Эки күн мурда Москвада кылмышка шектелген эки кыргызстандык жаран полициянын атайын операциясы учурунда каршылык көрсөтүп качышкан. Алардын бири ошол эле күнү 2-3 сааттын ичинде кармалып, экинчиси издөөгө алынган. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев буларды айтты.
- Москванын Кунцево районунда полиция ыкчам иштерди жүргүзүп жаткан маалда эки жараныбыз каршылык көрсөтүп, опер кызматкерине бычак сайып качып кетишкен. Бирөө ошол эле күнү кармалып, өздүгү аныкталып, азыр камакта отурат. Экинчисинин өздүгүн аныктоо, аны издөө иштери жүрүп жатат. Бизге түшкөн маалыматтар боюнча экөө тең Кыргызстандын жараны. Булар биздин эле жердештерди тоноп келишкен. Буга чейин да арыздары менен кайрылгандар болгон экен.
Москва: үй-бүлөгө кийлигишкен "каралар"
Москва: үй-бүлөгө кийлигишкен "каралар"
Москвада өз алдынча жарандык никеде жашап алып, бирок, үй-бүлөдө чыккан турмуштук келишпестиктерден улам ойго келбес жоруктарга баргандар кездешет.
Борбор азиялык мигранттар катышкан сот иштеринде котормочу болуп жүргөн Жанна Сабаева кантип эмгекчи мигрант кылмышкерге айланып жатканын мындайча айтып берди:
- Жердештерибиз, айрыкча 20-35 жаштагы жигиттер аралашкан кылмыштар көп болууда. Биз тергөөдө котормочу катары ар кайсы сотторго катышып жатабыз. Каракчылык аябай көбөйдү. Ноябрь айында көбүнчө Өзбекстан менен Тажикстандын мигранттары менен иштешип жатканбыз. Азыр болсо кыргызстандыктарга өтө көп кылмыш иштери козголууда. Буга биздин мигранттардын тартибине өтө катуу көңүл бурулуп жатканы себеп деп ойлойм. Полициянын рейддеринен улам батирсиз, жумушсуз калып жатышат, депортация болгондор бар. Айласыздан же мекенине кете албай, же бул жакта кала албай, тобокелдикке барып жатышат. Бул элибиз, коомубуз үчүн кооптуу көрүнүш.
Москвадагы “Жаш күч” спорт клубунун жетекчиси Айбек Мусаев Орусияга иштейм деп келген жаштардын кылмыштарга аралашуусуна көп жагдайлар себеп болгонун айтты.
- Ошол эле жумушсуздук, тарбиянын жоктугу, жеңил ойлуулук, билимдин жоктугу кылмышка түртүп жатат. Бул көйгөйдү Кыргызстандан чечип башташ керек. Ар бир үй-бүлөдө ата-эне балдарын карап, окутуп, бойго жете электерди талаага чыгарбай, чыгарса дагы көзөмөл катуу болуш керек. Ошондой эле Москвага келгенде дагы ар бир кыргызстандык диаспора өкүлдөрү менен байланышта болушу керек. Консулдук, элчилик деген иштеши керек. Мигранттар өз көйгөйлөрү менен кайрыла турган атайын борборлор болушу керек. Тилекке каршы, бизде азыр эл менен түз байланышта болуп, иш алып баргандар жок.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, быйыл январь-ноябрь айларында 400гө чукул кыргызстандык Орусияда сот жообуна тартылган. Анын 8 пайызын кыз-келиндер түзөт.
Эң көп уурулук, тоноо, алдамчылык жана зордуктоо беренелери боюнча кылмыштар катталган. Орусиянын абактарында 1,5 миңдей кыргызстандык жазасын өтөп жатат.