Аталган уюмдун аймактык координатору Даврон Мухамадиев менен маектешип, бул уюмдун чөлкөмдөгү калктын саламаттыгы боюнча жүргүзгөн иштерин талкууладык.
"Азаттык": Алгачкы жардам дегенде эле сиздердин уюмдун ишмердиги эске түшөт эмеспи. Алгач бул багытта кандай иштерди аткарып жатасыздар, маалымат берип коесузбу?
Даврон Мухамадиев: Биздин уюм ар дайым расмий медицинага көмөк көрсөтүп, колдоп келет. Бул жолу Бишкекте өткөн биринчи жардамды көрсөтүү боюнча аймактык жыйында ишмердикти күчтөндүрүүнү талкууладык.
Борбор Азия чөлкөмү боюнча биздин уюм алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү 260 миңден ашуун кишиге үйрөттү. Биздин ураан - бир үй-бүлөдө жок дегенде бир киши чукул кырдаалда медициналык жардам көрсөтүүнү билиши керек.
Анткени кырсык болгон учурда “Тез жардам” же дарыгер дароо эле келе калбайт. Анын калса Кыргызстан, деги эле бардык Борбор Азия өлкөлөрү шарты катаал ландшафтта жайгашкан. Буга кошумча автоунаа жолдору да ойдогудай эмес. Ушундан улам медициналык жардам калктын калың катмарына жетпейт.
"Азаттык": Негизи эле Борбор Азиядагы алгачкы жардам берүүнүн сапатын башка өлкөлөр менен салыштыра аласызбы? Кандай баа берет элеңиз?
Даврон Мухамадиев: Биз бир өлкөнү экинчи бир өлкөгө салыштыра албайбыз, анткени ар бир мамлекеттин өзүнүн социалдык, географиялык, экономикалык өзгөчөлүгү бар.
Бирок белгилей кетиш керек, соңку мезгилде Борбор Азиядагы өлкөлөр биринчи жардам көрсөтүүдө өтө активдүү, сабаттуу боло баштады.
Мыкты өнөктөштөрдү таап, эл аралык стандарттарды өздөштүрүп жатышат. Башта айткандай, чөлкөм боюнча 260 миңдей киши биздин тренингге катышты. Алардын дээрлик баары мектеп окуучулары, студенттер, айыл-кыштактардын тургундары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, куткаруучулар, өрт өчүргүчтөр.
Дал ушул тармактын кызматкерлери бизден билим алып жатат, бирок биз аларга колдо бар каражаттар менен өмүрдү сактап калуунун башкы эрежелерин үйрөтүүнү максат кылганбыз.
"Азаттык": Жыйырма жыл мурдагы Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коому көрсөткөн жардам менен азыркы учурдагы көмөк көрсөтүүнүн айырмасы болсо керек.
Даврон Мухамадиев: Бактыга жараша, чөлкөмдө медициналык тейлөө жыйырма же 25 жыл мурдагыдай кейиштүү абалда эмес. Жаңыдан бутуна туруп, дүйнөлүк стандарттарга жакындап калды. Мурдагыдай гуманитардык жардамдарды ири өлчөмдө ташыбай калдык.
Чынын айтуу керек, Советтер Союзу кулаган учурда аймактагы кырдаал оор эле. Элдин курсагын тойгузуу, кийинтүү деген нерселер менен гана алектенип калганбыз. Азыр андай эмес. Биз азыр көбүнчө кеңеш берүүчү гана милдетти аркалап жатабыз. Маселен, Кыргызстанда коомдун аярлуу катмарында жашаган топтор бар. Алар жалгыз бой карыялар, көп балалуу күйөөсү жок аялдар, паллиативдик жардамга муктаждар.
"Азаттык": Паллиативдик жардам берүү жаатында да бир нече долбоорлоруңар бар турбайбы?
Даврон Мухамадиев: Ооба, биз азыр аны паллиативдик жардам дебей калдык. Анткени медицинада паллиатив онкологиялык дартка чалдыккан бейтаптарды кароодон улам келип чыккан.
Биздин уюм өлүм алдында жаткан адамга моралдык колдоо көрсөтүп, алаксытууну паллиативдик жардам деп атады. Бул айрыкча жалгыз жашап, ооруп калган карыяларга тийиштүү.
Биздин концепцияга ылайык карылар үчүн клубдар, эс алуучу, маанай көтөрүүчү борборлор ачылышы керек. Бирок аларга мурдагыдай дары-дармек, кийим-кечек таратпай, коомго интеграция болуусуна жардам кылабыз.
Аялдарды окутуп, өз алдынча каражат табууга, карыларга психологиялык жактан колдоо көрсөтүп, моралдык жактан дем-күч берүүгө басым жасайбыз. Ошону менен катар мигранттардын саламаттыгына кам көрүүчү функциябызды да ишке ашырып келебиз.
"Азаттык": Мигранттардын саламаттыгы демекчи, Борбор Азиянын калкынын көбү азыр иш издеп, дүйнөнүн чар тарабында жүрөт. Мигранттардын саламаттыгы да орчундуу маселе, бул багытта эмне кылып жатасыздар?
Даврон Мухамадиев: Биздин максат - мигранттарды башка өлкөдө жашоого даярдоо. Ушундан улам Кыргызстанда, Тажикстанда, Өзбекстан менен Казакстанда миграцияга кете тургандарды окутуучу борборлорду ачтык.
Аларга акысыз кеңеш берүү үч өзөктүү бөлүктөн турат. Биринчиден, аларга адаптациянын элементи катары орус тилин үйрөтөбүз. Экинчиден, укуктук жагдайлар тууралуу маалымат беребиз. Үчүнчүсү -башка өлкөгө жер которгондор өз саламаттыгына кантип кам көрүүнү билиши керек.
Миграцияга кетип жаткан адам ар түрдүү оорулар тууралуу маалымат алып, алар жуккан учурдагы белгилерин билиши шарт.
Себеби, азыр сыртка жыныстык жактан жетилген активдүү муун кетип жатат. Биз аларга “бирөө менен жолукпа” деп айта албайбыз. Бирок анын залакасын да биле жүргөнү оң деп эсептейбиз.
Ошол эле нерсе кургак учукка да байланыштуу. Мигранттар арасында психологиялык жактан чүнчүгөндөр көп кездешет. Негизи эле миграция адамды стресс кылары илимий жактан далилденген.
Жаңы жашоо шарттары, полициядан корккон абал, үйүн сагынуу сыяктуу бир топ себептерден улам адамдын иммунитети түшүп кетет. Ошондой эле четке чыгып жатканда ооруп калсаң ал жакта сени ким дарылайт, медициналык камсыздоону ишке ашырса болобу же болбойбу деген суроолор бар. Андай бүдөмүк ой менен Орусияга баруунун өзү да бир топ опурталдуу.
Ушунун баарын алдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Бир нече жыл мурда Борбор Азиянын бардык Кызыл чырым, Кызыл жарым ай коомдору бир альянска бириккен. Азыр ошол альянс аркылуу Орусиянын Саламаттык сактоо жана Ички иштер министрликтери менен, ошол эле миграциялык кызматы менен түз байланыш кура алабыз.
Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанда биздин ролубуз маалымат берүүчү катары калууда. Ал эми Орусияда медициналык укугу бузулган мигранттарга альянс аркылуу түздөн түз укугун коргоого багытталган.