Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Назарбаев өзүн Линкольнго теңеди


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Орусиянын басылмаларындагы Борбор Азия тууралуу макалаларга сереп.

"Лента.ру" Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге АКШнын 16-президенти Авраам Линкольндун статуясынын үлгүсү боюнча Астанада эстелик тургузулганын жазды.

Эстелик быйыл 78 жашка таяган казак президентинин 6-июлдагы туулган күнүнө карата Улуттук музейде орнотулган.

Анда тактыда отуруп, алысты караган эл башынын образы чегерилип, үстүнө "Казакстандын түбөлүктүү өлкө болушу – менин кыялым. Убакыт өтөт, адамдар өтөт. Бирок, эгемендик сакталат. Казакстандын туңгуч президенти, эл башы Нурсултан Назарбаев" деп латын арибинде казакча жазылган.

Макалада эстелик толугу менен АКШда кулчулукту жойгон 16-президент Авраам Линкольндун айкелинен көчүрүлүп алынганы айтылат. Линкольнго эстелик ал атылып өлтүрүлгөндөн 57 жыл өткөндөн кийин Вашингтондо Ак үйдүн жанына тургузулган.

Ал эми түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов бул жолу небереси менен рэп айтып чыкканына "Известия" гезити токтолду.

Түркмөнстандын ийгиликтерине арналган ырдын сөзүн жана обонун президенттин 16 жаштагы небереси Керимгулы жазганы айтылат.

Интернетте таркаган видео учурда түркмөн президенти эс алып жаткан "Аваза" курортунда тартылганы көрүнүп турат.

Ырдын жарымы англис тилинде рэп иретинде окулган.

Ал арада Дүйшөмбүдө президент Эмомали Рахмондун кудасынын баласы милиция кызматкерин сабаганы үчүн камакка алынган. Бул тууралуу "Фергана" интернет-басылмасы жазып чыкты. Жуманын башында мурунку энергетика министри Шерали Гуловдун 26 жаштагы уулу Диловар Гулов издөөгө алынганы кабарланган. Ал өткөн жекшембиде милиция кызматкери Дилшод Нарзуллозодду сабап, качып кеткен деп айыпталууда. Тажик басылмалары экс-министрдин баласы мурунтан бир нече жолу уруш-мушташтарга аралашып, бейбаштыкка байланыштуу айыпталгандан кийин президент Рахмондун эскертүүсү менен Европага кетирилгенин жазып чыгышкан. Жайкы эс алууга Дүйшөмбүгө кайтып келген Рахмондун кичи кудасы эми үй камагына алынган.

Ташкентте болсо борбордук көчөлөрдүн бирине кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун наамы берилгенин "Газета.ру" кабарлайт. Бул өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө жарлыгы боюнча аткарылып жатканы белгиленет. Мирзиёев быйыл Өзбекстанда Айтматовго арналган илимий, маданий жана адабий иштерди өткөрүп, Айтматовду эскерүүгө даректүү тасма, телеберүүлөрдү даярдоону буйруган. Ошондой эле жазуучу тууралуу быйыл "Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан" деген эскерүү китеби басылып чыгарылмакчы.

Өзбек президенти Чыңгыз Айтматовдун китебин кармап турат.
Өзбек президенти Чыңгыз Айтматовдун китебин кармап турат.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG