Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Вашингтон Пакистанга эскертүү берди


Рекс Тиллерсон
Рекс Тиллерсон

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Пакистан талиптер жана башка экстремисттик топторго каршы күрөшпөсө, Вашингтондун НАТОдон тышкаркы эң ири өнөктөшү деген статусунан кол жууп калышы ыктымал деп эскертти.

Мамлекеттик департаменттеги кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Рекс Тиллерсон Пакистан менен АКШнын мамилелери жакшы болгонун, бирок акыркы бир нече жылдан бери эки өкмөт ортосунда ишенбөөчүлүк жаралганын айтты:

- Ишенимге доо кетти, себеби террордук уюмдардын Пакистанда башпаанек таап жатышына күбө болуудабыз. Ал жактан америкалык аскерлерге, расмий адамдарга каршы чабуулдарды пландап ишке ашырып жатышат. Муну менен Ооганстанда тынчтык орнотуу аракеттерин үзгүлтүккө учуратышууда. Пакистан башкача позицияны кабыл алышы керек.

21-августта АКШ президенти Дональд Трамп да Исламабад экстремисттик топторду колдоодо, Вашингтон андай аракеттерге мындан ары чыдабайт деп айткан.

- Бүгүн Ооганстан менен Пакистанда АКШ террордук деп сыпаттаган 20 уюм иш алып барат. Мынча көп террордук топ башка региондордо жок. Пакистан бүлүк салган, зордук-зомбулук, террор жайылткан кишилерге көп учурларда башпаана берип келет.

Тиллерсон АКШ Пакистандын террордук уюмдардан коргонуу аракеттерине жыйынтыкка жетишүү үчүн жардам берүүгө даяр.

- Бизде албетте айрым бир рычагдар бар. Жардамдын көлөмү, аларга берилип жаткан аскердик көмөк, НАТОдон тышкаркы шерик статусу кайра каралып чыгышы мүмкүн. Бирок акыр-аягында Пакистан коопсуздугуна, элинин кызыкчылыгына эмнелер туура келерин Пакистан өзү чечүүгө тийиш.

Пакистандан башка дагы 15 мамлекетке “НАТОдон тышкаркы негизги өнөктөш” деген макам берилген. Мындай статус аскерий чөйрөдө тыгыз кызматташтыкка шарт түзөт.

22-августта Трамптын билдирүүсүн комментарийлеп, Пакистан тышкы мекемеси өлкө элинин “терроризмге каршы күрөштөгү эбегейсиз курмандыктары көз жаздымда калып жатканына өкүнүч” билдирди.

“Пакистан эч качан өз аймагын башка өлкөлөргө каршы пайдаланууга жол бербейт” деп белгиледи министрлик.

Лахордук аналитик Хасан Аскари Ризви болсо АКШ ооган кризисин чечүү үчүн Исламабадга муктаж деген ойдо:

- Кошмо Штаттар Пакистанды эч качан калтырбайт жана калтыра албайт. АКШ дипломатиялык кысым көргөзүп, экономикалык чара көрүшү мүмкүн, бирок Пакистанды шериктеринен чыгарып сала албайт. Ооганстан маселесин чечүүдө АКШ Пакистанга муктаж.

Вашингтон менен Исламабаддын мамилелери америкалык аскерлердин Ооганстан-Пакистан чек арасындагы антитеррордук операцияларынын фонунда оңой эмес болуп келген. 2011-жылы "Ал-Каиданын" ана башы Усама Бин Ладен АКШнын жашыруун рейди учурунда Пакистан аймагында өлтүрүлгөнү да ортодо бир топ талаш-тартыш жараткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG