Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:11

Кишинин мээси качан толук жетилет?


Көп фотондуу микроскоп аркылуу мээни изилдөө. Ростов-Дон шаарындагы Түштүк федералдык университет, Орусия. 2019-жылдын 8-февралы.
Көп фотондуу микроскоп аркылуу мээни изилдөө. Ростов-Дон шаарындагы Түштүк федералдык университет, Орусия. 2019-жылдын 8-февралы.

Блогер Элмурат Кочкор уулу улан-кыздар эрезеге жетип келе жатканда алардын кылык-жоруктарына жана инсан катары өнүгүү баскычтарына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.


Мээнин аябай кызыктуу жана киши үчүн эң маанилүү бир орган экендиги талашсыз. Бирок мээнин бөлүктөрү, иштөө өзгөчөлүктөрү, жетилүүсү тууралуу жетиштүү маалыматка ээбизби? Мисалы, салмагы жагынан денебиздин эки пайызын гана түзгөн мээ, денедеги энергиянын жыйырма пайызын сарптаганы кызык экен. Демек, мээде өтө кызыктуу кубулуштар жүрөөрү анык.

Бүгүн префронталдык кыртыш (prefrontal cortex) деп аталган алдыңкы мээ жөнүндө сөз кылалы. Алдыңкы мээ – мээнин бешененин аркасында жайгашкан бөлүгү болуп саналат. Мээнин бул бөлүгүн чечим чыгаруучу бөлүк деп атаса да болчудай. Анткени кандайдыр бир абалга кабылганда, абалдын күңгөй-тескейин туура талдап, таразалап, ой жүгүртүп анан кандайдыр бир жыйынтыкка баруусун дал ушул алдыңкы мээ ишке ашырат экен. Илимий изилдөөлөрдүн натыйжасына таянсак, алдыңкы мээни бүтүндөй мээнин акыл калчоо, эмпатия, ичтен келген сезим жана каалоолорду (импульстарды) күзүмүлдөө, пландоо жана уюштуруу жөндөмдүүлүктөрү жаатында жооптуу бөлүгү деп атоо туура болот.

Мээнин ар башка бөлүгү ар башка кызматты аткаргандай эле, алардын жетилүү убагы да ар кандай болот. Мээ өзү кишинин организминдеги эң соң калыптанган органы экендиги маалым. Анын ичинде алдыңкы мээ эң кеч жетилген бөлүк болуп саналаарын билет белеңиз? Бул илимий чындык бизге аябай көп нерсени айтып тургандай.

Алдыңкы мээ качан бышып жетилээри кызык болуп жатса керек. Келиңиз, бул илимий чындык биздин турмушта кандай пайдалуу нерселерди шыбырап турганын жана качан бышып жетилээрин мисалдар менен талдап көрөлү.


Бойго жетүү жана турмуш куруу

Мурдагы макалаларымдын биринде кыздарды эрте турмушка берүүнүн туура эмес экендигин жазган элем. Макаламдын алкагында 18 жаштагы кыз үчүн деле турмушка чыгуу эртерээк болуп каларын айтканмын.

Кээ бир катмар тарабынан бул пикирим сынга калды. Сындаган тараптын ою боюнча, 18 жаш кыз бала үчүн биологиялык жетилүүгө жетиштүү жаш курак болгондой эле акыл-эстик жактан да жетиштүү курак деп эсептелиптир. Буга чейин жашы жыйырмага жетип-жетпей туруп турмуш куруунун туура эмес экендигин жеке байкоолорума, тажрыйбаларыма таянып айтып келген элем. Эми бул көз карашыма бир илимий негизди кошо кетейин.


Илимий изилдөөлөр өспүрүм куракта алдыңкы мээ толугу менен жетиле элек абалда болорун далилдеди. Мээнин бул бөлүгүнүн эң тездик менен өнүккөн чагы – 18-23 жаштын аралыгы экен. Ал эми толук кандуу жетилүүсү, 25 жашка чейин созулат.
Бул сөз – 18 жаштагы кыз же бала дайыма туура эмес чечимдерди кабыл алат, кыска ойлонот дегендик эмес. Бул сөз – киши 25 жаштан өткөн соң гана мүмкүн болгон эң туура кадамды таштаганга, туура ой жүгүрткөнгө жөндөмдүү болот деген мааниге келет.

Демек, биологиялык жетилүү – аң-сезимдик жетилүү деген мааниге келбейт. Киши катары өзүн туура таануу, туура жубай тандай алуу, келечегин пландоо, акыл-эстүүлүк менен кадам таштоо деген компетенттүүлүк 18 жаштагы улан-кыздын бардыгында эле боло бербеши турган кеп.


Кийин баш жетип калды...

18 жашка келген улан же кыз коркуу, кубануу, күлүү, белгилүү коркунучтарга карата коргонуу аракети сыяктуу бир топ сезимдер калыптанганына карабастан, кээде акылдуулукка, логикага жатпаган, сезимталдыкка алдырган кадамдарды таштап коюшу – реалдуу бир чындык. Бул болсо мээнин бир топ бөлүгү толук жетилгени менен алдыңкы мээ бөлүгү толугу менен жетиле электигин көрсөтөт.

Адатта, ата-эне же мугалимдер мектеп курагындагы балдарга: «Оюнга көп убакыт коротпогула. Беймаани нерселерге эле убакыт коротуп, көчө чаңытып жүрө бербей жакшы окугула. Билимдүүнүн келечеги жаркын болот», – деген насаат кепти көп айтышат.

Бирок окуучулар бул насаатка жетиштүү кулак беришеби? Жок. Анткени көчүктү басып отуруп сабак окуу акыл калчоону, келечекти пландай билүүнү, ичинен ойногусу келсе да аны токтотуп туруу импульстарды көзөмөлдөө деген күчтү талап кылат эмеспи. Көңүл бурган болсоңуздар, бул өзгөчөлүктөр алдыңкы мээнин жетилүүсү менен гана күчүнө кире баштайт. Бул дагы жеткинчектерде алдыңкы мээ али толук кандуу калыптана элек экендигин айгинелейт.

Университетте окуп жүрүп: «Каап! Мектепте жакшы окуп койгонумда учурда дагы да жакшы университеттерде окумак экенмин. Мугалимдер көп айтты, бирок ал учурда мээге кирбейт экен да көрсө. Жакшы окуп, жакшы университеттерге өтүп кетиш көп деле кыйын эмес экен эле көрсө. Бирок ал учурда мүмкүнчүлүктү туура пайдалана албаптырмын, кийин баш жетип калдын аттиң...» – деген кишилерди көп жолуктурдум.

Ал тургай булардын арасында мен өзүм деле бармын. Көрсө, бул нормалдуу көрүнүш экен. Менин эле башым жетпей калган экен деп ойлонуп жүрсөм, андайлар толтура тура. Жаш курактан улам узак мөөнөттүү нерселерди ойлонуу, план түзүү, көрөгөчтүк кылуу, жети өлчөп бир кесүү деген нерселер али толук калыптана элек болот экен. Мындай учурларда өспүрүмгө жакындан колдоо көрсөткөн, жок көрсөткөн, аны менен дос сыяктуу жүрүп акылмандык кылган кишилер өтө керек экен...

Бул жерде мугалим жана ата-эненин кулагына күмүш сырга боло турган дагы бир жагдайды дароо белгилей өтүү керек.

Мектеп курагындагы балдарга «Азыр окуп алгыла, кийин өкүнүп каласыңар болбосо. Оюн-зооктон жана шаң-күлкүдөн алыс болуп, китеп менен көп убакыт өткөрсөңөр өкүнбөйсүңөр. Айлаңардагы окугандарды кара, окубагандарды кара...» деген сыяктуу пландоого, акыл калчоого, эмпатия кылууга үндөсө күтүлгөн натыйжаны бербеши мүмкүн.

Мындан улам ата-энелер же мугалимдер жөнү жок жерге балдарды жаман көрүп да калышы мүмкүн. А чындыгында балдар ал жаш курагында алдыңкы мээ жеткиликтүү өнүкпөгөндүктөн мындай мотивациялардан жеткиликтүү таасирленбейт. Андыктан, баланын көңүлүн сабакка буруу үчүн, анын жаш курагына ылайыктап кызыктыруучу нерселерди сунуштоо эң туурасы.


Жаман адаттардын калыптанган убагы

Изилдөөлөр, кишинин ичимдик, тамеки, баңги затын колдонуу сыяктуу нерселерге көз каранды болуп калгандардын басымдуу бөлүгү дал ошол жеткинчек чакта (14–19 жаш аралыгында) катталаарын көрсөтүптүр. Анткени, ал учурда алдыңкы мээ жеткиликтүү өнүгө элек болгондуктан, киши каалап, талап кылган нерселерди башкарганга (импульсту көзөмөлдөгөнгө) алдыңкы мээнин күчү толук жете элек маал болот. Натыйжада өзүнүн ден-соолугуна, келечегине зыяндуу нерсе болсо деле андан аң-сезимдүү түрдө узак тура албашы турган кеп.

Эң жаманы, тамеки, ичимдик жана баңги затындагы зыяндуу заттар биринчи кезекте алдыңкы мээге сокку урат. Ушундайча мындай заттар колдонулган сайын, аны токтотуп кала турган механизм (алдыңкы мээ) улам алсыздана бергендиктен арты токтобой уланып, бара-бара киши аларга көз каранды абалга жетип калат экен, көрсө. Бул дагы, бойго жетээр менен кишинин алдыңкы мээси али жетиле элек экендигинин даана далили.

Балдардын мээсинин жетилүү баскычтарынан кабардар болуп жүрүү ата-нелер үчүн чоң мааниге ээ. Анткени, баланы туура тааныган соң гана анын кылык-жоруктарына туура баа берип, туура тарбия бергенге мүмкүн болот. Балдарынын акыл-эсине, жүрүм-турумуна ичи чыкпай арызданып жүргөн ата-энелер аз эмес.
Өзгөчө бойго жеткен учурда ата-энелер балдарынан толук кандуу кишинин кыймыл-аракетин күткөн менен баланын кылык-жоругу купулга толбой калышы мүмкүн. Бул учурда ал баланы жаман көрүүнүн, кемсинтүүнүн, тилдөөнүн кереги жок. Болгону ал баладагы алдыңкы мээ толук өрчүй элек болгондугун эске алып, ошого жараша түшүнүктүүлүк менен мамиле кылуу ата-эне менен баланын келишпестигин азайтуу толук мүмкүн.

Бир мисал кыстара кетейин. Мисалга, бойго жетилип келе жаткан бала көчөдө мушташка көп аралашышы, мотоциклге минип өтө тездик менен айдаганды адат кылышы же кыз бала эртелеп турмушка чыгам деп чыгышы мүмкүн. Мындай жагдай толугу менен ал күнгө чейинки таалим-тарбиядагы мүчүлүштүктөрдөн улам болот.

Кыскасы, балага жетиштүү баа берилбесе, баркталбаса, адам ордуна коюлбаса, тескерисинче ага корс, өйдөңкү пердеден мамиле жасалса, анын жан-дүйнөсүн таптап, сылык мамиле жасалбаса бала өзүн далилдегенге, өзүнө кылына турган мамилени маңызын күчкө салып өзгөртүүгө өтөт.

Натыйжада үй-бүлөдө баркталбаган, корс мамиле көргөн, өзүн пас сезип чоңойгон боз улан жогорку ылдамдык же чоң муштумдук сыяктуу көпчүлүктүн оозун ачырган кыймылдарды кылуу менен өзүн барктуу сезүүгө, башкаларга муну далилдөөгө өтөт.

Кудум ушундай көрүнүш катары, мындай үй-бүлөдө чоңойгон кыз болсо айтылган алгачкы эле комплиментке мас болуп, өзүн барктуу сезүү сезимин жашап «сүйүп калдым окшойт» деп ойлоп бирөөгө бат ишенип кетет. Ошондой эле корс мамиледен тажагандыктан үйдөн чыгып кетүүнүн аргасын издей баштайт. Бул алкакта «Мен сени сүйөм, чырагым!» деген алгачкы эле жигитке ашык боло калып, ушуну менен эле бүт маселени чечилип кетчүдөй сезилгендиктен эртелеп турмушка чыгып кетүүгө ыктап калат экен.

Кыскасы, балдардын бойго жетээр учурда жасаган калаты кылыктары алардын кемчилиги катары эмес, аларга жасалган кемчиликтүү мамиледен улам болорун унутпоо керек. Мунун жанында, мындай учурларда балага кылынган мамилелерде кайсыл катачылыктарга жол берилгендигин аныктап, аны түзөтүү жана анын жаш курагына, психологиялык абалына карап мамиле жасоо аркылуу гана абалды оңдоп кетүү мүмкүн экендигин эске алуу зарыл.

Элмурат Кочкор уулу
Элмурат Кочкор уулу


Өзгөчө бойго жеткен кыз же уландын дүйнө таанымы, ой жүгүртүүсү, принциптери ата-эненикинен башкачараак болуп калышы нормалдуу көрүнүш.

Бул абалды дароо «Жаштар бузулду, укпай калды, чоңдорго сый мурдагыдай эмес, аттиң Союздун убагындагы жаштар!..» деп баалоо туура болбой калат.

Өзгөчө бойго жетээр учурдагы улан-кыздын ата-эне тараптан купулга толо бербеген кылык-жоруктары мээнин жетилүү баскычтары менен гана байланыштуу жагдай деп санайбыз.

Элмурат Кочкор уулу,
блогер, Түркия.
Ред.: Автордун пикири редакциялык турум катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG