Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Референдум: бийлик бир колго өттү


Садыр Жапаров добуш берип жаткан учур. 11-апрель, 2021-жыл.
Садыр Жапаров добуш берип жаткан учур. 11-апрель, 2021-жыл.

Баштапкы маалыматтарга караганда, добуш берүүгө катышкан 37,4% шайлоочунун 79% Конституциянын жаңы долбоорун колдошту. Айрым эксперттер жарандар өздөрү түшүнбөй эле добуш берип коюшканын айтса, башкалары жетиштүү маалымат берилгенин, кыргызстандыктар өз тандоосун жасашканын билдирди.

Аймактагылардын 80 пайызы президенттик башкарууну жактаган Баш мыйзамды жактырышса, борбор калаада бул көрсөткүч айырмаланат.

Бишкектиктердин 36% Конституциянын жаңы долбооруна каршы добуш беришкен.

Кандай болгон күндө да, баштапкы жыйынтыктар Жогорку Кеңештин 80 депутаты былтыр ноябрь айында талкууга чыгарып, кийин Конституциялык кеңешме түзөтүүлөрдү киргизген Баш мыйзамдын долбоору колдоо тапканын көрсөттү.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн президенттин жана өкмөттүн аппараттары мыйзам долбоорлорун даярдап койгонун бир күн мурда билдирген эле.

Ал жергиликтүү кеңешке шайлоо жана Баш мыйзам боюнча референдумга добуш бергенден кийин “Азаттык” радиосунун суроосуна жооп берип жатып буларды айтты:

«Бүгүн эл жаңы Баш мыйзамды колдоп берсе, болжол менен 20-апрелде расмий жыйынтыгы чыкса, бардык долбоорлорду Жогорку Кеңешке киргизебиз. Анткени жаңы Конституцияга ылайык, биз бардык мыйзамдарды ирээтке келтиришибиз керек. Бизде бүгүнкү күндө бири-бирине каршы келген мыйзамдар абдан көп. Айрыкча Кылмыш-жаза кодексинде, Кылмыш-процессуалдык кодексинде жана башкаларында арбын. Отуз жылдан бери биз ошол карама-каршылыктар менен жашап келдик».

Президент ошондой эле соңку отуз жылда мыйзамды түшүнгөндөр да, түшүнбөгөндөр да жазганын кошумчалай кетти.

Юрист Эржан Кайып мына ушул мыйзамдарды ирээтке келтирип, Конституциянын жаңы долбооруна ылайыкташтырганда бир топ өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин айтты:

«Эми тынч жыйындарды өткөрүү, шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилиши ыктымал. Тобокелдиктердин дагы бири - алдыдагы парламенттик шайлоо кандай эреже менен өтөрү белгисиз. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарындагы аялдар, балдар, этностук топтор үчүн бөлүнгөн квоталарга байланыштуу беренелер дагы өзгөрүп кетиши мүмкүн».

Анткен менен башка юристтер пандемия, экономикалык кризис маалында дал ушундай Баш мыйзамдын кабыл алынышын туура көрүшөт. Алардын бири Канат Мидин уулу алдыда өлкөдө кайсы бир деңгээлде турукташуу болот деген пикирде:

«Мисалы, бизде өкмөт башчы алмашып, өкмөттүн курамы ар дайым өзгөрүп турат эмеспи. Аткаруу бийлигинин иши турукташат. Бул эми реформаларды ишке ашырганга, өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө чоң мүмкүнчүлүк. Эгерде ишти алып кете алган, тажрыйбалуу кадрларды койсо өкмөттүн потенциалы күчөйт. Пандемия учурунда, экономикалык кризис маалында борборлоштурулган башкаруу болушунун артыкчылыктары көп. Бийликке ишеним берилди, эми команда түптөп, берген убадаларды ишке ашырыш керек».

«Азаттык» жүргүзгөн сурамжылоолордо айрым жарандар Конституциянын жаңы долбоору тууралуу маалыматы жок экенин айтышкан.

Бул көрүнүштү кээ бир эксперттер да бышыкташты. Саясат таануучу Айбек Теңизбаев бийликти бир адамдын колуна өткөрүп берүү негизги тобокелдик экенин айтты:

«Конституцияны эл колдоду, бирок түпкү маңызын түшүнө алган жок. Абсолюттук бийликти бир адамга бергенде, бир гана сыйкырга ишенүүгө болот. Ал адам бир сыйкыр жаратып эле баары сонун болуп кетпесе, азыркы кейиштүү абал уланат. Дүйнөлүк жана биздин тарых көрсөткөндөй, бир адамга таянган мамлекетте тобокелчилик өтө көп болот».

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президент мурдагыдай бир эле мөөнөткө эмес, беш жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат жана аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт.

Мамлекет башчысынын жергиликтүү кеңештерди таркатып, райондун башчыларын дайындоого чейинки бир топ ыйгарым укуктары болот. Мындан ары референдумдарды мурдагыдай Жогорку Кеңеш эмес, президент гана жарыялай алат, парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го түшүрүлөт. Мындан тышкары жаңы Конституцияда Элдик курултай өзгөчө макамга ээ болот жана “сунуш берген, кеңешүүчү, байкоочу жыйынга” айланат.

XS
SM
MD
LG