Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:49

Иликтөөчү журналисттерге ким өчөштү?


«ПолитКлиника» онлайн-медиасынын кеңсеси карактоодон кийин. 3-март, 2020-жыл.
«ПолитКлиника» онлайн-медиасынын кеңсеси карактоодон кийин. 3-март, 2020-жыл.

«ПолитКлиника» медиасы кеңсесинин каракталышын журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырды.

3-мартка караган түнү бул медианын кеңсесине белгисиз кишилер терезедеги тосмону сындырып кирип, компьютерлердин биринин хард-дискин жана кабарчылардын жумушчу дептерлерин алып кеткен. Милиция бул фактыны «Уурулук» беренеси менен иликтеп жатат.

«ПолитКлиниканын» башкы редактору Дилбар Алимова буларды айтты:

Дилбар Алимова
Дилбар Алимова

«Сигнализация бар болчу, үнү аябай катуу чыкчу. Ошол күнү эмнегедир иштебептир. Балдар «келгенде эле Wi-Fiды сууруптур, аны менен иштеген камера бар деп ойлосо керек» деп айтышты. Бирок кеңседе камера жок болчу».

Алимова кеңсеге түн катып киргендер баалуу буюмдарга тийбегенин айтып, «алар ууру эмес, иликтөө үчүн журналисттер чогулткан кандайдыр бир маалыматтарды издеши мүмкүн» деп божомолдойт.

«Карактоо деп айтпайбыз. Анткени карактоо болгондо баалуу буюмдарды алып кетет. Кагаздарды чачып, аябай издептир, ноутбуктарды күйгүзүп көрүптүр. Бирок эч нерсени алган эмес. Демек булар кандайдыр бир маалымат издесе керек. Ишибизге байланыштырып жатабыз, бирок кайсы иликтөөлөр боюнча экенин коопсуздукка байланыштуу айта албайбыз».

Редактордун айтымында, белгисиз кишилер алып кеткен хард-диск менен кабарчылардын блокнотунда маанилүү маалыматтар деле болгон эмес. Редакция эч нерсеге карабай, алдыда курч темаларга иликтөөлөрүн улантарын билдиришти.

Журналисттердин кеңсесинин каракталышын милиция Жоруктар кодексинин 90-беренеси («Уурулук») менен сотко чейинки өндүрүшкө алды. Биринчи май районунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматкери Алмаш Бекбоева тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Учурда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат».

Милиция бирок тергөөдө басылманын ишмердүүлүгүнө байланыштуу делген версия караларын же каралбасын маалымдаган жок.

Медиа коомчулугу «ПолитКлиниканын» кеңсесиндеги окуяны басма сөзгө басым, шайлоо алдында эркин медиа каражаттарын ооздуктоо катары баалап, иликтөөлөргө тоскоолдук кылгысы келген топтордун колунан келиши мүмкүн деп айтышууда.

Журналисттер коомдук бирикмеси бул окуя боюнча тынчсыздануусун билдирген кайрылуу таратып, милиция катардагы кылмыш эмес, карактоо журналисттердин кеңсесинде болуп жатканына көңүл бурушу керектигин белгилеген.

«Хард-дискти жана журналисттердин дептерин алып кетиши ишмердүүлүккө эле байланыштуу экенин билдирет. Бул ишмердүүлүгүнө тоскоол кылып, иликтөөнү чыгарбоо аракети. Тергөө жыйынтыгын чыгарышы керек. Бирок "Фактчек" басылмасынын редактору Болот Темировдун сабалышын милиция бейбаштык деп койду», - деди бирикменин төрагасы Марс Төлөгөнов.

Эксперттер иликтөөлөрдү же курч материалдарды даярдаган басылмалар маалымат коопсуздугун, кеңселерди кайтаруу сыяктуу чараларды күчөтүшү керек экенин белгилешет. Медиа эксперт Марат Токоев буларга токтолду.

Марат Токоев
Марат Токоев

«Азыр журналисттик иликтөөлөр менен көбүрөөк алектенген басылмаларда коопсуздук маселеси маанилүү ролду ойнойт. Журналисттин коопсуздугунан баштап, маалымат сактоо, ишенимдүү булакты ачыкка чыгып кетишин алдын алуу сыяктуу иштер бар. Муну журналист гана эмес, редакция да ойлонушу керек».

«ПолитКлиника» 2013-жылдан бери гезит катары чыгып келген. 2017-жылдан кийин онлайн платформага өткөн.

Басылма акыркы жылдары аткаминерлердин декларациясы тууралуу, Бишкек шаарында мыйзамсыз берилген жерлер боюнча иликтөө чыгарган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG