Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Хабаровск: Фургалды колдогондор Путинге талап коюшту


Хабаровскидеги Фургалды колдогон митинг, 12-июль, 2020
Хабаровскидеги Фургалды колдогон митинг, 12-июль, 2020

Орусиянын Хабаровск шаарында жекшембиде экинчи күнү катары менен нааразылык акциясы уланды. Митингге чыккандар крайдын губернатору Сергей Фургалга колдоосун билдиришти.

Хабаровск крайынын губернаторун 15 жыл мурун болгон кылмыштарга айыптап өткөн жумада камакка алышкан. Ишембидеги акцияда “Путин кызматтан кетсин!” деген ураандар да жаңырган.

Шаар тургундары мурунку күндөгүдөй эле борбордук аянтка чогулуп, Хабаровск крайынын өкмөтү жайгашкан имаратка чейин жүрүш жасашты. Ар кыл маалыматтарга караганда, акцияга бир миңден үч миңге чейин киши катышты. Алар “Фургалга боштондук!" деп ураан чакырып жатышты. Жергиликтүү полиция коопсуздук чараларын күчөттү.

Региондун өкмөтү ушу тушта "митингдердин бардыгы санкцияланбаган" деп эсептелерин эскертип, шаардыктарды андай иш-чараларга катышпоого, чагымчыл чакырыктарга алдырбоого үндөдү.

Буга карабай кеч киргенде деле эл тарап кеткен жок. "Сибирь.Реалии" сайтынын кабарчылары түн ортосунда аймак администрациясынын жанында адамдар топтолуп, имараттын ичине ОМОНдун бөлүгү жайгаштырылганын, полиция аянттан төрт кишини машинеге салып кеткенин маалымдашты. Ички иштер министрлиги алардын бири мас экенин билдирди.

Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын Хабаровскидеги штабы эки күн катары менен уланган нааразылык акциясын "шаар үчүн болуп көрбөгөн окуя" катары сыпаттады.

Ишембиде калаа тарыхындагы эң масштабдуу каршылык акциясына түрдүү маалыматтар боюнча 30-35 миңдей киши катышкан. Ички иштер министрлиги 10-12 миң адам чогулганын расмий билдирген.

Митингчилер Хабаровск крайынын губернатору Сергей Фургалды коё берүүнү, күнөөсү болсо анын өз кичи мекенинде соттолушун талап кылышкан.

Акциядан тартылган видеолордо “Путин ууру”, “Путин отставкага кетсин!”, “Хан жоголсун!” деген ураандар жаңырганын укса болот.

Фургалдын басма сөз кызматынын жетекчиси Надежда Томченко жүрүштөн кийин ага коркутуулар түшкөнүн жекшембиде айтты.

Ишембиде Фургалды колдоо акциялары Хабаровск крайынын башка шаарларында да өттү.

Губернатор Сергей Фургал Москвадагы сотко жеткирилген маалда, 10-июль, 2020.
Губернатор Сергей Фургал Москвадагы сотко жеткирилген маалда, 10-июль, 2020.

Фургалды күч органдары 9-июлда эртең менен кармап, аны дароо Москвага жөнөтүшкөн. Жума күнү баш калаанын Басман райондук соту саясатчыны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ага 2004-2005-жылдары "адам өлтүрүүнү уюштурган", "бир нече ишкерди өлтүрүүгө аракет кылган" деген кине тагылууда.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, губернатордун Хабаровск жана Приморье крайында жана Амур облусундагы башка оор кылмыштарга тиешеси да текшерилип жатат.

Фургал өзү дооматтарды четке какты. Хабаровскинин көптөгөн жашоочулары кылмыш ишинин артында саясат турганын айтышат. Саясатчы 2018-жылы оппозициялык ЛДПР париясынын атынан губернаторлукка ат салышып, шайлоонун экинчи айлампасында бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын талапкери, ошол кездеги губернаторду жеңген.

ЛДПР партиясынын жетекчиси Владимир Жириновский анын парламенттеги фракциясынын мүчөлөрү Фургалдын камалышына каршылык билдирүү максатында “мандатын тапшырып берүүгө даяр экенин” билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG