Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Орус оппозициясы: Кадыров - коопсуздукка коркунуч


Чечен элинин Сталиндик депортациясынын жылдыгы белгиленген күнү ПАРНАС партиясынын төрага орун басары Илья Яшин чечен жетекчиси Рамзан Кадыровдун ишмердигине арналган эксперттик докладын жарыялады. Оппозиция лидери Борис Немцовдун киши колдуу болушунун бир жылдыгын утурлай жарык көргөн отчет “Улуттук коопсуздукка коркунуч” деп аталган. Анда Кадыровдун былыктарынын бети ачылып, авторлор кооптуу режимдин пайда болушу үчүн жоопкерчиликти орус президенти Владимир Путинге жүктөшкөн.

65 баракка жазылган баяндамада Чеченстандагы абал сүрөттөлүп, жумурият жетекчилиги менен кайсы бир түрдө байланышкан саясий адам өлтүрүүлөргө, Кадыровдун федералдык бюджеттен бөлүнгөн акчанын эсебинен байып жатышына, коррупция иштерине өзгөчө көңүл бурулат.

"Коррупция Чеченстанда барган сайын кулач жаюуда. Жумурият мамлекеттик казынадан федералдык дотацияларды эң көп алган чөлкөмдөргө кирет. Кадыров бийликке келгенден бери жылына орто эсеп менен алганда 59 миллиард рубль которулуп турат, - деген Яшин Москвадагы жетекчилер да бир курдай аны жумшак болсо да сындаганын белгиледи.

Маселен, финансы министри Игорь Силуановдун жумуриятты акчаны чачуу боюнча чемпион деп атаганы бар, чечен аткаминерлеринин автопаркы Түндүк Кавказдагы бүтүндөй чиновниктердин автопаркынын жарымын түзөт, - деди докладдын автору.

Акыркы мезгилде маалымат каражаттарында президенттин маркум атасы, Чеченстандын мурдагы президенти Ахмат Кадыровдун фонду тууралуу макалалар жарыяланган. Алсак, «Коммерсант» жазгандай, мамлекеттик структураларда иштегендер маянасынын 10 процентине жакынын которуп турууга милдеттүү.

Transparency International эл аралык уюму болсо Кадыровду эң паракор мамлекеттик 15 кызматкердин тизмесине киргизген.

Баяндамада ошондой эле Кадыровдун жана атасынын согушкерлер тарабында жүргөн кези да чагылдырылган. Отчетто президент «чечен халифатын» өзү билгендей бийлеп, шариятты Орусиянын мыйзамдарынан өйдө коюп жатканы айтылат.

"Барган сайын Кадыровдун эч кимди көзгө илбеген мамилеси өсүүдө, федералдык өкмөт менен орой, тоң моюндугун көрсөтүп сүйлөшүп калган", - деп айтылат докладда.

Баяндаманын «Жеке армия» деп аталган бөлүгү дүйшөмбү күнү New Times журналында жарык көргөн. Анда чечен лидеринин 30 миңдей кишиден турган аскерлеринин уюшкан кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрү менен ыктымал байланыштары тууралуу айтылган. Алардын көбү расмий түрдө Орусия Ички иштер министрлигинин же ички куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери болуп саналганы менен, иш жүзүндө кошуундар федералдык органдарга эмес, чечен президентине гана баш ийишет.

Кол астындагы жоокерлер Кадыровдун атынын баш тамгалары – КРА - Кадыров Рамзан Ахматович деп жазылган униформа кийип, КРА деген номерлери менен машинелерди минип жүрүшөт. Яшин маалымат каражаттарындагы жана социалдык түйүндөрдөгү булактарга таянып, ошол бөлүктөр Орусиянын Украинадагы көмүскө интервенциясында негизги ролду ойногонун, “кадыровчулар” кошуна өлкөнүн чыгышындагы куралдуу жаңжалга катышып жатышканын ырастайт.

Согушкерлердин өзөгүн Кадыровдун мунапысына илинген мурдагы жикчилдер түзөт. Албетте, алар президентке акча алып жатышканы үчүн гана эмес, өмүрлөрүн да сактап калгандыгы үчүн лоялдуу болушат, - деген тыянак жасайт Яшин.

Авторлордун айтымында, чечен кошуундары Орусиянын башка региондорундагы рейдерлик чабуулдарга да катышкан. Андан тышкары отчетто Кадыровдун чет жактагы террорчуларды колдоого шектелип жатканы тууралуу айтылган. Мисалы, орусиялык көпчүлүк саясатчылар 2013-жылдын апрелинде АКШнын Бостон шаарында теги чечен ага-ини Царнаевдер ишке ашырган терактты айыпташса, Кадыров жардырууну америкалык коопсуздук органдары өздөрү уюштуруп, Царнаевдер алардын курмандыгы болгон деп ачык эле спекуляциялаган.

22-февралда жарык көргөн интервьюсунда Яшин баяндаманы жазуу чечимин былтыр мартта Кадыровдун оппозиция лидери Борис Немцовду өлтүрүүгө түздөн түз тиешеси айдан ачык болуп калганда кабыл алганын айтып берген.

Чечен лидеринин жана орус президенти Владимир Путиндин сынчысы Немцовду бир жыл мурун, 27-февралда Москванын борборунда атып кетишкен. Кылмыш үчүн түндүк кавказдык беш киши соттолуп, кол салууну Кадыровдун коопсуздук күчтөрүндө кызмат өтөгөн Руслан Мухудинов уюштурганы далилденген. Ал азыркыга чейин кармала элек.

Яшиндин айтымында, докладдагы негизги суроо президент Путиндин ошол режимдин түптөлүшүндө ойногон ролуна тиешелүү.

Түндүк Кавказда ушундай кооптуу, көзөмөлдөн чыгып бараткан режимдин пайда болушу үчүн жоопкерчиликти мен, ПАРНАС партиясы, Демократиялык коалиция боюнча кесиптештерим Владимир Путинге жүктөйбүз. Бул докладды жарыялоо менен орус коомчулугунун көңүлүн ал жерде болуп жаткан окуяларга бурууну, Рамзан Кадыровдун дароо кызматтан кетишин талап кылууну көздөйбүз. Путин Түндүк Кавказда жай жарылчу бомбаны орнотуп койду. Саясий кризис болсо эле ал жарылып, үчүнчү чечен согушу тутанышы мүмкүн.

Доклад маалымат каражаттарындагы ачык жана буга чейин жарыяланбаган материалдарга, ошондой эле Чеченстанда чогултулган маалыматтарга негизделип жазылган.

Кадыров болсо оппозициянын ага арналган докладын күн мурунтан жарыялап жиберди.

Докладды мөөнөтүнөн мурда чыгаруунун себебин ал "В контакте" сайтындагы баракчасында мындайча түшүндүрдү: «Бир актердун катышуусундагы бул театрга мамилемди чыгарманы жарыялоо менен билдирем. Дагы кандай курулай сөздөр айтыларын билбейм, бирок буга чейин жазылгандардын бардыгы болбогон кеп».

Яшиндин айтымында, Кадыров же басма сөз кызматы сыягы документтин нускасын эмбаргого карабай "Ачык Орусия" бейөкмөт уюму кокусунан жарыялап жиберген жерден көчүрүүгө үлгүргөн. Оппозиционер баяндаманы маалымат каражаттары катуу көзөмөлдөнгөн Чеченстанда таратууга жардам бергендиги үчүн Кадыровго ырахматын айтты.

Айтмакчы, 23-февраль – депортация курмандыктарын эскерүү күнү Чеченстандын өзүндө үч жылдан бери расмий белгиленбейт.

Презентация болоордун алдында белгисиз бирөөлөр ПАРНАС партиясынын Москвадагы кеңсесине бомба коюлганын айтып телефон чалгандан кийин полиция текшерип, бирок эч кандай жардыргыч зат табылган жок. Маалымат жыйыны өтүп жатканда да тартип коргоочулар келип, бомба жөнүндө дагы бир эскертүү түшкөнүн айтышты.

XS
SM
MD
LG