Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Алматыда ымыркай саткандарга байланыштуу 20 иш тергелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Казакстандын Ички иштер министрлиги “STOP-трафик” алдын алуу иш-чарасынын алкагында адам сатууга байланышкан 39 факт катталганын, анын алтоо жашы жете электерге байланыштуу экенин билдирди. Бул тууралуу Polisia.kz басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Алматы шаарында ымыркай сатууга катышкан кылмыштуу топ аныкталган.

"Уюштуруучулар жаш кыздардын оор турмуштук абалын пайдаланып, аларды балдарын сатууга көндүрүшкөн. Бардык шектүүлөр кармалды. 20дан ашык кылмыш иши тергелүүдө", — деп билдирди министрлик.

Маалыматка караганда, Абай облусунда мажбурлап иштетүү фактылары катталган. 11 кылмыш иши козголуп, сотко жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, түнкү көңүл ачуу жайларында жашы жете электерди эксплуатациялоо учурлары аныкталган.

Министрлик билдиргендей, Акмоло облусунда “башаламан жыныстык катнашты жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды жокко чыгарууну пропагандалаган” диний топтун иши токтотулду. Текшерүүдө китептер, жабдуулар жана ырым-жырым буюмдары табылган.

Укук коргоочулар Казакстанда адам сатуу фактылары бар экенин бийлик моюнга алып, ага каршы күрөшүүгө аракет кыларын белгилешет. Бирок чаралар жетишсиз экенин айтышат. Алардын баамында, курмандыктарды коргоо механизмдери алсыз, тергөө иштери да талаптагыдай деңгээлде жүргүзүлбөйт.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG