Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:35

Хабаровск: Бийликке каршы акциялар токтой элек


Фургалды колдоо акциясы.18-июль, 2020-жыл.
Фургалды колдоо акциясы.18-июль, 2020-жыл.

Орусиянын Хабаровск шаарында тогуз күндөн бери губернатор Сергей Фургалдын камалышына каршы нааразылык акциялары уланып жатат.

Хабаровск шаарынын жашоочулары «аны биз тандаганбыз, биз өзүбүз соттойбуз» дешип, Фургалдын ишинин жергиликтүү сотто каралашын талап кылууда.

Ыраакы Чыгыштагы крайдын губернатору Сергей Фургал 9-июлда кармалып, Москвага жөнөтүлгөн. Москва соту аны 2004-2005-жылдары ишкерлерге "кол салууну уюштурган" деп айыптап, эки айга камакка алган. Фургал өзү бул айыптарды моюнуна алган жок.

Андан бери Хабаровск, Владивосток, Амурдагы Комсомол, Биробиджан сыяктуу бир катар шаарларында миңдеген адамдардын жөө жүрүшү уланууда.

«Москва, бизди ук!», «Фургалга боштондук!», «Мен/биз, Фургал!» деген ураандарды кыйкырган кишилер шаардын борбордук көчөлөрүнө чыгып, жергиликтүү өкмөт жайгашкан имаратка чейин жүрүш жасап жатышат. Дем алышта акцияга катышкандардын саны уюштуруучулар менен жергиликтүү полициянын маалыматтары боюнча он миңден отуз миңге чейин жеткен.

«Москвага аны эмнеге алып кетишти?! Бул туура эмес. Хабаровскиде биздин өзүбүздүн сотторубуз бар. Эмнеге ушунча жылдан бери унчукпай отурушкан?! Ал азыр эле Путинге ылайыксыз болуп калдыбы? Мен ойлойм, ал Путинден популярдуу болуп кеткени үчүн ушуну жасап жатышат», - деди акцияга чыккан шаар тургуну.

Сергей Фургалдын кармалышына каршы акция. 11-июль, 2020-жыл.
Сергей Фургалдын кармалышына каршы акция. 11-июль, 2020-жыл.

Жергиликтүү жашоочулар Фургал губернатор болгону жолдорду оңдоп, мектептерде балдарга ысык тамак берүү программасын киргизип, жетим өскөн балдарга батир берип, өкмөттүк чыгымдарды азайтып, аны менен өзүнүн жана жардамчыларынын айлыгын кыскартканын, курулуш компанияларга алданган шаардыктардын таламын талашып, батирлерин алып бергенин, медицина менен жумуш орундарын түзүүгө өзгөчө көңүл буруп, эл менен тыгыз иштешкенин белгилеп келишет.

Ал 2018-жылы ЛДПР партиясынан жергиликтүү кеңешке шайлоого катышып, губернаторлукту бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын талапкеринен утуп алган.

Амур облусунда туулуп-өскөн 50 жаштагы Фургал кесиби боюнча догдур. 1990-жылдары Кытайдан товар ташып, жеке ишкердик кылган, саясатка 2005-жылы келген. Мамлекеттик Думанын Федералдык жыйынына үч ирет (2007-2018) депутат болгон.

Кийинки эки жыл ичинде «элдик губернатор» аталган Фургалга азыркы кезде 15 жыл мурун «адам өлтүрүүнү уюштурган», «бир нече ишкерди өлтүрүүгө аракет кылган» деген кине тагылууда.

Нааразы болгон хабаровдуктар Москвага, Кремлдин саясатына, Путинге да наарызылык билдиришүүдө. Жүрүштөрдөн тартылган видеолордо «Путин ууру», «Путин кетсин!», «Хан жоголсун!» деген ураандар жаңырганын угууга болот.

Хабаровскинин мэри Сергей Кравчук орусиялык басылмаларга «митингдерге акча алган адамдар чыгып жатат» дегенден кийин эртеси күнү мэриянын имаратына жүздөгөн адамдар топтолуп, «Кравчук, эшикке чык! Биз өзүбүз келдик!» деп кыйкырып турушкан.

Саясат таануучу, Санкт-Петербургдагы Маалыматтык технологиялар университетинин социологу Илья Стахеевдин баамында, Хабаров калаасындагы митингдер аймактардын Москвага нааразылыгын көрсөттү.

"Бул - күндүн темасы. Нааразылыктар антиколониялык мүнөзгө ээ. Бай менен кедейлердин, бийликтегилер менен жөнөкөй адамдардын тиреши, адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка гана каршы маанай эмес. Бул - Москва менен аймактардын каршылыгы. Москва башкаруучу борбор, ал эми региондор колониялык аймак болуп калган. Ачык айталы, биз ресурстук өлкөбүз, башкы байлыктар Москвага жөнөтүлүп, калган аймактар эптеп күн көрүп келет".

Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын Хабаровскидеги штабы шаардагы масштабдуу каршылык акцияларын «калаа үчүн болуп көрбөгөн окуя» катары сыпаттаган.

Ал эми «Агора» эл аралык укук коргоо уюмунун башчысы Павел Чиков "Твиттерде" "Хабаровск Орусияда көп улуттуу эл башкы бийлик экенин эскертип жатат" деп жазды.

Ал арада Коронавируска каршы күрөш боюнча федералдык штаб Хабаровскини«Орусиядагы вирус эң көп тараган шаар» деп атады. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Хабаровскиде терактын алдын алганын айтып чыкты. Саясий серепчилер менен байкоочулар муну Кремлдин Хабаровскидеги митингчилердин санын азайтуу, жүрүштөрдү токтотуу аракети катары баалап жатышат.

Фургал Орусиядагы «Бирдиктүү Орусия» партиясына мүчө болбой туруп, шайлоодо жеңип, кызматка келген саналуу губернаторлордун бири.

20-июлда Владимир Путиндин буйругу менен Фургалдын ордуна ЛДПР партиясынын депутаты, 39 жаштагы Михаил Дегтярёв губернатордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалганы маалым болду.

Путин Дегтярёв менен видео байланышта бул кызматты "аябай жоопкерчиликтүү жана маанилүү иш" деп мүнөздөгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG