Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:03

Өзгөрүштөн Норилскиге созулган жол


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өмүрзак Коңурбаев 1942-жылы августта камакка алынган.

Аскерге чакыруу кагазын берип, батышка кетчү составдан бөлүп калып Өзбекстандын Бегабат түрмөсүнө алып барышкан. Ал жерден 12 жылга кесилип, Норилскиге жөнөтүлгөн.

Бегават түрмөсү

Өмүрзак Коңурбаев 1903-жылы Кемин районундагы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Атасы Коңурбай Эшкожо уулу динге берилген, кедей үй-бүлөдөн чыккан. 1916-жылкы Үркүндө элди көрүп, ал да үй-бүлөсү менен Кытайга качкан. Бирок жолдо жардан кулап, бутун сындырып, жергиликтүү табыптын жардамы менен өлбөй аман калган. Шашылыш жолдо салынган сөөгү жакшы бүтпөй, аксап жүргөн.

Көп өтпөй совет бийлиги келип лениндик Жаңы экономикалык саясат (НЭП) кезинде кыйла ирденип, бир топ жандык топтоп алууга жетишкен. Бирок, ага улай келген колхоздошуу, ачарчылык кезинде кайра эле жокчулукка кабылып, кыйын турмушту башынан кечирген. Анан да ошол оор кездери төрөлгөн балдары токтобой, жүрөгү түшүп калган ата-эне Өмүрзак төрөлгөндө кызча кийинтип, кулагын тешип сөйкө салып коюшкан. Кайриет, кийинки Кемел деген уулу, Бүбүкан деген кызы аман калган.

«Өмүрзак Коңурбайдын өзгөчөлүү баласы болгон. Атасы ага өз алдынча иш кылган чоң кишидей мамиле кылчу. Өмүрзак да анысын билип, өзүн жогору сезчү. Үйдүн ишенген кишиси экенин баскан-турганынан билдирип турчу. Баарын башкаргысы келчү. Кайсы бир деңгээлде анысы ишке ашчу. Бойлуу, адамга жакын, коюу кара чачы, бакырайган кара көздөрү аны жагымдуу көрсөтчү. Чоң кишилердей өзүн бийик кармап, токтолуп-токтолуп сүйлөчү. Дайыма ишенимдүү, ынанымдуу айтчу. 26 жашка чыкканда Коңурбай ага кыз таап үйлөнтүп койду.

Аялы Алмагүл пастек бойлуу, акырын баскан, өңү саргыч, оору азабын тарткан келин экен. Үч жылдан кийин анын оорусу айыкпас, жетигип калганы билинип калды. Кургак учук экен. Экинчи уулу Шарапидинди төрөгөндөн эки айдан кийин ал көз жуумптур. Артында чиедей эки баласы калды, Салахидин экиге чыгайын деп калган, Шарапидин – эки айлык.

Коңурбайдын үйү толо жан, эки аялы Кызалак менен Тойдум, уулу Кемел, кызы Бүбүкан, чоң уулу Өмүрзактын чиедей эки баласы, баары экөөнүн колун карашчу. Кыйын жашоо болчу», деп жазат Эрик Өмүрзак уулу Коңурбаев эскерүү китебинде.

Өмүрзак жаңы бийлик тушунда алгач педагогикалык билим алып, айлындагы Самансур башталгыч мектебинин директору болуп иштеген. Жашоо-турмуш кыйын, бирок азыноолак жери, жандыгы бар Коңурбай чоң үй-бүлөсү менен кыйналып, бирок да ачарчылыкка кабылбай жашоо кечиришкен. Өмүрзак ошол кездеги көпчүлүк жыйындарга чыгып сүйлөп, райондук бийликтегилердин баамына илинген. Анын саясий иштерге аралашуусу отузунчу жылдардын башына туура келет. Райондук бийликтегилердин колдоосу менен 1931-жылы Фрунзедеги эки жылдык коммунисттик мектепке кирген. Билим алуу анын көмүскөдө жаткан жөндөм-шыгын ойготуп ыр жаза баштаган. Акындыгы аркылуу кыргыз совет адабиятынын алгачкы муундагы акын-жазуучулары менен жакшы мамиледе болуп, чыгармачылыкка чындап киришсе андан улуттук көркөм сөздүн таанымал ишмерлеринин бири чыгышы мүмкүн эле. Коммунисттик окуу жайын аяктаган соң ал Фрунзедеги мамлекеттик басманын саясий редактору, республиканын башкы цензору болуп калган.

1940-жылы аны Кыргызстан КП(б) БКнын инструктору кылып дайындашкан. Партиялык, чарбалык иштердеги кадрлардын көбүнө согуш башталганда «бронь» беришкен. Немистик фашисттердин чабуулдары күчөп совет өлкөсүнүн тагдыры калтыс турган чакта деле сталиндик репрессия токтолбой, «чет элдик чалгындын тыңчылары, эл душмандары» деген айыптарга такап, камап турушкан. Өмүрзак Коңурбаев иштеген партиялык аппараттагы бөлүм Борбордук комитеттин 3-катчысына баш ийчү. Катчы Атаевдин артынан НКВД кызматкерлери түшүп, аны аскерге жөнөп жаткан жеринен камакка алышкан. Башчысын аскерге узатканы Өмүрзак Коңурбаев гана келген экен. Анын өзүнө аскерге чакыруу келгенде Атаевди соттошуп, атып ийишкен болчу.

«Атам, апам жана Бүбүкан узатканы вокзалга кетишкен. Балдарды үйдө калтырышты. Атамды узатышып поюзга салгандан он мүнөттөн кийин Пишпек станциясына келишкенде аскер кийимчен эки адам келип атамды камакка алышып башка поюзга отургузушуптур. Ал Өзбекстанга, Бегават шаарына барчу поюз экен. Ошол түнү биздин үйгө үч киши келди. Баары граждандык кийимчен болчу, мен жакшы билем. Элтейип эле туруп калдык. «Үңүрөйгөн адамдар үйдүн ичин үч көтөрүп, баарын чачып, тинтүүгө киришти. Бир кагаздарды издеп атышты окшойт. Текчедеги китептерди чачып, полдун үстү додолонуп калды. Эмне издешкендерин билбейм, кийин апам айтты, алар атамдын ыр жыйнагын, анан бир топ буюмдарын алышыптыр. Кайсы бир барактарды албай калтырып кетишти.

Кийин уксам алар бизди үч күндүн ичинде үйдү таштап, шаардан чыгып кетишибизди талап кылган токтомду калтырып кетишиптир. Камоо менен кармоо 1937-жылдан башталганын билчүбүз, эми ал бизге келгенин түшүндүк. Баарыбыз ыйлап, мындан ары эмне болорун билбей аңкайып отуруп калдык. Эртеси эртең менен Бүбүкан эжем айылга Коңурбай атама кетти. Бир күндөн кийин эки ат кошулган арабасын айдап алып Коңурбай атам келди.

Ал кезде Кемел байкем майданда болчу. 1937-жылдан бери ал Түркстан аскер округунун кавалериясында кызмат кылчу. Атамды камакка алганда байкем немистердин туткунуна түшүп калган кези экен. Коңурбай атам аттарын арабага байлап, чөптөн калың төшөп сыртта жатып калды. Эшикте жайдын салкын түнү. Эртеси апам бизди таң азандан ойготуп, болгон буюмдарыбызды заматта арабага жүктөп жолго чыктык. Бейтааныш бир киши келип апамдан үйдүн ачкычтарын алып жаап койду. Биз арабага отуруп айылга кеттик.

Атамды Бегават түрмөсүнө алып барышыптыр. Камералардын бирине киргизип, бир аз убакыттан кийин суракка чакырышыптыр. Тергөөчүсү жакасында үч кызыл тасмасы бар Литвинов деген жапжаш жигит экен. Ал атама «ата мекенге чыккынчылык кылган, англис, жапан чалгын кызматтары менен байланышта болгон, атылып кеткен БКнын мурдагы катчысы Атаевдин «куйругу» болгон» деп айып коюптур. Эч кандай далилдерди келтирбептир. Атам ал айыптарды четке кагып, «анын баары жалган» дептир. Атамдан айыбын моюнга алып, тигилер берген документтерге кол коюусун талап кылышыптыр».

Өмүрзак Коңурбаевдин аялы Салима Фаттахова Татарстандагы колунда бар диний ишмердин кызы болгон. Совет бийлиги динчилерди кодулап, үй-бүлөсүнө кысым көрсөтө баштаганда атасы Түркияга, кызы мусулман калкы деп жан тартып Фрунзеге келет. Баш калаадан ал Өмүрзак Коңурбаевдин эжесине туш келип, ал аркылуу Кеминге Өзгөрүшкө мектепке ишке барып, ошол жерден кичинекей уулу, кызы менен калган Өмүрзак Коңурбаевге турмушка чыгат. Кийин чиедей төрт баласын алып «эл душманынын» аялы аталып айылга келген.

Бегаваттагы Өмүрзак Коңурбаевдин азабы он айга жакын созулду. Күндө, күн алыс сурак, кыйноо. Арадан жарым жыл ашуун убак өткөндө үйүндөгүлөрү анын кайда экенин билип артынан издеп барышкан. Ага чейин жакындары Москвага Сталин баш болгон советтик жетекчилердин бир тобуна арыз жазышат. Алардын бирөөнөн да жооп келген эмес. Жолдун алыстыгына карабай Салима менен Салайдин Өмүрзактан кабар алганы Өзбекстандын Бегават түрмөсүнө келишкен. Бул жерден алар Өмүрзак Коңурбаев РСФСР КК 58а-беренеси боюнча «үчилтик» тарабынан соттолгонун, «эл душманы» катары он жылга кесилгенин, сүргүндөн өз жерине кайтууга акысы жок экенин угушуп, издеген адилеттигине жетпей армандуу кайтышкан.

Адабий цензор

Арадан он эки жыл өткөндөн кийин 1954-жылы 13-декабрда Өмүрзак Коңурбаевдин иши кайра каралып, иш-аракетинде кылмыштын жоктугуна байланыштуу толук аткалган. 12 жылдык азап, түндүктүн эң катаал Норилск шаарчасында өткөн өмүр Өмүрзак Коңурбаевдин маанайын басынтып, турмушка мамилесин толугу менен өзгөртө алган эмес. Анын уулу, биология илимдеринин доктору, профессор, бир топ жыл Пржевальскидеги педагогикалык институтту башкарган Эрик Коңурбаев ырастагандай, Өмүрзак 30-жылдары басмада иштеп жүргөн кезинде ырлар жазып, биринчи китеби 1938-жылы Казандан «Жеңиш толкундары» деген аталышта жарык көргөн.

«Анткен менен апамдын эрки күчтүү, сабырдуу, анан жапжаш туруп аябай акылдуу эле,- деп эскерет Эрик Коңурбаев. – Татарияда көргөн-билгени, анан баарын чакчелекей түшүргөн өзгөрүүлөр апамды бардык нерсени терең баалоого, талкаланган тагдыры менен өзгөрүлгөн жагдайга жараша иш кылууну аң-сезимине бекем орнотуп койгон экен. Апамдын - Фаттахова Салима Мухаматкаримовнанын өзгөрүлгөн шарттагы жаңы турмушу ушундайча башталган».

Өмүрзак Коңурбаев бир топ жыл адабий цензор, жарыкка чыкчу чыгарманын идеялык-саясий өңүтүнө жоопкер кызмат адамы болгон. «Атам акындар менен жазуучулардын чыгармаларындагы майда-чүйдөгөлөргө жабышып жатып алчу эмес», деп жазат Эрик Коңурбаев. Саясий цензуранын айынан көркөмдүгү жагынан түккө тургус, бирок «саясий жагынан ишенимдүү» эчен чыгармалар китеп болуп чыгып, көркөм адабияттын асылдык наркын кетирди. «Атам Компартияны, партия жетекчилерин, коммунизм менен социализмди жерге-сууга тийгизбей мактаган чыгармалардын жарык көрүшүнө жоопкер болчу», дейт Эрик Коңурбаев.

Мына ушул идеологиялык тар түшүнүктүн айынан анын Жоомарт Бөкөнбаев, Мукай Элебаев, Темиркул Үмөталиевдер менен мамилеси жакшы эмес болчу. «Атам жөнөкөй киши эмес эле. Анын мүнөзү кыйла эле оор болчу. Анан да бийликти жакшы көргөн, баарына эле ачыла бербеген түнт эле. Кийин атамдын кызматы бийиктерге ийилип кетме сапатын да байкадым. Үйдө ал баарына тегиз эле», деп жазат Эрик Коңурбаев.

Түндүктөгү катаал азаптан аман келген Өмүрзак Коңурбаев кыйла жылдар Фрунзедеги эң ири «Россия» кинотеатрынын директору болуп иштеген. Ал 12 жылга түндүккө айдалып, үй-бүлөсү оор күндөргө кабылганда достору Жапар Шүкүров, Шайык Токтосунов колунан келген жардамын көрсөтүп турушкан. Эрик Коңурбаевдин эскерүүсүнөн:

«Айылдагы Коңурбай атамдыкындагы жаңы катаал турмушту эсимден чыгара албайм. Тамак-аш жетишпеген ачарчылык, сөөктөн өткөн суук, кордоп-басынтуу, кодулоо көп болду. Биз «эл душманынын» үй-бүлөсү болчубуз, какаганга муштаган дегендей Кемел байкем немистерге туткунга түшүп калган. Ошол кезде баштан кечиргендердин баары эсимде. Үйдө Коңурбай атам, биз – апам, Кызалак чоң энем, Шарапидин (аны баарыбыз Шапый деп койчубуз) Азат, мен, Марат, Сания, Рашид – тамак деп оозун ачып турган сегиз жан, кичинекей ашканасы бурчунда жайгашкан тар бөлмөдө жатчубуз. Жанындагы бөлмөдө Коңурбай атам, Түйдүмчөн апа, Маржеке жеңе – Кемел байкемин аялы, Салайдин байке, Клим. Тар эки бөлмөдө 13 жан турчубуз. Эч ким иштебейт. Баарыбыз Коңурбай атамы карап отурчубуз. Анын 20 сотук короосу, эки ую, бир бээси бар. Анан машке иттерибиз болор эле, Кумайык, Коңгуроо деген. Апамдан башкабыз жерге жатчубуз. Апам тар темир керебетте. Балдар Шапый менен Кызалак энеге жакын жатканга кызыкдар элек. Эрте турганы дурус деген кийимге жетип, кеч калганы колго тийгенин кийчү».

Турмуштун кыйынчылыгына эрте туш келген Коңурбаевдер кийин белгилүү окумуштуу, Ысык-Көл биологиялык станция директору, ректор, министр, дагы башка жооптуу кызматтарга жетишкен, эмгеги менен көрүнгөн азаматтар болушту. Жергиликтүү өнөр жай министри болуп кыйла жыл иштеген Марат Коңурбаев кайсы бир тресттеги көз боёмочулуктарды жашырып койбой, ачыкка чыгаргысы келген үчүн табышмактуу өлүмгө туш келген. Биология илимдеринин доктору, профессор Эрик Коңурбаев айтылуу үй-бүлөнүн тарых-таржымалын өзүнчө китеп кылып мындан үч жыл илгери чыгарган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG