Кыргызстанда соттолгон, камалган саясатчылар, активисттер, журналисттер жана алардын жакындары менен жолугушуу демилгеси он эки депутат кирген “Парламентаризм үчүн” клубуна таандык.
11-апрелде Жогорку Кеңеште өткөн жыйынга "бийликти басып алууну көздөгөн, коррупция, жалган маалымат тараткан" деген айыптар менен соттолгон саясатчылар жана алардын жакындары, адвокаттары келишти. Алар негизинен акыркы эки-үч жылдан бери соттолуп, абакка кесилип же айыппулга жыгылгандарга карата сот чечимдеринин артында саясий буйрук жатканын жана алар мыйзам бузуу менен чыгарылганын белгилешти.
Сот чечимдерин кайра кароо, териштирүү, тергөө маалындагы мыйзам бузууну атайын комиссия түзүп, иликтөө жөнүндө сунуштар айтылды. Чогулгандардын бир топтору укук коргоо органдарынын жетекчилерин, ишти караган судьяларды жоопко тартууну талап кылышты.
"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен камакта отурган депутат Канат Исаевдин бир тууганы Талант Исаев кызматтан кетип жаткан башкы прокурор Индира Жолдубаева менен УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин, дегеле саясатчыларды камоого аралашкан бардык тараптардын качып кетишине жол бербөөгө чакырды:
- Интернетте жазылып атат. Ишенебизби, ишенбейбизби, бирок "Жолдубаева менен Сегизбаев Кыргызстандан чыгып кетти" деген маалымат тарады. Комиссия түзсөңөр, тергөөчүлөрдөн баштап тиешелүү кызматтарды ээлегендердин баарынын сыртка чыгышына тыюу салыш керек. Мыйзамсыз иштер, мыйзамсыз камоо үчүн жоопкерчилик тартышы керек да. Миллиондогон акчаны алган бойдон качып кетпей...
Абактагы оппозициячылар Бектур Асановдун, Эрнест Карыбековдун жана Кубанычбек Кадыровдун адвокаты Марс Кыдыкбаев да "Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеваны кызматтан алып эле тим болбой, жоопко тартыш керек" деп өтүндү. Булар менен кошо айыпталып, бир нече ай бою абакта жатып чыккан жана төрт жылга шарттуу кесилген коомдук ишмер Дастан Сарыгулов соттогу, тергөөдөгү алешемдиктерди иликтеген комиссияны тез арада түзүүнү, ага коомчулук өкүлдөрүн кошууну сунуш кылды:
- Жалпы пленардык жыйынга маселени коюп, Жогорку Кеңеш тезирээк расмий чечим кабыл алышы керек. Ошондо гана бул маселе мыйзамдуу жол менен тез чечилиши мүмкүн. Негизи мамлекеттик комиссия түзбөсө болбой калды. Ага коомчулук өкүлдөрүн киргизиш керек. Алар прокуратура, УКМК, сот тармагы акыркы эки-үч жылда эмне кылганын териштирбесе толук мыйзамдуу болбой калат. 2010-жылы күнөөлүүлөрдүн баары качып кетти. Ал түгүл маалыматтык мейкиндикте колдогондор, мисалы КТР да бар. Эмнеге Илим Карыпбеков жооп бербейт? Жооп бериши керек! Манас Арабаев дегенди тергөө абагында отурганда көп уктум, ошол кандай буйрук берсе сот ошондой чечим чыгарган. Мен депутаттарга кайрылып атам. Силерди эл шайлады беле? Эл шайлаган. Эң кур дегенде азыр ушуну тездетип бербейсиңерби.
“Парламентаризм үчүн” клубунун мүчөсү, депутат Жанар Акаев да кызматта отурган учурда мыйзам бузууга жол берген жетекчилерди иштен алып тим коюуга каршы. Ал жыйында "саясий буйрук" аткаргандар мыйзам алдында жооп бериши керек деп эсептей турганын айтты:
- Комиссия түзүлө турган болсо колдогу мүмкүнчүлүктүн баарын колдонобуз. Азыр жаңы президенттен үмүт кылып туралы. Ошол кишинин анча-мынча аракети менен ушундай тенденция башталды. Ошол эле Канат Исаев, Аида Салянова, Садыр Жапаров, Максат Кунакунов, Өмүрбек Текебаев, "Элдик парламент", Бектур Асанов - булардын баары саясий мүнөздө соттолгон. Акыркы убакта адамдардын саясатчылардын тагдырын саясий бандиттик топ чечип калган. Ошого биз чекит коюшубуз керек. Иштин баарын кылгандарды эң чоң жаза катары иштен алып коюп атабыз. Ал жетишпейт. Биз аларга сабак кылышыбыз керек. Кийинки келе турган УКМК башчысы, прокурор, соттор саясий буюртма аткарсак элдин, мыйзам алдында жооп берет экенбиз, керек болсо түрмөгө отурат турбайбызбы деп коркуп кала тургандай кылышыбыз керек.
"Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун маалыматына караганда, ушу тапта "саясий негизде куугунтукталган" деп эсептелгендердин саны 33кө жетти.
11-апрелдеги жолугушуудан кийин "Ата Мекен" фракциясы депутаттык комиссия түзүү боюнча Жогорку Кеңешке кат жиберди. Маселе 12-апрелдеги сессиянын күн тартибине киргизилерин бул фракциянын депутаты Каныбек Иманалиев "Азаттыкка" билдирди.
Комиссия түзүлүп, 30дан ашык киши саясий буйруктун курмандыгы болгону аныкталса, аларга карата сот чечимдери кайра каралышы мүмкүн. Юрист Кайрат Осмоналиевдин айтымында, мындай учурда тараптар сотто мыйзам бузулганын далилдеп бериши керек:
- Жаңы жагдайлар ачылса, мисалы тергөөчү, судья же прокурордун өзү ыйгарым укугунан аша чаап, мыйзам бузууга барганы аныкталып, ага кылмыш иши козголсо - ошол иштерди кайра караса болот. Нааразы тарап арыз жазып, мыйзам бузулганын далилдеп бериши керек. Андан кийин актоо, бошотуу боюнча жаңы чечимдер чыгарылат.
Кыргызстанда азыр Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бектур Асанов баштаган бир катар саясатчылар түрмөдө отурушат. Соттолгондордун арысында Аида Салянова да бар. Аларга "коррупция", "бийликти басып алуу" сыяктуу айыптар тагылган. Ошондой эле Нарын Айып, Дина Маслова өңдүү журналисттерге, укук коргоочу Чолпон Жакуповага да мурдагы бийликти сындаган макалалары, пикирлери үчүн ири өлчөмдө айыппул салынган. Соттолгондордун баары сот чечимдерин "саясий буйрутма" деп баалап келишет.