Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:54

Орусияда тик учак кулап, 18 киши каза болду


RUSSIA -- A firefighter works at the site of a helicopter crash in Khabarovsk, April 11, 2018
RUSSIA -- A firefighter works at the site of a helicopter crash in Khabarovsk, April 11, 2018

4-августта Орусиянын Красноярск аймагында тик учак кулап, 18 киши набыт кетти. Алардын үчөө экипаждын мүчөлөрү болгон. Тик учак Игарка шаарынан 180 чакырым алыстыкта кулаган.

Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак жанында учуп бараткан башка тик учактын жүк көтөргүчү менен кагылышкан.

Кыйраган тик учак Utair компаниясына таандык. Ал "PH-Ванкор" компаниясынын мунай өндүрүүчүлөрүн жана кызматчыларын ташып бараткан. Учурда кырсык болгон жерде Орусиянын ӨКМи иштеп жатат.

Бул окуяны Батыш-Сибирь прокуратурасы иликтей баштады, ал эми Тергөө комитети окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.

Росавиациядан билдиришкендей, жүргүнчүсү бар тик учак металлоконструкция алып бараткан башка тик учактын артынан учуп бараткан.

Ми-8 тик учагы менен кагышкан жүк ташуучу тик учактын учкучу Евгений Бердиюгин окуя боюнча комментарий берди. Телефондогу сүйлөшүү Mash телеграм-каналына жарыяланды. Анын айтымында, экинчи тик учак алардын артынан учуп баратканда жүк көтөргүчтү сүзүп алган.

Авиакомпаниянын маалыматында, кулаган тик учак 2010-жылы Улан-Удэ авиация заводунан чыккан. Тик учактын командири 33 жашта болгон.

Өлгөндөрдүн тизмеси

1. Муратов С.Х.

2. Прокопьев И.А.

3. Атнабаев В.С.

4. Баязитов А.В.

5. Микрюков О.С.

6. Чичерин Р.П.

7. Шайдуллин Р.И.

8. Валитов А.Г.

9. Овчинников Д.С.

10. Горюхин А.А.

11. Тяжельников С.В.

12. Щербинин А.С.

13. Веретенников С.А.

14. Рыбак Б.В.

15. Хисамутдинов К.Ш.

Экипаждын каза болгон мүчөлөрү:

1. Кононов А.С. – экипаж командири

2. Иванов О. – экинчи учкуч

3. Иванчин Л. – бортмеханик

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG