Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

"Путиндин агрессиясынан эч ким корголгон эмес"


Энтони Блинкен С5+1 саммитинде. 28-февраль, 2023-жыл.
Энтони Блинкен С5+1 саммитинде. 28-февраль, 2023-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Борбор Азия өлкөлөрүнүн Москвадан көз карандылыгын азайтууга жардам берерин убада кылды.

28-февралда Астанада Блинкен Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери катышкан С5+1 саммитинде соода жолдорун диверсификациялоо жана аймакта жумуш орундарын түзүү үчүн 25 миллион долларлык көмөк көрсөтүлөөрүн жарыялады.

Мамлекеттик катчы Астанадан ары Ташкентке барды.

Кошмо Штаттардын башкы дипломатынын сапарынын алдында "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Елнур Алимова өзбекстандык саясат талдоочу, Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун илимий кызматкери Темур Умаров менен маектешкен.

"Кадыресе расмий иш сапар"

"Азаттык": Энтони Блинкен АКШнын мамлекеттик катчысы катары Казакстан менен Өзбекстанга биринчи жолу келди. Батыш басылмалары Блинкен Москванын айрым өнөктөштөрүн Украинадагы согушка байланыштуу АКШнын позициясына жакындатууга аракет кыларын жазышууда. Сиздин оюңузча, АКШ Борбор Азиядагы бул эки чоң өлкөгө таасир этүүгө аракет кылабы?

Темур Умаров
Темур Умаров

Темур Умаров: АКШнын мамлекеттик катчыларынын кызмат учурунда бир жолу Борбор Азияга, көбүнчө Казакстан менен Өзбекстанга келиши - дипломатиялык салтка айланган. Трамп президент болуп турганда Майк Помпео келген. Бирок азыр Украинада уланып жаткан согуштун шартында Батыш өлкөлөрүнүн же кайсы бир мамлекеттин Борбор Азияга тиешелүү бардык аракети жок дегенде Орусияга каршы туруу же согушка байланыштуу турумун өзгөртүүгө багытталгандай, менимче.

Ошол эле кезде бул жагынан АКШнын мүмкүнчүлүктөрү бир топ эле чектелүү экенин түшүнүү керек, анткени акыркы он жылдыкта Вашингтондун чөлкөмгө кызыгуусу азайган. АКШнын Ооганстандан чыгып кетиши Кошмо Штаттардын аймактагы ролун тарыхый минимумга чейин төмөндөткөн болушу ыктымал. Андыктан, учурда АКШнын Борбор Азияда чоң стратегиялык кызыкчылыктары жок. Бул жагынан алганда, чөлкөмдөгү позициясына таасир эте турган куралы аз. Ошондуктан АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлүнүн келишин кызматташууну талкуулаган кадыресе расмий иш сапар катары кабыл алуу керек. АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын колдой турганын сөзсүз айтат. Ымаланын маанилүүлүгү тууралуу сүйлөшүшөт. Башкача айтканда, мен бул сапардан эч кандай күтүүсүз нерсе күтпөйм.

"Азаттык": АКШнын Ооганстандан аскерлерин чыгаруусу менен Вашингтондун аймактагы ролу төмөндөгөнүн айттыңыз. Ошентсе да АКШ Борбор Азия Вашингтон үчүн маанилүү экенин көрсөтүүгө аракет кылып жатабы, өзгөчө Украинадагы согуштун фонунда?

Темур Умаров: АКШ муну ар кандай жолдор менен көрсөтүүнү улантат. Ал өзүн дүйнөдөгү эң маанилүү жана кубаттуу өлкө деп эсептейт. Ошол себептен мамлекеттик катчы Блинкен жана башкалар Борбор Азияга эле эмес, АКШдан алыс, алардын улуттук кызыкчылыктарынан тыш мамлекеттерге да келишет.

Украинадагы согуш Борбор Азия өлкөлөрүнүн өздөрүнүн абалы тууралуу көз карашын бир аз өзгөртүп, чөлкөмдү АКШ үчүн актуалдуураак кылып койду. Бирок бул аймакка кайра кирүү үчүн жетиштүү эмес. Согуш башталгандыктан Борбор Азия менен АКШнын мамилесинде структуралык өзгөрүүлөр болбойт. Кызматташтыктын жаңы форматтарын, мамлекеттердин ортосундагы экономикалык мамилелердин тез өнүгүшүн, аскердик кызматташтыктын күчөшүн көрбөйбүз. Бүгүнкү күндө күчтүн баары Украинага багытталганын эске алсак, АКШнын Борбор Азияга суна турган ресурстары өтө чектелүү. Кошмо Штаттар кандайдыр бир гуманитардык жардамга, айылдарды өнүктүрүүгө, билим берүү программаларына балким миллион доллар жардам көрсөтсө, таң калбайм. Бирок баалуу же өзгөчө сунуш болорунан күмөнүм бар.

АКШны чектеген жалгыз нерсе - Украинада Орусия менен жаңжалга аралашуу. Ошондуктан алар Борбор Азия өлкөлөрүнө басым жасап, бул маселеде бекем позицияны карманууга аракет кылып жатышат. Башкача айтканда, алар чөлкөмдү “Орусияга каршы ачык позицияны карманууга” үндөп жатышат.

Бирок бул Борбор Азия өлкөлөрү үчүн өтө татаал стратегиялык маселе. Алар көп жагынан Орусияга көз каранды болгондуктан, АКШнын бир сөзү менен Москвага каршы позицияга өтө алышпайт. Алар Орусия бул чөлкөмдө өткөөл ролдо эместигин билишет. Кытай да ошондой, анткени ортодо жалпы чек аралар бар. Ал эми АКШга тиешелүү жагдайлардын баары кыска мөөнөттүү – алар чечилээри менен Вашингтон Борбор Азияга олуттуу кызыкдар болбой калат. Башкача айтканда, Борбор Азия Орусияга терс позицияга өткөнү үчүн коопсуздук кепилдигин ала албайт. Ошол эле учурда АКШ менен мамилесин байкаларлык жакшырууга жетишпейт. Блинкен мына ушул чечилгис көйгөйгө туш келди. Эгер АКШ администрациясы бул чечилгис маселе экенин жана Борбор Азия өлкөлөрүн ачык-айкын Орусияга каршы позицияны карманууга мажбурлоо аракети куру бекердигин түшүнсө, анда бул сөздөр ачыкка чыгарылбай, көшөгө артындагы сүйлөшүүлөрдө айтылат. Элге болсо Борбор Азия Кошмо Штаттары менен кызматташууну улантат деп маалымат берилет.

АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди маалымат жыйынына баратышат. Астана, С5+1 саммити, 28-февраль, 2023-жыл
АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди маалымат жыйынына баратышат. Астана, С5+1 саммити, 28-февраль, 2023-жыл

Чөлкөмдөгү бейтараптыктын тамыры

"Азаттык": Борбор Азия өлкөлөрү мүмкүн болушунча бейтарап болууга аракет кылууда. Бирок жакында эле Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушканда “эч ким чекеде тура албайт” деп, “ЖККУнун алкагында биримдикти бекемдөөгө” чакырды. Бир жагынан Орусия Лукашенконун оозу менен “өз тарабыңды аныкта” деген талапты коюп жатат, экинчи жагынан Батыштын да өз кызыкчылыгы бар. Чөлкөмдөгү өлкөлөр кысымга кабылып жатабы?

Темур Умаров: Аймак эки оттун ортосунда жайгашкандыктан басым күчөшү талашсыз. Борбор Азия мамлекеттери баары менен достук мамиледе. Бул алардын көп векторлуу тышкы саясатынын терс таасири. Ар ким менен достошкондон кийин баары келип каалоо-тилектерин айтат. Кимдир бирөө жумшак, дипломатиялык үн менен сураса, бирөө Лукашенкодой догурунат.

Лукашенко муну биринчи жолу жасап жаткан жок. Бир кезде Өзбекстанды да эскерткенсип, "өлкөдө башаламандык болбошу үчүн ЖККУга кирүү маселесин карап көрүүнү" айткан. Бул жагынан Лукашенко абдан прагматик жана окуяларга өзүнүн көз карашы менен карайт. Беларус толугу менен Орусияга көз каранды болуп калганын түшүнүү керек. 2020-жылдын августунда Лукашенко анын режимин кулатууга аракет кылган жапырт нааразылык акцияларынан кийин баш ийдирилген. Андан кийин согуш башталып, Лукашенко агрессор өлкөнүн жанында жалгыз турду. Ал өзүн абдан ыңгайсыз сезип жатат, анткени азыр анын Москвага каршы аргументи жок.

Мурда, демонстрацияларга чейинки жылдары Лукашенко “Эгер Москва кайсы бир шартымды аткарбаса, Европа мен менен чын жүрөктөн кызматташат” деп оңой эле айта алчу. Эми анын саясий режиминин тагдыры Орусиянын колунда болгондуктан, ал мындай айла-амалдарды жасай албай калды. Бир гана жол – мүмкүн болушунча көп өлкөлөрдү бул балээге сүйрөп, өзү сыяктуу көз карандыларды көбөйтүү. Ошондо Беларус алардын жанында өзгөчөлөнүп, тышкы саясатында Орусиянын күн карамасы болбой, макамын көтөрүп алат. Андыктан Лукашенконун бардык сөздөрүн Кремлдин көрсөтмөсү деп чечмелебеш керек, бул анын өзүнүн позициясы болушу да мүмкүн.

С5+1 саммитинин алкагындагы жыйында тартылган сүрөт. Блинкен жана Лу.
С5+1 саммитинин алкагындагы жыйында тартылган сүрөт. Блинкен жана Лу.

"Азаттык": АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Доналд Лу Борбор Азия өлкөлөрүнүн Орусия менен тарыхый мамилеси бар экенин жана алар аны жакын арада токтотот деп ойлобой турганын белгилеп, “бирок биз алар ойной турган ролду сүйлөшүп жатабыз" деди. Бул кандай роль болушу мүмкүн?

Темур Умаров: Борбор Азия өлкөлөрүнүн Украинадагы согушка таасир этүү мүмкүнчүлүгү жок. Башкача айтканда, алар Владимир Путинди же Владимир Зеленскийди азыркы реалдуулукта өз оюн өзгөртүүгө мажбурлай аларын элестетүү мүмкүн эмес. Бул үчүн керектүү инструменттер өтө аз. Алардын колунан келгени - жагдайга жараша иш кылуу.

Маселен, Рахмон Орусиядан бул кырдаалда өзүнө көбүрөөк көңүл бурууну суранып жатат, ал Москваны өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылууда. Ошол эле учурда согуш тууралуу үн катпайт.

Ал эми Казакстан эч кандай аскерий аракеттерди колдобой турганын, тынчтыкты жана эл аралык мыйзамдарды сактоону жактай турганын ачык айтууда. Бирок иш жүзүндө ал орус экономикасынын жаңы шарттарынан пайдаланууга, башкача айтканда, Орусия менен сооданы көбөйтүүгө аракет кылууда. Анткени көптөгөн импорттук товарлардан кол жууган орус рыногунда чоң суроо-талап пайда болгон.

Менимче, Лунун билдирүүсү аймактагы реалдуулукту калыс талдоо эмес, саясий билдирүү.

С5+1 жыйынынын зарылдыгы

"Азаттык": АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн башкы дипломаттарынын жыйыны С5+1 деп аталат. Бул аныктаманын мааниси кандай? Орусияга жолдонгон мессеж барбы мында?

Темур Умаров: “Украина - большевиктер менен Ленин түзгөн жасалма мамлекет жана жашоого укугу жок” деген дооматты бетке карманып Орусиянын согуш баштаганы Борбор Азия өлкөлөрүн чочутту. Анткени бул ыкма кайсы бир мурдагы советтик республикага да колдонулушу мүмкүн жана аскердик же башка жол менен операция башташы ыктымал. Ошондуктан АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнө Орусия агрессия кыла турган болсо, алардын колдоочулары бар экенин жана бул абдан маанилүүлүгүн билдиргиси келет.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Самаркандда өткөн Шанхай кызматташтук уюмунун (ШКУ) саммитинин алдында Казакстанга келишинде бул маани бар, Евробиримдиктин билдирүүлөрүндө да айтылат. Украинада согуш башталгандан бери бул ар кандай дипломатиялык жолугушуулардын милдеттүү пункту болуп калды.

С5+1 саммитинин алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Энтони Блинкендин жолугушуусу. Астана, 28-февраль, 2023-жыл.
С5+1 саммитинин алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Энтони Блинкендин жолугушуусу. Астана, 28-февраль, 2023-жыл.

"Азаттык": АКШ менен Кытайдын Борбор Азияга байланыштуу билдирүүлөрү менен максаттарынын ортосунда кандай айырма бар?

Темур Умаров: АКШ менен Кытайдын билдирүүлөрү Орусия менен мамилесине жараша айырмаланат. АКШнын жогорудагы билдирүүсү Орусияга коркунуч туудурат. Анткени Орусия Украина менен эмес, НАТО менен, биринчи кезекте АКШ менен согушуп жатканын айтууда.

Кытайдын көз карашынан алганда, бул жөн гана фактылардын констатациясы. Анткени аймактык бүтүндүктү, эгемендүүлүктү жана көз карандысыздыкты урматтоо - эл аралык принцип болуп саналат, аны бардык өлкөлөр БУУга мүчө болгондо тааныйт. Асман көк, чөп жашыл дегендей эле кеп.

Бирок, согуштун шартында бул ыйык принциптерге кайсы бир мамлекет шек менен караса, анын баары Орусияга же белги берүү, же коркунуч катары кабыл алынат. Башкача айтканда, АКШнын айтканы - коркунуч, Кытайдын айтканы - белги берүү.

Кремлдин "досторду" аныктоо саясаты

"Азаттык": Жакында Орусиянын Улуттук байланышты өнүктүрүү илимий институту 14 өлкөнүн Москвага карата “достук индексин” жарыялады. Рейтингде Өзбекстан алдыңкы орундардын биринде. Былтыр бул рейтингде лидер болгон Казакстан быйыл да Орусияга дос, бирок “арабөк абалда”. Эмне үчүн деп ойлойсуз?

Темур Умаров: Бул кызыктай эле индекс. Мени алар Борбор Азия өлкөлөрүнүн Орусияга болгон достугуна кандай методология менен баа бергенине кызыктым. Бул рейтинг менен чындыктын ортосунда эч кандай байланыш жок деп ойлойм. Бирок бул симптом, өлкө жетекчилиги дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн дос жана душман деп бөлө баштаганда ушундай болот.

Мунун баары Орусияны Тышкы иштер министрлиги чыгарган тизмелер боюнча эле эмес, принципиалдуу түрдө социалдык жактан дагы изоляцияга алып келет. Коом да азыр өлкөлөрдү дос жана душман деп бөлүүдө. Эң жаманы, бул тууралуу эксперттер да жазып жатышат. Маселен, сиз айткан институт өзүн эксперттик уюм катары көрсөтүп, коомго калыс маалымат бергендин ордуна тескерисин көрсөтүп жатат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Ташкент, 28-февраль, 2023-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Ташкент, 28-февраль, 2023-жыл.

"Азаттык": Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин ТАСС агенттигине берген маегинде "АКШ жана Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилесин жандантып, алардан Украинадагы “атайын операцияны” айыптоону талап кылып жатканын" айтты. Башкача айтканда, Москва чөлкөмдөгү өлкөлөргө АКШ менен жакындашпоону эскертти. Реакция кандай болушу мүмкүн?

Темур Умаров: Мунун артынан эч кандай жаза колдонулбайт деп ойлойм. Кептин баары Владимир Путин жана Орусиянын Коопсуздук кеңеши акылга сыйбаган иш алып барып жатканында. Азыр эл бийликтин иш-аракеттерин алдын ала байкай баштады. Тагыраак айтканда, Орусиянын тышкы саясаты боюнча Тышкы иштер министрлиги эч кандай чечим кабыл албасын биз дайыма түшүнүп келгенбиз. Мунун баары Кремлде кабыл алат, чечим президенттик администрацияда чыгарылат жана жеке президенттен көз каранды. Тышкы иштер министрлиги алардан эл аралык мыйзамдарды дал келе тургандай бир нерселерди жасайт.

Ошондуктан, азыр өлкөлөр, тагыраагы, түрдүү министрликтердин, ар кандай каналдардын кызматкерлери, ар кандай эксперттер Владимир Путиндин көз карашында Орусиянын институтташтырылган тышкы саясатын түшүнүүгө аракет кылып жатышат. Ошон үчүн чөлкөмдөгү мамлекеттерге “Батыш менен эч ким сүйлөшпөсүн, Украинаны колдобосун” деп айтылууда. Элдин баары согушту “атайын аскердик операция” деп аташы керек экен. Ушул себептен улам "Роскомнадзор" чет элдик маалымат каражаттарына “атайын аскердик операциялар” тууралуу “жалган маалымат” таратпоо үчүн эскертүүлөрдү жөнөтүүнү кадыресе көрүнүш деп эсептейт.

Тышкы иштер министрлиги Борбор Азия өлкөлөрүн “аны менен дос бол, муну менен дос болбо” деп үйрөтүүгө аракет кылып жатат. Ошондуктан эксперттик уюмдар өздөрүн дүйнө өлкөлөрүн дос жана душман деп бөлүүгө укуктуу деп эсептешет. Бирок бул мекемелерде чечимдер кабыл алынбагандыктан, мындай билдирүүлөрдөн, рейтингдерден кийин эч нерсе өзгөрбөйт. Владимир Путин менен Кремл каалаганын кыла беришет.

Айталы, Владимир Путин бүгүн эртең менен ойгонуп, капысынан “Казакстан бизге чындап дос эмес, же достугу күмөн санатат, же Орусияга каршы” деп ойлоп, өткөн жылдын 24-февралында жасаган ишин кайталашы ыктымал. Мындай болбойт деген кепилдик жок. Мен муну ыктымалдуу сценарий деп айтуудан алысмын, бул мүмкүн эмес, бирок Путиндин оюнда эмне бар экенин билип болбойт. Бир нерсе анык, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүлөрү Москванын реалдуу аракеттеринде чагылдырышы мүмкүн эмес.

Маекти Санжар Эралиев которду. Интервьюнун оригиналын бул жерден окусаңыз болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG