Самара облусундагы «Кошелевский посад» чарбалык мекемесинде иштеген Өзбекстандын 69 жараны ооруканага 16-17-июлда түшкөн.
Алар келемишти өлтүрчү уу себилген үрөндөн жасалган майды тамак-ашка колдонгону айтылууда.
18-августта кошуна Ульяновск облусунан да айрым жергиликтүүлөр уулануунун окшош симптомдору менен ооруканага кайрылган.
«Ульяновск облусунда 11 адам догдурда жатат. Эки адам каза тапты. Бул эки окуяда тең бирдей симптомдор аныкталды. Бул адамдар тамак-аш жасоо үчүн тазаланган майды колдонушкан. Ууланган адамдардын канында зоокумарин бары аныкталды», - деди Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык бөлүмүнүн басма сөз катчысы Гулия Заббарова.
Адамдар зоокумарин, тагыраак айтканда, үрөндү келемиштен коргоо үчүн колдонулган химиялык затка ууланган. Бул зат кандын уюшун токтотуп, кансыроого алып келет.
Облустун Тергөө комитети окуя боюнча «эки же андан ашык адам өлүмүнө алып келген, адам өмүрү менен ден соолукка коопсуздук талаптарына жооп бербеген товар өндүрүү жана сатуу» деген берене боюнча иш козгоду.
14-августта Тольяти шаарындагы ооруканада Самарада ууланган өзбекстандык мигранттардын бири - 26 жаштагы Ойбек Сабиров каза тапкан. Анын сөөгү өзбек өкмөтүнүн жардамы менен Хорезм облусундагы туугандарына жөнөтүлгөн.
«Биз «Кошелевский посад» мекемесинде алма бакта иштечүбүз. Жер казып, жемиш теребиз. 15-августта ууланганыбызга толук бир ай болот. Эмне жегенибизди билбейм. Ошол күнү оозу-мурдубуздан кан кетип, кан аралаш заара кылдык» деп айтып берген «Азаттыктын» өзбек кызматына кайрылган мигранттардын бири.
Расмий билдирүүгө ылайык 69 өзбекстандык мигранттын 54ү дагы деле ооруканада жатат. Абалы оор төрт өзбекстандык Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын учагы менен Москвадагы ооруканага жеткирилген.
Тольятидеги №1 оорукананын башкы дарыгери Леонид Разливинский "Азаттык" радиосуна ууланган бейтаптардын сакайып чыгышына 70-80 күндүк убакыт керектигин айтып, өзбек өкмөтүнөн жардам сураган. Уулангандардын арасында үч жашар бала да бар.
"Бизге чындыгында жардам керек. Мен Казандагы өзбек консулуна да айткам. Кырдаалды түшүндүргөм. Дарылоону улантуу үчүн каржы керек. Өзбекстандын өкмөтүн буга көңүл бурууга өтүнөбүз".
17-августта Өзбекстандын Эмгек министрлиги Ташкенттен Самарага мигранттарга жардам көрсөтүү үчүн догдурлар учканын кабарлаган.
«Фергана» маалымат агенттиги 200 литр майды Ульяновск облусундагы Михайловка айылынын 69 жаштагы тургуну Самарадагы таанышына жасап бергенин жазды. Ал өзүнө 15 литр калтырып, калганын Самарага жөнөткөн. Пенсионер өзү жабыр тарткан эмес. Кызы майдын 10 литрин кесиптештерине сатып жиберип, кийин алар да ооруканага түшкөн.
Тергөөчүлөр пенсионердин «Кошелевский посад» чарбалык мекемесинде иштеген таанышы ууланган үрөндү уурдап чыгышы мүмкүн деп шек санашууда. Азыр 180 литр май табылып, калган 20 литр майдын дайыны изделип жатат.