде көп добуш алганы үчүн тизмеде кала берди.

Орусиялыктардын 25% гана партиясын таанышарын, “Геллаптын” сурамжылоосунда өз аброюу 7%, партиясыныкы андан да төмөн экенин Михаил Касьянов моюнга алат. Бирок анын пландары амбициялуу:

- Быйылкы максатыбыз - Мамлекеттик Дума. Эмки жылы Орусия аймактарынын үчтөн бири шайлоо өткөрөт. Бул демек аймактардагы Думаларга өтүү. 2018-жылы президенттик шайлоо бар. Жаңы президент келет. Ошондо саясий багытты өзгөртүп, кыска мөөнөттө өлкө экономикалык өнүгүү жолуна түшөт.

Касьянов "Яблоко" бир тизме менен баруу сунушун кабыл албаганын кошумчалады. Ал эми "Яблокодогулар" Касьяновдун мурдараак интимдик видеосу ачыкка чыгып, абийирине көлөкө түшкөнүн жана катарына ашкере улутчулдарды кошконун жүйө келтиришүүдө.

“Яблоконун” Санкт-Петербургдагы активисти Борис Вишневский "парнасчылар" бийликтин тышкы саясатына каршы чыга албайт, масштабдуу эмес, күнүмдүк тирилик маселесине гана көңүл бурууда деген ойдо. Ал өз турумдарын да ортого салды:

- "Яблоко" азыркы президентти кабыл албасын айтуудан коркпойт. Анын ички жана тышкы саясатын колдобойт. Дүйнөдөгүлөр менен каршылашып, алар менен саясий ууру-кескинин тилинде сүйлөшүп жатканын кабыл албайт. Жарандардын конституциялык, анын ичинде саясий эркиндигин басмырлап, чек койгон, репрессияны күчөткөн, үзгүлтүксүз тыюу салган багытты кабыл албайт.

Саясат талдоочу Валерий Хомяков алдыдагы шайлоодо мына ушул тышкы саясат маселеси чоң мааниге ээ деп эсептейт:

- Менимче, Орусия бийлигинин акыркы эки жарым жылдагы Украинага байланыштуу тышкы саясатын четке каккан "Яблоконун" принципиалдуу позициясы өтө маанилүү. Демократияны баалаган электорат анын партиясы кайсы экенин түшүндү.

Өткөн шайлоодо "Яблоко" 3,5% добуш алган.

Ал эми Бүткүл орусиялык эл пикирин изилдөө борбору, же ВЦИОМдун болжолу 12-июнга карата жогорудагы эки партиянын бири да парламентке өтүү босогосу - беш пайызды (5%) багындыра албасын көрсөткөн.

Орусиядагы 2016-жылкы шайлоо эрежесине ылайык, талапкер партияларды каттоо 3-августта жыйынтыкталат.

18-сентябрга шайлоо белгиленген. Мамлекеттик Думадагы 450 орундун жарымына парттизме, жарымына бир мандаттуу округдан шайланып келишет.

XS
SM
MD
LG