Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Офицер чек арадагы жемкорлукту сындады


Талгат Аланов.
Талгат Аланов.

Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупция тууралуу айтып чыккан Талгат Алановдун аракетине укуктук баа берилиши мүмкүн.

Подполковник Талгат Аланов өзү иштеген мекемеде жемкорлук күч алганын 27-ноябрда айтып чыкты. Ошто өткөн басма сөз жыйынында ал «Достук» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларын санап берди.

- Чек арачы бир кызматтан экинчи кызматка сөзсүз акча берип которулат. Мен түздөн-түз видеого тартып алган факты жок. Бирок бул нерсе болуп жатат. Жөнөкөй заставада иштеген чек арачынын акчасы жок болсо бербейт да. Бул чек арадагы өткөрүү бекеттеринде болот. Ошол жерде иштеген бирөө акча топтоп командирге берет, андан ары Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына жетет. Ошондой схема, чынжырча бар. Мага жогорку окуу жайларын бүтүп келген офицерлер келип кайрылышат, «менин ордума акчасы бар бирөө дайындалды» деп. Бул туура эмес, - деген Мамлекеттик чек ара кызматынын офицери Талгат Аланов.

Подполковниктин айтымында, Мамлекеттик чек ара кызматында «жазылбаган мыйзамдар» иштейт. Ага ылайык жетекчилик кошуна мамлекеттер менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып, «кызмат орундарын акчага сатышат».

Бирок Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери бул дооматка макул эмес. Мекеменин Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев «акча чогултулат» деген сөздү четке кагууда.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы окуяга укуктук баа бериш үчүн Аскер прокуратурасына кайрыла турган​ы белгилүү болду.

«Талгат Аланов кызматкер болгонуна карабай Куралдуу күчтөрдүн ички кызматынын уставын бузду. Устав боюнча Аланов алгач мекемедеги мыйзамсыз иштерди жетекчиликке же башка укук коргоо органдарына билдириши керек болчу. Аланов айткан маалымат чындыкка дал келбейт, ал мурдагы тийиштүү органдар аныктаган фактыларды айтып чыкты», - деп айтылат мекеме тарткан маалыматта.

Талгат Алановдун бул кадамын айрымдар аскердик уставга жатпаган жорук катары сынга алса, башкалары бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнө жардам берип жатат деп макташты.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлук өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жаткан негизги фактор экенин бир нече жолу белгилеген.

Өлкө башчы Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйынында «коррупция менен күрөшчүлөр өздөрү ага малынып турат» деп мамлекеттик органдарды кескин сынга алган жайы бар.

- Корруцияга малынгандарга өз элин, мамлекетин, ишин саткандар катары караш керек. Буларга биздин арабызда жүрө албай тургандай, эл душманы катары мамиле кылуу зарыл, - деген анда Сооронбай Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев офицер Алановдун коррупция тууралуу айткандары көз жаздымда калбашы керек деп эсептейт.

- Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети Мамлекеттик чек ара кызматындагы кырдаалды жакынкы жыйында карашы керек, - деди ал. - Керек болсо жумушчу комиссия түзүп, иликтөөгө алууга тийиш. Парламент бул фактыга сөзсүз реакция бериши керек. Офицер уставды бузганы же бузбаганы экинчи маселе. Президент буга чейин «факты бергиле» деп айтпады беле. Бул офицер башкы командачынын сөзүн эске алып, фактыны басма сөз жыйыны аркылуу берип жатат. Кол башчы катары буга реакция кылып, Башкы прокуратура коррупция беренеси боюнча иш козгошу керек. Мамлекеттик органдарда жемкорлук бар экенин билебиз. Мен башка түзүмдөрдө иштегендер да ушинтип маалымат берсе, тазаланабыз деп ойлойм.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев болсо коррупция тууралуу маалымат берген офицер жоопко тартылса, бийликке болгон ишеним жоголот ойдо.

- Чек ара менен кошо бери жагында бажы кызматкери турат, - деди ал. - Муну эми ошол жерде отурган «Достук» чек ара бекетинин жетекчиси ойлоп тапкан жок да. Бул - чиеленген, жогору жакка чейин жеткен түйүн. Буларды Ак үй, Көк үйдө калкалап тургандар бар. Бул абдан чоң сигнал. Аскер кызматынан ушундай белги түшүп жаткандан кийин сөзсүз реакция болушу керек. Анын ордуна коррупция тууралуу айткан офицерди жоопко тартабыз дешсе, аягы жакшы бүтпөйт.

Кыргызстанда 2019-жылдын январь айында «Коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзам күчүнө кирген.​Ага ылайык жемкорлуктун бетин ачкан адамга сый акы төлөнүп, мамлекет анын коопсуздугун коргоого тийиш.

Бир канча жыл жабык турган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Учурда күнү-түнү иштейт. Расмий маалыматка ылайык, бул жерден күнүгө 10-12 миң киши ары-бери каттайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG