Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Иман Каримова Ташкентти опузалады


Иман Каримова.
Иман Каримова.

Ташкентте Гүлнара Каримованын үстүнөн дагы бир жашыруун сот иши башталганын анын адвокаты жарыялады. 16-сентябрда Каримованын кызы Иман Каримова Шавкат Мирзиёевдин бийлигине "жакынкы күндөрү Өзбекстандагы коррупция боюнча жашыруун маалыматтарды жарыялайм" деп эскертти.

Өзбекстанда мурдагы президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнаранын үстүнөн жашыруун сот башталганын анын швейцариялык адвокаты Грегуар Манже 16-сентябрда "Твиттердеги" баракчасына жарыялады.

Ошол эле күнү Каримованын кызы, Лондондон атайын апасынын сотуна катышуу үчүн келген Иман Каримованын өзбек бийлигине эскерткен билдирүүсү чыкты.

Ал өзүнүн "Инстаграмдагы" баракчасында апасынын сотун "цирк" деп атап, "өлкөдө сөздөн башка эч кандай өзгөрүү же өнүгүү жок" деп жазды.

"Жакынкы күндөрү эл аралык соттор жана коррупцияны иликтеген белгилүү уюмдарга өзбек бийлигиндеги коррупция тууралуу документтердин бир бөлүгү жиберилет. Андагы маалыматтардан элди алаксытуу мүмкүн болбой калат", - деп жазды Иман Каримова.

Бирок ал колундагы документтерде "өзбек бийлигиндегилердин" кимиси коррупцияга тиешеси бардыгын ачык айткан эмес.

Швейцариялык адвокат Гүлнара Каримовага жолуга алган жок.

Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Адвокат Грегуар Манже "Твиттердеги" баракчасына 16-сентябрь күнү Гүлнара Каримованы Яшнабад райондук сотундагы угуудан соң белгисиз тарапка алып кетишкенин жазды. Ал эми Лондондон апасынан сотуна катышуу үчүн учуп келген Иман Каримованы сотко киргизбей коюшкан.

Адвокат Манже өзү да эки жума мурда сотко расмий өтүнүч келтиргени менен, жараянга катышууга уруксат берилбегенин маалымдаган.

Өткөн айда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын үстүнөн жаңы кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Ага ылайык, Каримова мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге барган, башкалардын мүлкүн тартып алган, ири өлчөмдөгү мамлекеттик каражатты уурдаган деп айыпталган.

Бирок анын кызы Иман апасына карата козголгон кылмыш ишин "саясий цирк" деп атады.

47 жаштагы Гүлнара Каримова 2017-жылы атасы көз жумгандан кийин «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери менен 10 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылган. Тергөөчүлөр Каримова Өзбекстанда ишкердик жүргүзгүсү келген чет элдик телекоммуникациялык компаниялардан жалпысынан 1 миллиард доллар пара алган деп эсептешет.

Быйыл мартта Каримова үй камагынын тартибин бузган деген айып менен Ташкент облусундагы аялдар абагына которулган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG