Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Дартын жашырган адам жазага тартылат


Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасы.
Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасы.

Ошто коронавирус жугузуп алганын билип туруп, аны жашырган деген шек менен бир адамга кылмыш иши козголду. Бул Кыргызстанда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу боюнча козголгон биринчи кылмыш иши.

Ош облусунун коменданты Малик Нурдинов 7-апрелдеги брифингде Ошто коронавирус жукканын билип туруп, оорусун жашырып жүргөн киши аныкталганын билдирген.

Бирок илдетке чалдыккан адамдын тек жайы жана окуя тууралуу кенен маалымат берилген эмес. 8-апрелде бул боюнча Нурдиновго суроо берип кошумча маалымат алдык.

Малик Нурдинов.
Малик Нурдинов.

«Ал адам азыр аялы менен чогуу изоляцияга алынып, ооруканада жатат. Бейтап аны менен байланышта болгон дагы 7-8 адамга коронавирус жуктурган. Алар дагы ооруканага жаткырылды. Ал 7-8 киши менен байланышта болгондорду да обсервацияга жаткырдык. Дарыгерлер оору жугузуп алгандарды тактап алгыча биз изоляция болуп чыдап турушубуз керек. Тобокелге салып эле жүрө берген болбойт. Ошондуктан вирус жукканын жашырган кишиге иш козголду. Айыгып ооруканадан чыккандан кийин жоопкерчиликке тартылат», - деди Нурдинов.

Бул Кыргызстанда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу боюнча козголгон биринчи кылмыш иши. Оштун комендантынын сөзү боюнча, Жазык кодексине ылайык, оорусун жашырган киши беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Нурдинов Оштун дагы бир районунда изоляцияга алынган адамдар карантиндин талабын аткарбаганы үчүн күч менен алып келинип ооруканага жаткырылганын айтты.

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандарды жоопкерчиликке тартыш үчүн жакында эле Жазык, Жоруктар жана Тартип бузуу жөнүндө кодекстерге өзгөртүү киргизилди.

Тиешелүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков 3-апрелде кол койгон. Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, илдетти жашырып башка кишилерге жапырт оору жугузган учурда жашы жете электерге120 миң сомдон 140 миң сомго чейин айып салынат же 1,5-2,5 жылга эркинен ажыратылат. Ушундай эле эреже бузуу үчүн чоңдорго 260 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып салынат же 2,5-5 жылга соттолот.

Акыркы учурларда Бишкекте карантиндин талабын аткарбагандыктан жана кенебестиктен вирус жайылган учурлар көп болуп жатканын калаа башчысы Азиз Суракматов да белгилеген.

Азиз Суракматов.
Азиз Суракматов.

«Карантиндин талаптарын аткарбай коюу коронавирустун жайылышына алып келүүдө. Мен эки гана мисалды айтып берейин. Бишкекте бир таксист бул илдетке чалдыкканын билбей жүрө берип, аялына, кыз-күйөөсүнө, эки уулуна жана бир небересине вирус жугузган. Дагы бир адам ооруну үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсүнө жугузуп алган. Мындай учурлар өтө көп».

Каракол шаарында 22-мартта Индиядан төрт айлык дааваттан келген адамдан коронавирус табылган. Ал кимдер менен жолугушканы тууралуу маалымат бербегени үчүн вирус аныкталган киши жашаган 52 батири бар көп кабаттуу үй карантинге алынып, эшиктерине кулпулар салынган.

Кыргызстанда коронавирус жуккандарды аныктоо, жакын туугандарын табуу жана алар менен контактта болгондорду издеп анализ алуу боюнча атайын топ иштеп жатат. Ошол топтун мүчөсү, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын биология генетика жана паразитология кафедрасынын окутуучусу Курсанбек Раимкулов оорунун мындан ары жайылышынын алдын алуу боюнча кеңеш берди.

«Кээ бир жарандар ооруп жатканын билип туруп, бирок аны айтпай жатканы туура эмес. Эгерде сиздин дене табыңыз көтөрүлүп, дарыгерлер айтып жаткан оорунун белгилери байкалган болсо дароо медицина кызматкерлерине кайрылыңыз. Мунун коркунучу жок. Болгону анализ тапшырасыз.

Адамдардын дарыгерлерге, мамлекетке кылган жардамы бул - карантиндин шарттарын туура сактап, оорунун алдын алуу иштерин кылып туруу. Ооруканадан качып, кимдер менен байланышта болгонун жашыруу жаман иш жана мыйзам алдында да жооп берүүгө туура келет. Бир адам ооруп жатканын билип дарыгерге кайрылса, ал вирустун жайылышынын алдын алат. Ал эми айтпай качып жүргөндөр вирусту үй-бүлөсүнө жана башка адамдарга да жуктурат».

Марттын аяк ченинен тартып Кыргызстанда COVID-19 вирусун өлкө ичинде жуктургандардын саны көбөйө баштаган. Илдетти биринчи жуктургандар менен байланышта болгондордун инкубациялык мөөнөтү бүткөндүктөн Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев элди эрежелерди сактоого чакырды.

Алмазбек Орозалиев.
Алмазбек Орозалиев.

«Бишкекте бир суткада коронавирус жуккан дагы 10 киши аныкталды. Ошондуктан айрыкча жакынкы эки жумада жана андан кийинки да адамдар менен мүмкүн болушунча байланышты азайтып, үйдө болушуңуздарды суранам».

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпаш үчүн 25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал тартиби киргизилген. Ал 15-апрелге чейин күчүндө болот.

18-марттан 8-апрелге чейин Кыргызстанда COVID-19 вирусу 270 адамга жукту, алардын төртөө каза болду, 25и айыгып чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG