Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:23

Бишкек: Тарыхчылар ийри отуруп, түз кеңешти


Кыргызстандын Президентинин кеңешчиси, тарыхчы А.К.Койчиев сүйлөөдө
Кыргызстандын Президентинин кеңешчиси, тарыхчы Арслан Койчиев кыргыз тарыхчыларынын КУУдагы кереге кеңешине видео аркылуу кайрылды. 29.1.2024.

Кыргызстандагы тарыхчылардын бир катар өкүлдөрү дүйшөмбү күнү Бишкекте масилет кылышып, заманбап тарых илиминин ар кыл тармактарындагы көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору жөнүндө талкуулашты. Бул тууралуу тарыхчынын блогун окуңуздар.

Дагы бир кереге кеңеш өткөрүлдү

2024-жылы үчтүн айынын (январдын) 29унда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) “Кыргызстандын заманбап тарых илиминин көйгөйлөрү жана демилгелер” аттуу илимий кереге кеңеш онлайн жана оффлайн форматтарында өткөрүлдү.

Бул илимий шеринени Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңсесине караштуу «Мурас» фонду, КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институту, Кыргыз Республикасынын УИАсынын Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институту (ТАЭИ) жана “Кыргыз тарых коому” эл аралык коомдук бирикмеси биргелешип уюштурушту.

Жыйындын башында КР Президентинин кеңешчиси, Кара Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө арналган мааракелик комиссиянын мүчөсү, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиевдун куттук сөзү видео аркылуу уктурулду. Ал өз сөзүндө өлкө президентине караштуу тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча атайын комиссия жакын арада өз ишин кайра жанданта тургандыгын шардана кылды.

Бул комиссия 2018-жылдан бери таптакыр отурум өткөрө элек болчу. Мурдагы отурумдарда бул комиссия тарых илиминин көйгөйлөрү жаатын гана эмес, тарыхты окутуу ыкмалары жана тарыхый билимди калайыкка жайылтуу аргалары жөнүндө да талкуу кылып, алдыдагы жылдагы комплекстүү иш-чаралардын долбоорлорун бекитип келген.

ЖОЖдорго, академияларга жана башка илимий мекемелерге чачыраган тарыхчылар үчүн мындай орток талкуу жана биргелешкен чечимдер зарыл болчу.

Ар кыл ойлор жана сын пикирлер

Ал эми КР Президентинин кеңсесине караштуу «Мурас» фондунун төрагасы, тарыхчы Кыяс Сатар уулу Молдокасымов азыркы тапта мамлекет башчы тарабынан даректүү бөлүнгөн каражат Кытайдын борбору Бээжиндеги эски ханзуча тарыхый даректерди изилдөө долбооруна кандай жумшалып жаткандыгын кеңири айтып берди.

К.Молдокасымовдун ырасташынча, ханзу тилиндеги булактар менен чектелбестен, орто кылымдардын соңку баскычындагы манчжур тилиндеги жазма булактардын кыргыздар жөнүндө камтылган бөлүктөрүн илим чөйрөсүнө дайын кылуу жааты да эске алынууда.

К.Молдокасымов жаш синолог адистерге өкмөттүк өзгөчө камкордук керектигин белгилеп, Болот деген ханзуча билген жигит Маскөөдө курулушта иштеп жүрөт, ал эски кытай тилин дурус билет деп мисал келтирди. Ал эми жаш синолог Канат Абдыжапар уулу кыргыз бийликтеринин каржылык колдоосу менен Бээжинде байыркы ханзу булактары жаатында үзүрдүү иштеп жаткандыгын “Мурас” фондунун башчысы жакшы жышаана катары баса белгиледи.

Академик А.Асанканов чыгып сүйлөөдө. Бишкек. 29.1.2024.
Академик А.Асанканов чыгып сүйлөөдө. Бишкек. 29.1.2024.

КР УИАга караштуу ТАЭИнин директору, академик Абылабек Асанканов өз сөзүндө Кыргыз Өкмөтү жакынкы жылдарга археология тармагы үчүн атайын каражат бөлүп жаткандыгына ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле тарых илимдеринин бардык тармактарына астейдил көңүл бөлүнө тургандыгын баса белгилеп, профессор Жумагул Сааданбековдун “совет дооруна гана өзгөчө назар салуу керек” деген пикирин дагы бир ирет сынга алды.

Кереге кеңеште ТАЭИнин илимий кызматкери, жаш тарыхчы Бакыт Султаналиев кеңири баяндама жасап, новосибирскилик тарыхчы Виктор Козодойдун Эренак бек тууралуу былтыркы эмгегинин оош-кыйыш жактарына токтолду.

Б.Султаналиев Энесай кыргыздарынын тарыхын изилдеген бараандуу кыргыз тарыхчылары Асанбек Абдыкалыков, Атыгай Арзыматов, Дөөлөт Сапаралиев жана маркум хакас тарыхчысы Виктор Яковлевич Бутанаев жана башкалар мурда эле илим чөйрөсүнө киргизгенден башка олуттуу жаңы деле архивдик маалыматтар илимге киргизиле электигин баса белгиледи.

Бакыт Султаналиев сүйлөп жатат. 29.1.2024.
Жаш тарыхчы Бакыт Султаналиев сүйлөп жатат. Бишкек. 29.1.2024.

Ал эми ОшМУнун Тарых жана социалдык иштер факультетинин деканы, т.и.к. Сабыркул Арстанов мырза ар кыл чөлкөмдөрдөгү тарыхчы окумуштууларды жана жаш илимпоздорду кызматташтыкка чакыруунун жолдорун айтты.

Учурда АКШда илимий сапарда жүргөн кыргыз тарыхчысы, PhD даражасынын ээси Абдрасул Исаков болсо жаш илимпоздорго грант жана демөөрчү табуу ыкмалары жаатында кеп козгоп, аларды чет тилдерди көбүрөөк үйрөнүүгө чакырды.

Ушул саптардын ээсинин баяндамасында кыргыздардын байыркы этностук тарыхына жана алар байырлаган кеңири тарыхый мейкиндикке байланыштуу өңүттөр камтылды.

Жарыш сөзгө чыккан профессор Айнура Атыгай кызы Арзыматова тарыхчыларды “Акипресс” сыяктуу интернет каражаттарына өз табылгалары жөнүндө жигердүү жарыялап турууга чакырды. Анын оюнча, президентке караштуу тарых комиссиясы окуу китептер боюнча орток концепция иштеп чыгуусу зарыл.

Кыргыз санжыра булактарын жана архивдик булактарды изилдеп келе жаткан тарыхчы Рыскул Жолдошов болсо “Виктор Козодойдун эмгегинде дээрлик бир дагы жаңы булак жок. А.Абдыкалыков, А.Арзыматов, В.Бутанаевдер энесай кыргыздарынын XVII–XVIII кылымдардагы тарыхы боюнча негизги архив даректерин эчак жарыялашкан”, – деген оюн айтты.

Тарыхчы Рыскул Жолдошов
Тарыхчы Рыскул Жолдошов сүйлөп жатат. Бишкек. 29.1.2024.

Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы боюнча диссертация жактаган тарыхчы Муратбек Кожобеков кесиптештерин илимий усулдук семинарларды ж.б. уюштурууга чакырды. Эл аралык шартка ылайык “Тарых көйгөйлөрү” (“Вопросы истории”) деген атайын журнал чыгарылышы керек. Илимий сын пикир (рецензия) жазууну дагы жандантуу абзел. Ал эми Кара Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата архивдик иликтөөлөр мындан бир-эки жыл мурда эле башталса болмок, азыр да бул жаатта атайын изилдөөгө көп каражат бөлүнүшү абзел деген ойлорун М.Кожобеков ортого салды.

Археолог, профессор Кубатбек Табалдыев болсо соңку жылдары Темирлан Чаргынов, Орозбек Солтобаев жана башка кыргыз археологдору бир катар олуттуу ачылыштар жасашканын өзгөчө ыраазычылык менен белгилеп айтты. Кейиштүүсү, алар интернеттин коомдук тармактарында өз табылгалары жөнүндө анчейин сөз кыла беришпейт, мунун айынан коомчулук бул илимпоздордун жалпы чөлкөмдүк деңгээлдеги ачылыштарынан кабарсыз кала беришүүдө деди К.Табалдыев.

Маселен, Кыргызстандын аймагында Андрон, Чуст маданияттарынан тышкары аларга дээрлик мезгилдеш башка да археологиялык маданияттардын (Монголиядагы Керексур, Бугу таш жана Борбордук Азиянын түштүк-батышындагы Бактрия-Маргиана археологиялык маданияттары) издери табылды. Каңгүй (каңгы) элине мүнөздүү маданияттын издери Кыргызстанда (Кетмен-Төбө менен Таласта) да табылып жатат деди ал. Археолог К.Табалдыев синолог Л.Боровкованын 2008-жылы чыккан эмгегинде да кезектеги баалуу ачылыштар бар деп кошумчалады.

Археолог Ороз Солтобаев болсо 2013-жылы июлда өзү жетектеген топ тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сан-Таш жергесинде табылган, б.з.ч. II кылымга таандыктыгы жоромол кылынган кылдуу музыкалык аспап (арфа, жетиген, чатханга окшош аспап) тууралуу айтып берди. Бул аспапты жаш изилдөөчү Арген Эмил уулу реставрация кылды. Эми бул жигит аспирантурага тапшырмакчы деди О.Солтобаев. Ал дагы археолог жаштарга өзгөчө өкмөттүк колдоо керек деп баса айтты.

Педагогика илимдеринин кандидаты, тарыхчы Муратбек Иманкулов тарыхый билимдерди өнүктүрүү жана жайылтуу зарыл деген пунктту жыйындын чечимине киргизүү керек деген сунушун айтты.

Этнограф, профессор Амантур Жапаров болсо жаш тарыхчыларга илимий изилдөө жаатындагы ыкмаларды да окутуу абзел деп айтты. Адабий чыгармаларды кыйыр булак катары колдонуу керек. Чет тилдерди билүү абдан маанилүү.

Илимий сын пикир да кийин дээрлик жазылбай калды. Фолк-хисторичилерге карабайлы, илимди өнүктүрөлү. Жаштар да демилгелүү темалардан качпашы керек деди А.Жапаров.

Ал эми профессор Жамыйкат Өмүрова КУУ менен Алтай мамлекеттик университети жана башка шериктер жүзөгө ашырып келе жаткан алтай таануу жаатындагы эл аралык “Кең Алтай” долбоору жөнүндө баяндап берди.

Андан тышкары Ж.О.Өмүрова быйыл май айынын акырында КУУда өткөрүлө турган эл аралык алтай таануу илимий жыйыны тууралуу алдын ала маалымдады.

Мындай отурумдар болочокто улантылат

Илимий шеринеге Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү тарыхчылар, археологдор, этнографтар, антропологдор, булак таануучулар ж.б. адистер катышты жана тарых илиминин ар кыл тармактарын өнүктүрүү жаатында өз сунуштарын ортого салышты.

Сунуштардын арасында, маселен, “Кыргыз тарыхнаамасынын алтын казынасы” түрмөгүн негиздөө (ар кыл доорлордогу кыргыз ж.б. тарыхчылардын кыргыз тарыхы, этнографиясы, маданияты, археологиясы, булак таануусу ж.б. боюнча жазылган көөнөргүс эмгектерин фотофаксимиле менен кошуп кайра жарыялап же/жана которуп, интернетте ачык жайгаштыруу); 2024-жыл ичинде Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата архивдик иликтөөлөр жүргүзүп, китептер, жыйнактар жарыялоо жана илимий жыйындар өткөрүү; бул жаатта Кыргыз Өкмөтүнөн даректүү каржылык көмөк суроо жана башкалар бар.

Кыргызстанда репрессияланган Азиз Алимов тууралуу документ.
Кыргызстандык тарыхчылар Аниса Риф кызы Бикбулатова менен Болотбек Жумаш уулу Абдрахмановдун «Кыргызстандагы саясий репрессиялар (1920–1953-ж.): Татарлардын тагдыры» (орус тилинде) аттуу китебинин 198-бети.

Кереге кеңеш маалында кыргызстандык тарыхчылардын чет өлкөлөрдө жана Кыргызстанда жарыяланган жаңы монографиялары жана жыйнактары илим чөйрөсүнө шардана кылынды. Алар байыркы жана орто кылымдардан тартып соңку жаңы тарыхка чейинки ар кыл баскычтарды камтышат. Бул эмгектер А.Акунов, С.К.Алымкулова, А.Бикбулатова, О.Каратаев, М.Кожобеков, А.Кубатова, М.Жунусова, Н.Рысмендеева, З.Садырова, К.Табалдыев ж.б. тарабынан жарыяланган.

Жалпысынан, тарыхчылар ушундай ар тараптуу баарлашуу зарыл экендигин баса белгилешти. Интернеттик байланыштагы айрым техникалык өксүктөр да болгондугун айта кетүү зарыл. Албетте, мында уюштуруучулардын күнөөсү жок. Дегиңкиси, болочокто мындай өксүктөрдү болтурбоо керектиги айтпаса да түшүнүктүү.

Кереге кеңештин алып баруучулары, тарых илимдеринин кандидаттары Туратбек Сырдыбаев (КУУ) менен Аида Кубатова (УИА ТАЭИ) бул шерине маалында козголгон ар кыл көйгөйлөр боюнча өздөрү иштеген мекемелердин турумдарын да түшүндүрүп жатышты.

Ырас, бул кереге кеңеш бардык маселелерди камтый алган жок, ага мүмкүн да эмес.

Балким, жакынкы болочокто өлкө президентине караштуу тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча атайын комиссия өз отурумунда бул жааттагы кепти улантышы ажеп эмес.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG