Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

ИЛИМ: Чыгыш таануучу сейрек адис Марстан түшүп келбейт


Тибет жазмасын билген бээжиндик профессор Хошуд Цэнгэл Жети-Өгүздөгү Тамга-Ташта. 12.6.2019.
Тибет жазмасын билген бээжиндик профессор Хошуд Цэнгэл Жети-Өгүздөгү Тамга-Ташта. 12.6.2019.

Ар жылы БУУ жана ЮНЕСКО 10-ноябрда “Тынчтыкты жана өнүгүүнү көздөгөн илимдин эл аралык күнүн” салтанаттуу белгилейт. Дал ушул окуяга карата Кыргызстандагы чыгыш таануу адистерин даярдоо көйгөйлөрү тууралуу тарыхчы Т.Чоротегин жазган блог.

Бул күндү кыскача эл аралык илим күнү деп атап келебиз. Анын толугураак аталышы – “Тынчтыкты жана өнүгүүнү көздөгөн илимдин эл аралык күнү” (World Science Day for Peace and Development).

Айрым замандаштарыбыз жыл сайын ЮНЕСКОнун колдоосу астында өткөрүлүп келе жаткан бул айдыңдык майрамды мурдагы президент, азыркы тапта Орусияда бозгунда жүргөн Аскар Акаевдин туулган күнүнө карата Кыргызстанда эле көшөкөр академиктер уюштуруп коюшкан, деп жүрүшөт. Бирок бул – жалган түшүнүк.

Чындыгында, 2002-жылы 10-ноябрда ЮНЕСКО тарабынан алгач белгиленген бул илим майрамы тууралуу чечим - 1999-жылы Венгриянын борбору Будапешт шаарында өткөн дүйнөлүк илим көйгөйлөрү жаатындагы эл аралык жыйындагы жана андан кийинки эл аралык отурумдардагы чечимдерди жүзөгө ашыруунун мөмөсү болгон.

Демек, ага кыргызстандык академиктердин тийешеси канчалык болгонун элестетүү кыйын эмес.

Бул майрам күн, чындыгында, чөнтөгүндө илимпоз деген диплому барлар жана бул дипломго умтулгандар жөн гана шаан-шөкөт кылып, шапар тебе турган күн эмес. Анын мааниси – бүткүл дүйнөдөгү бардык чыгармачыл күчтөрдү, карапайым кишилерди, академиктерди дагы, мектеп окуучуларын жана саясатчыларды дагы жалпы адамзаттын тынчтыкта жашоосу жана жалпы коомду өнүктүрүүсү үчүн көп тарамдуу заманбап илимди пайдалануусу жаатында ой жүгүртүүгө жана биргелешип иш-аракет кылууга чакыруу.

Демек, тээ алыскы элеттеги мектепте да бул күн белгиленсе, анын максаты – мотурайган балдар болочокто тынч жана ачык асман алдында башка элдердин балдары менен ынтымакта жана жаратмандык менен жашоосу үчүн илимдин тармактарын өнүктүрүү зарылдыгы жөнүндө мектептеги окуучуларга аңдатуу болуп саналат.

Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнүн 2023-жылдагы темасы илимге карата ишеним көйгөйлөрүнө арналган.

Адамзаттын орток жаркын болочогун негиздөө үчүн илимге карата ишенимди мындан ары чыңдоо зарыл экендиги быйылкы иш-чараларда баса белгиленүүдө.

Чыгыш таануу адистиктери Кыргызстанда да өнүгүүдө

Эми жалпы Жер төгөрөгүнүн орток маселелеринен өзүбүздүн чөйрөбүздөгү чаканыраак маселеге көчөлү.

Дал ушул илим күнү биз кыргыз тарых илимин андан ары өнүктүрүү үчүн дүйнөлүк чыгыш таануу илимий тармактарынын бизге зарыл болгон, бирок анчейин өнүкпөй жана көз кырыбыздан сыртта кала берип жаткан чыйырларына назар бурдургубуз келет.

СССРдин эң соңку кезеңи – “Кайра куруулар доорунда” Кыргызстанда чыгыш таануу факультеттери ачылса дурус болот эле, деген чакан макала жарыялаган элек (Проблема далеко не частная (Об открытии востфака в КГУ) // Советская Киргизия. — 1988. — 8-сентябрда).

Бул жаатта 1990-жылы февралда Кыргызстандын жетекчилиги менен демократ айдыңдар жана жумушчу жаштар өткөргөн жолугушуу маалында да айткан элек.

Эл аралык алтай таануу жыйынынын катышуучулары. Хух-Хото шаары, Ички Монголия, КЭР. 2009.
Эл аралык алтай таануу жыйынынын катышуучулары. Хух-Хото шаары, Ички Монголия, КЭР. 2009.

Бул нукта жылыш Кыргызстандын мамлекеттик эгемендиги менен чогуу келди деп баса айта алабыз.

Азыркы тапта Кыргызстанда чыгыш таануу (анын ичинде түркология, синология, арабистика ж.б.) багыттарында бүтүндөй университеттер, институттар жана факултеттер негизделип, үзүрдүү иш алып барышууда.

Тарыхчылардан арап булактарын алгач изилдеген Өмүркул Караев, андан соң ушул саптардын ээси, Тынара Кудашева, Гүлниза Айнакулова жана башка адистер, фарсы булактарын иликтеген Анварбек Мокеев, Таласбек Машрапов, Акылбек Кылычев, орто кылымдардагы жана жаңы доордогу кытай булактарын изилдеген Галина Супруненко, Таалайбек Бейшеналиев, Кубан Жусаев, Муратбек Иманалиев, чагатай жазма булактарын изилдеген Тынчболот Жуманалиев, Арслан Капай уулу Койчиев, осмон түрк булактарын жана түрк тарых эмгектерин изилдеген Роза Абдыкулова, Абдрасул Исаков, Белек Исмаилов сыяктуу окумуштууларды атай кетелик.

Битик (руна сымал) жазмасындагы эстеликтерди булак таануучулар Четин Жумагулов, Нурдин Усеев, археолог Кубатбек Табалдыев иликтеп келишет. Азыркы тапта Кайрат Белек карахандык нумизматикалык материалдарды изилдөөдө. Татар жана башка чагатай булактарын изилдеген Рысбек Алимов деген булак таануучубуз бар.

Башка мисалдарды алсак, жапон тилин билген маркум Ишенбай Абдуразаков (ал агай немис тилин да мыкты билчү), санскрит тилин өздөштүргөн, сөздүк даярдаган адабият таануучу, айтматов таануучу, профессор Рахима Муса кызы Абдувалиева, пуштун (пашто) жана дари тилдеринде түш жоруган жана диссертация жактаган дипломат Талаат Масадыков, фарсы тилинде сайраган дипломат Авазбек Атаханов, хинди тили боюнча адис, дипломат Евгений Каблуков, ж.б. адистер болгон жана бар.

Албетте, Кытайда ханзу булактарын изилдеген кыргыз тектүү кытайлык окумуштууларыбыз да арбын.

Демек, чыгыш таануу жаатында уучубуз деле куру эмес.

Сейрек адистер керек

Эми айрым көйгөйлөргө келсек.

Заманбап кыргыз тарыхчылары кыргыздар жаатындагы ар кыл тилдердеги жазма булактарды жана ар башка өлкөлөрдө архивдерде сакталып келе жаткан чет элдик маалыматтарды изилдөө үчүн абдан көп тилди билиши жана үйрөнүүгө ынтызар болушу керек.

Бул жаатта “Фейсбукта” биз учкай жазган бир мисалды кайра эскере кетелик.

Маселен, Кытайдагы эски кол жазмалар сакталган архивде жүрсөңүз, колуңузга XI – XIV кылымдарга таандык тангут тилиндеги же XVII – XVIII кылымдарга таандык манчжур тилиндеги тексттерди беришти, дейли.

Сиз кыргызча, ханзуча, орусча жана англисче билсеңиз деле, бул текстти тээ египеттик иероглифти эч түшүнбөстөн шыкаалап караган чет элдик туристтей эле созолонуп карап, андан соң шылкыйып отуруп бересиз да.

Кыргызстандагы чыгыш таануучулардын эч бири, албетте, азырынча, орто кылымдардагы тибет, монгол, согд ж.б. тилдерди билишпейт. Балким, кыргыз тарых илими үчүн эмес, өз хоббиси катары же адабият таануу, тил илими жана башка гуманитардык илим тармактары үчүн аларды үйрөнгөндөр бардыр.

Чынында да орто кылымдардагы тибет, согд (бул тилди Махмуд Кашгари Барскани “согдак” деп атаган), тохар, кытаң (кидан), тангут, кийинки манчжур тили сыяктуу тилдерди өздөштүрүп, андан соң кыргыз таануу үчүн зарыл болгон эски кол жазмаларды иликтеп, кыргыз тарыхы жаатында эмгек жазган эч бир алатоолукту жолуктура элекпиз.

Албетте, чыныгы илимпоз адис бул көөнө булактарды өз улутунун тарыхын жасалма көбүртпөстөн, калыс жазууга тийиш. Орто кылымдардагы немис тилин билген айрым замандаштарыбыз Атилланы кыргыз деп көрсөткөнгө далаалат жасаган учурлар болду.

Менимче, кыргыз тарыхын калыс чагылдырууга жазма булактардагы чыныгы маалыматтар деле жетиштүү, башка тарыхый коңшу элдердин тарыхынын эсебинен кыргыз тарыхын жасалма жакшыртуунун эч кажети жок деп санайбыз.

Көөнө доорду иликтеген адистер канча мөөнөттө даярдалат?

Дароо айтуу керек, байыркы жана орто кылымдардагы тилдердеги, анын ичинде өлүү тилдердеги жазма булактарды изилдөөгө бел байлаган жаштарды адис катары калыптандыруу үчүн кеминде 10–12 жыл кетет.

Ошол өзүнүн күлгүн кезинин он чакты жылын илимге арнайын деген кишинин илимий долбоорун 5-6 гана жылдык мөөнөткө шайланган президент же тез-тез эле кызматынан шыпырылып турган өкмөт башчы жана билим жана илим министри болуп иштеген төбөлдөр каржылай алабы?

Эгерде учурдагы саясий түйшүк менен гана алектенишсе, андай төбөлдөр бул маселеге көңүл деле бурушпайт.

Ал эми алар келечеккке терең караган төбөлдөр болушса, анда алар мындай жаш адистерди телчитүүнүн маселесин кыргыз таануунун зарыл көйгөйү катары өзгөчө сыя менен жазып алышып, ырааттуу каржылай алышат.

Казакстан менен Өзбекстанда деле XXI кылымдын экинчи ондугунда бийлик алмашты, бирок бул коңшу жумурияттарда эски доор тарыхынын булактары менен алектенген чыгыш таануучу адистерди даярдоо жааты Кыргызстандагыга караганда дурусураак жолго коюлганы чын.

Маселе – ырааттуулукта.

Албетте, коңшуларда деле чыгыш таануу тармактарынын бардыгы телегейи тегиз өнүгүп жатат деп айта албайбыз.

Мисалы, 1970-жылдары орус тилдүү казак акыны Олжас Сулейменов агабыз “Аз жана Я” деген кызуу талкуу жараткан чыгарма жазганы маалым.

Бирок алигиче Казакстанда шумер тилин билген жана Эки Дарыя аралыгындагы шумер тилиндеги шынаа сымал жазма эстеликтерди түп нускасында изилдеген адис жок. Эч бир түрк тилдүү өлкөдө байыркы шумерлердин өлүү тилин чыгыш таануу факултеттеринде атайын окутушпайт.

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясында (КР УИАсында) дагы чыгыш таануу жааты дунган таануу жана түркология менен гана чектелип калган.

Акыбалдан чыгуунун жеңил жолу – чет өлкөлөрдө жашаган адистердин эмгектерин колдонуу менен чектеле берүү.

Ал эми узак мөөнөттүк, көп каражат талап кылган жана зарыл экинчи жол – акырындап болсо да жергиликтүү адистерди даярдоого өтүү.

Бул жаатта КР УИАсы менен ЖОЖдорду илимий долбоорлор аркылуу ширелтүү (интеграциялоо), орток илимий программа түзүү жана чет мамлекеттердеги чыгыш таануу борборлору менен адис даярдоодо кызматташуу аркылуу болочокку сейрек нуктагы булак таануучу адистерди калыптандыруу керек.

Демек, бакалаврдан кийинки 6–9 жылда сейрек тармактарда бараандуу мөмөсүн сунуштачу чыгыш таануучу, булак таануучу, полиглот адистердин камын ушул окуу жылында эле баштоо абзел.

Ачык сынак аркылуу жеңип чыккан жана бери дегенде 3 тил билүүгө үлгүргөн таланттуу жаш адистерди чет өлкөлөрдөгү тийешелүү чыгыш таануу борборлоруна магистратурага жана андан кийин докторантурага жөнөтүү зарыл.

Адатта, тажрыйбадан көрүнгөндөй, айрым учурларда сейрек адистер өз ордун таба албай калышчу. Кээде олуттуу турмуштук кыйынчылыктарга чыдабастан, аспирантура же докторантурага жөнөтүлгөн соң, жеңил-желпи жана тез корголо турган темаларга ооп кетчүлөр да кезикчү.

Ал эми азыркы интернеттик маалымдуулук шартында мындай олуттуу милдет тагылган жаш изилдөөчү ар дайым коомдун күзгүсү алдында турат, бирок андай кадрлар жарандык коом жана бийликтер тарабынан ар тараптуу колдоого жана жылуу сөзгө дайыма муктаж болоору деле бышык.

Андай сейрек адистер - ишкер эмес, өндүрүшчү эмес, соодагер эмес, демек, мындай аялуу адистердин татыктуу турмушу үчүн кам көрүү маселесин алдын ала эсепке алуу абзел.

Корутундуласак, эл аралык ачык кызматташтык аркылуу дагы бир кыйла бөксөлөрдү толтура берсек болот, бирок аны менен чектелбестен, болочокку сейрек адистиктеги жергиликтүү чыгыш таануучу илимпоз кадрларды даярдоочу көп баскычтуу, узак мөөнөттүү илимий долбоорлорду колдоочу ачык илимий жана тарбиялык системаны түптөө абзел.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG